www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акыркы 48 саатта Израилдин Газа тилкесине жасаган чабуулдарынан каза болгондордун саны эки адамга көбөйүп, жалпы набыт болгондордун саны 70 669га, ал эми жаракат алгандардын саны 171 165 адамга жетти.

Бул тууралуу Газанын Саламаттыкты сактоо министрлигинин билдирүүсүндө айтылганын Anadolu агенттиги жазды.

Маалыматта айтылгандай, Израилдин чабуулдарынан каза болгондор жана жарадар болгондор, ошондой эле талкаланган имараттардын урандыларынын арасынан табылган сөөктөр тууралуу кеңири маалымат берилген.

“Билдирүүгө ылайык, акыркы 48 саатта урандылардын арасынан эки палестиналыктын сөөгү табылды. Мындан тышкары, дагы 14 жарадар болгондор ооруканаларга жеткирилди”, – деп айтылат маалымсатта.

Тараптардын ортосундагы ок атышууну токтотуу күчүнө киргенден бери Израилдин кол салууларынан 395 адам каза болуп, 1088 адам жаракат алган. Мындан тышкары, урандылардын арасынан 634 жабырлануучунун сөөгү табылды.

Эскерте кетсек, 2023-жылдын октябрь айында Израилдин Газа тилкесине кол салуулары башталгандан бери каза болгондордун саны 70 669га, ал эми жаракат алгандардын саны 171 165ке жетти.

Последние новости