www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алмазбек Атамбаев Кыргызстандан чыгып кетеби?

“Манас” аэропортуна санавиациянын бир канча атайын учактары учуп келишкен. Бул тууралуу “Твиттер” колдонуучулары жазып чыкканын Media-center.kg сайты жарыялады.

Алардын айтымында, учактар Нюрнбергден чыгып, Бишкекке кечээ түнү конгон.

“Твиттер” колдоонуучусу: “Бомбардье 604 учагы COVID-19 менен ооруган бейтаптарды ташууга атайын ыңгайлашкан учак. Тактап айтканда "Тез жардам" учагы. Учак керектүү жабдуулар менен камсыздалган”, – деп билдирүү калтырган.

Ал эми социалдык тармактын айрым колдоонуучулары Бишкекке келген санавиациянын атайын учактары мурунку президент Алмазбек Атамбаевди алып кетүү үчүн келген деген маалыматтарды жазган. Учурда бул жаңылыктын канчалык деңгээлде чын экени такталууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости