www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Парламенттик шайлоолор жакындаган сайын жарышка чыгууга дарамети бар саясатчылардын башынан ылдый куюлуп жаткан ыпылас «компроматтардын» агымы да ошончолук күч алууда. Арийне, ачыкка чыгып кетип, коомчулукка жеткен чуулгандуу окуялар атамекендик айрым саясатчылар менен ишкерлердин чыныгы жүзүн көрсөтүүдө. Бирок алардын натыйжасы жаңжалдардын «уюштуруучулары» каалагандай болбой калууда. Мындайча айтканда, таскагы катуу чыккандарды такымга тепмей максатына жетпей да жатат. Анткени алардын баары эле ыпылас жол менен байлык топтогон эмес, аты да таза. Маселен, акыркы кездерде КСДПнын Жогорку Кеңештеги фракциясынын экс-лидери, ири ишкерлердин бири Чыныбай Турсунбековдун ысымын өйдө-ылдый «чайкагандар» арбыды. Акыйкат үчүн күрөшөбүз деген жазмакер-журналисттерде «күтүлбөгөн жерден» бул саясатчы мынча бизнести кайдан алган, байлыгын кантип топтогон, кандай мыйзамдарды бузган деген кызыгуу пайда болду. Тагыраак айтканда, кеп Бишкек арак-шарап чыгаруучу завод туурасында жүрүп жатат. Бир кезде шакылдап, ийгиликтүү иштеп турган бул ишкананын эми өлбөгөн төрт шыйрагы гана калган. Баягыдай иштеп, айлык, казынага салык төлөп турууга чамасы жок. Мунун себеби эмнеде? Ушул суроого жооп издеп, БАШЗнын бүгүнкү абалы туурасында кененирээк кеп кылалы деп турабыз. Биздин аңгемелешибиз - аталган заводду калыбына келтирсем деген ниети бар жаш ишкер, Чыныбай Турсунбековдун кичүү кайниси Жумгалбек Давлетбеков. Чын-чынына келгенде, «коррупциялык» жаңжалдарга ынтызар айрым активисттердин отуна май тамызган да так ушул Жумгалбектин заводду иштетем деген аракети болуп жатканын айта кетели. Эмесе мунун чоо-жайын анын өз оозунан угалы.

- Жумгалбек Давлетбекович, сиз кандайча БАШЗнын ээси болуп калгансыз?

- Чынын айтканда, мындай заводдун бар экенин да билчү эмесмин. 2011-жылы «Акун» компаниясына келген аукционго катышууга чакырган атайын администратордун катынан билгем. Бизден тышкары, чакыруу каттары «Айгюн Иншаат», «Авангард Стиль», «Артис Глобал», «Кока Кола Бишкек Боттлерс», «Кыргыз Коньягы», «Аталык Групп», «Сманов Алко», «Шоро», «Винград», «Компания АиС» деген ишканаларга да жиберилген экен. Бирок бул кат «Акун» сыяктуу эле аларды да кызыктырган эмес. Ырасын айтканда, «ак менен гана иштейбиз» деген эжем-жездемдин принциптери бар экенин да жакшы билчүмүн. Ошондуктан ичимдик продукциясы өзүн адамдарга саламаттык тартуулайбыз деп келаткан «Акун» компаниясынын максатына да коошпойт эле. Ошондо заводго сунуш кылынган алгачкы баа 133 миллион сом болчу. Суроо-талап болбогондуктан, аукцион да өткөн эмес. Көп өтпөй, баягыдай эле даректер боюнча чакыруу каты кайрадан келип, анда ишкананын баштапкы наркы 25%га төмөндөтүлгөнү айтылыптыр. Эжем менен жездемдин мындан баш тартканын эске алып, катты аларга көрсөткөн жокмун, бирок ичимден ойлонуп калдым. Анан завод туурасында болгон маалыматты чогулта баштадым. Ошол эле маалда россиялык кесиптештер менен да байланышып, алар мени алкоголдук ичимдиктерди чыгарган бир нече ири өндүрүшчүлөр менен тааныштырышты. Мен аларды ушундай ишкана бар экени жана сатыкка коюлуп жатканы туурасында кабардар кылып, алдын ала маалымат да жөнөттүм. Бул заводдун өндүрүшүн калыбына келтирүү идеясы ошондо пайда болгон. Анан заводдун баштапкы наркы 50%га төмөндөтүлгөнү туурасында үчүнчү кат келгенде, менде россиялык өнөктөштөрдүн долбоорго сөзсүз катышабыз деген макулдугу бар болчу. Мындай долбоорду албетте жалгыз өзүм тарта алмак эмесмин.

- Сиз атайын администратор заводду эмне үчүн өзү ишке киргизе албаганына кызыккан жоксузбу?

- Ооба, сурасам, себеби жөнөкөй эле болуп чыкты. 60-жылдары орнотулган жабдуулардын эчак тамтыгы чыгып, толугу менен жараксыз абалга келиптир. Аракет кылып, бирок иштете алышпаптыр. Баса, завод аукцион болгонго чейин тээ 1999-жылы эле соттун чечими менен банкрот деп жарыяланган экен. Анан мен зарыл документтердин баарын даярдап 5% өлчөмүндөгү күрөө суммасын төлөдүм да, белгиленген убакта аукционго келдим. Аукционго менден башка дагы бир аял катышкан. Комиссияда адамдар көп болчу. УКМК, салык, соцфонд айтор, ондон ашык киши отурган. Анткени БАШЗ мамлекеттик мекеме-ишканаларга өтө көп карызга да баткан экен. Жыйынтыгында «БАШЗ» ЖЧКнын 100%дык үлүшү 66 млн. 600 миң сомго сатылып, аласалар дароо эле жокко чыгарылган.

- Кызык, башка компаниялар аукционго катышуудан эмне үчүн баш тартышты экен?

- Бул заводго, тагыраак айтканда анын участогуна кызыккандар абдан көп болгон экен. Аны сатып алсак деген жогорку мансаптуу аткаминерлер, ири саясатчы-ишкерлер көп болуптур. Бирок алардын бирөөсүндө да заводдун өзүн кайра калыбына келтирсем деген ой болгон эмес. Кептин баары завод турган жер аркылуу ордунан жылдырууга түк болбогон стратегиялык коммуникациялардын өткөндүгүндө. Мындайча айтканда, бул жерде бир нерсе курууга, котлован-чуңкур казганга болбойт. Ошондуктан курулуш компаниялары бул жерге кызыкпай калган. Ал эми алкоголь чыгарган компаниялар болсо бул ишканага оңбогондой ири инвестиция жумшоо керек экенин жакшы түшүнгөндүктөн буга даяр эмес болушса керек.

- Демек, мындай акча сизде болгон экен да?

- Мен кедей киши эмесмин, бирок мындай акча менде жок болчу. Жетпеген сумманы карызга сурап эжем менен жездеме кайрылдым. Өзүмдүн бизнесимди ачайын деп чечкенимди да айттым. Эми муну Чыныбай Акуновичке жок жерден байлап, саясатташтырып жатышат. Баса, керектүү акчаны карызга берип жатканда Чыныбай Акунович ошондо эле муну да мага «жабыштырышпаса» экен деген. Билгендей айткан экен...

- Анан инвесторлор кайда же сизди алдап кетиштиби? 

- Жок, алдашкан жок, бирок кызматташтык болбой калды. Анткени Жогорку Кеңештин трибунасынан Камчыбек Ташиев «Турсунбеков заводду пара берип арзан менчиктештирип алды» деп кыйкырып чыккан. Жездем аны ар-намысына шек келтиргени үчүн сотко берип утуп алган. Ташиев кечирим сурап, айып пулун төлөгөн. Бирок эстафетаны Мавлян Аскарбеков деген «активист» илип кетип, митинг, пикеттерди, нараазычылык акцияларын уюштуруп, акционерлердин кызыкчылыгы тебеленип жатат, заводду сатуу мамлекетке зыян келтирет, тиги-бу деп кыйкырып, Чыныбай Турсунбековдун атын да оңду-солду айтып жүрдү. Кызыгы, аны менен кошо митингге чыккандар ким экендери белгисиз болуп, заводдо иштегендер кайдагы бир көчөдө жүргөндөр митинг кылышып, иштетпей жаткандарына нааразы болуп жүрүштү. Аскарбековду мен тааныбайм, эмне максаты бар экенин да билбейм. Эң башкысы, жок жерден чыккан ызы-чуудан улам россиялык инвесторлор кетип калышты. Ага чейин алар өздөрүнүн технологдорун бир канча жолу жиберишип, кандай жабдууларды сатып алуу боюнча эсептерин жүргүзүшкөн. «Белуганын» деңгээлиндеги элиталык сапаттуу арак чыгарууну максат кылышып, бир канча миллион доллар инвестиция салууга даярданып жатышкан. Продукция экспортко кетмек. Ошондуктан Аскарбековго «чо-оң рахмат» айтып коюш керек. Жогоруда айткан маселелерден тышкары жер салыгын төлөө, иштегендердин айлыктарын берүү маселелерин да чечишим керек эле. Ал эмес, мага сатылганга чейин иштен бошотулгандарга компенсация төлөп берүү сыяктуу кошумча көйгөй да жүктөлгөн болчу. Заводдун жамаатынын өзөгү болгон адамдарды, маселен, технолог ж.б. адистерди да сактап калыш керек эле. Ошондуктан ушул сыяктуу курч маселелердин каржылык жагын чечиш үчүн аны беш жылга ижарага берүүгө аргасыз болгом. Быйыл аренданын мөөнөтү бүтөт деп даярданып, өнөктөштөрдүн жардамы менен түрк инвесторлорун да тапкам. Негизи буюрса, ижара мөөнөтү аяктаары менен ишти баштасак деп турганбыз. Бирок какаганга муштаган болуп, дагы бир кыйкырчаак активист Мелис Аспеков деген чыга келди. Буга да «ыракмат» айтып: коюш керек. Негизи бул активист мени менен эмес, Чыныбай Акуновичтин өзү менен жүз көрүшүп сүйлөшмөк экен. Айтымында, аны бир нече жыл мурда Турсунбековдун жеке буйругу боюнча абакка отургузушкан имиш. Эми парламентке баргым келет, бирок аны үчүн соттолгонумду алып салуум керек, ага болсо акчам жок дейт. Ошондуктан аны «отургузуп коюуга» тиешеси бар адам катары Турсунбековдон 11 миң доллар алып, ага соттордун «оозун жапмак» экен. Ток этерин айтканда, Аспеков Чыныбай Турсунбековду шантаж кылып акча өндүргүсү келет.

- «Эр» экен го?..

- Кайра-кайра телефон чалып акча дооламайын, «мен депутат болушум керек» дегенин токтото элек. Менин өкүнгөнүм, ушундай адамдар колдон-буттан тартып иштетпей жатат. Бир кезде Кыргызстандын даңкын чыгарган уникалдуу завод болсо, төлөгөн салыгы жок, бюджетке, экономиканы өнүктүрүүгө салым кошо албай ошол бойдон токтоп турат. Активисттердин айынан инвестордон да кол жуудук. Заводду да калыбына келтире албай аргабыз куруп турат. Заводду мен алсам да жездемдин аты менен байланыштырып, муну саясатка айлантып жатышат. Бизде укук коргоо органдары, ишкерлердин укугун коргогон акыйкатчы да бар. Ак-караны калыс ылгап, ушуга окшогон активисттерди тыйып койгонго кудуреттери жетпей жатканына таңмын. Президент, өкмөт башчылар ишкерлерге бейиш курам деп жатышса, тигилерге окшогондор бейиш эмей эле, тозок кылып жатышпайбы...

Батыр МУРЗАКАДЫРОВ

Булак: "Фабула"

 

 

 

 

Последние новости