www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Маркумду жерге тез берүү керек болгондо, кол менен казуу кыйынчылык болгон учурда кабырды экскаватор менен казса болобу?. Бул суроого экс-муфтий Чубак Жалилов жооп берди.

"Албетте, болот. Казуу кандай гана жолдо болбосун кабыр казылган болсо эле эсеп. Ошондуктан, убакыт тартыш болгон күндөрү деле, тартыш эмес күндөрү деле экскаватор же болбосо ошол сыяктуу атайын техникаларды колдонууга шарият уруксат берет.

Кыргыздын салтында кабырды казганда өтө чоң казып көнүп алышкан. Ушундай учурларда жайды кичирейтүү керек. Маркум бата турган деңгээлде гана чакан кылып, сырткы казанактан сөөктү ичине киргизип туруп, үстүнөн кирпич менен тизип жаап коё турган болсо ошол дагы жетиштүү", - деди ал.

Эске сала кетсек, 7-июлга карата коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 8141ге жетсе, анын 2916сы сакайып кеткен. Ал эми көз жумган бейтаптардын саны 99ду түздү. Ошону менен катар өлкөбүздө пневмония оорусунан каза болгондордун саны да кескин өсүп кеткен. Март айынан бери пневмониядан каза болгон адамдардын саны 224 адамга жетти.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости