www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абулгазиевдин айрым кадрдык тандоолоруна ичибиз чыкпаса да, аз күн мурдагы
дайындоосу кубандырды.

Дегенибиз, Салык кызматынын башчылыгына Кабыл Абдалиевди дайындоо менен туура чечим
кылганын айткыбыз келди.

Кабыл мырза кээ бирлердей салык системасына адашып келип калгандардан эмес. Кесипкөй салыкчы, башына жүн
чыккандан бери салык системасында иштеп, тармактын аки-чүкүсүн эң жакшы билет. Буга чейин да салык тармагын
башкарып, салыктарды бюджетке түшүрүүдө өзүнүн мыктылыгын көрсөткөн жайы бар. Салыкчылар анын батылдыгы,
чечкиндүүлүгү, иштин көзүн билгендиги, системаны жакшы түшүнгөндүгү менен айырмаланган жетекчи экенин айтып
сыпатташат.

Не дейбиз, салык кызматында бир күн иштебеген Теңизбек Абжапаров салык кызматына төрага болуп келгени иш
ордунан жылбай, артка кетип атканы айтылып аткан. Эми Кабыл мырза бул кемчиликтерди жоюп, ишти жөнгө салуу
менен салыктарды жыйноодогу планды ашыгы менен аткарат деген ишенимибиз чоң. Андыктан Кабыл мырзанын ишине
ийгилик гана каалайбыз!, деп “Майдан. kg” гезити жазган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости