www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Таш-Көмүр ШИИБи тарабынан шаар аймагында коронавирус илдетинин алдын алуу максатында иш-мерчемдер түзүлүп, тиешелүү органдар менен биргеликте түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чаранын алкагында базарлар, соода түйүндөрү, эс алуучу жайлар, банктар текшерүүгө алынып, сатуучуларга эл менен иштешүүдө этият болуу керектиги эскертилди.

Жугуштуу илдеттин жайылышын болтурбоо үчүн ар бир жаран санитардык нормаларды, жеке гигиенаны сактап, медициналык каражаттарды жанына алып жүрүү азыркы учурдун талабы экендиги жеткирилди. Коомдук транспорт жана такси айдоочуларына унаага адам салууда бет кабы жокторду чыгарбоо жана автоунааны дезинфекциядан өткөрүп туруу зарылдыгы айтылды.

Мындан сырткары үй карантинде жаткандарга белгиленген тартипти так сактоо керектиги эскертилди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости