www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары бүгүн кезектеги сессиясында борбор калаага карата үйлөнүү үлпөт жана мааракелерге карата талаптарды бекитти.

Жобого ылайык үйлөнүү тоюна, мааракелерге 250гө чейин адам катыша алат. Бирден ашык эмес жылкыны же үч баштан ашык эмес майда малды союуга жол берилет.

Маркумду көмүүгө даярдоо жана көмүүгө байланыштуу иш-чаралар чексиз сандагы адамдардын катышуусу менен үч күндөн ашпаган мөөнөткө жүргүзүлөт. Бодо малды/жылкыны союуга болбойт.

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге үй-бүлөлүк, юбилейлик салтанаттарды жана эскерүү иш-чараларын ири суммадагы акчаны жана башка ашыкча чыгымсыз өткөрүү, жалпы кабыл алынган моралдык-этикалык нормаларды сактоодо жарандарга үлгү болуу сунушталат. Майрамдарды тууган-туушкандардын жана жакын туугандарынын чөйрөсүндө өткөрүү сунушталат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости