www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Тажик тараптын кол салуусунан турак жайы талкаланып, өрттөлгөн тургундар жаңысы салынганга чейин мектептерде жашап турат. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлү Абдикарим Алимбаев билдирди.
"Мектеп директорлоруна чек аралаш айылдардан баргандарды эч бир тоскоолдугу жок жайгаштыруу боюнча тапшырма бердим", — деди Алимбаев.
Ошондой эле мамлекеттик комиссия жаңы курула турган үйлөрдүн долбоорун айылдыктарга көрсөтүп, аларды канааттандырганын белгиледи.
Эскерте кетсек, Баткенде тажик тараптын баскынчылыгынан 618 турак жай талкаланган, анын 453ү кайра курулат. Калган 165 үй капиталдык оңдоодон өткөрүлмөкчү. Учурда чек ара чегинде кыйраган үйлөрдүн орду тазаланып, курулуш иштери башталууда. Президент Садыр Жапаров турак жайлар жаңы жылга чейин салынып бүтүшү керек деген тапшырма берген.
Булак: NazarNews.kg