www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Убакыт учкан куштай закымдап баратат, бир гана Ош шаары эмес, кыргыз элинин батасына татый баштаган Мырзакматов мырзанын ысымы унутула баштадыбы же ушул парламенттик шайлоодо эскерилеби? Мырзакматов Атамбаевдик бийликке баш ийбей тѳрт жылга жакын убак Ош шаарын жетектеп турду. Борбор калаанын мэри Иса Өмүркулов Атамбаевдин дасторконуна даамдууларды ташып жатканда, Ош шаарынын элине мамлекеттик бюджеттен Атамбаев бербесе койсун, деп өз кызматын курмандыкка чалып эл үчүн иштеп берген Мырзакматов канча жылдан бери элден алыстап турат. Эмне үчүн анын жалган соттолгону төгүндөлүп эл алдына келбейт?

 Ош козголоңунда жаңы төрөлгөндөр учурда тогуз-он жаштагы балдар. 2010-жылы биздин аталарыбыз эмне ʏчʏн курман болушкан деп суроо беришсе ким жооп бере алат? Атамбаев эмне деп жооп берет?  “Мен бийликке жетиш ʏчʏн миӊ адамды курмандыкка салайын дегем. Аттиӊ аз болуп калды “ – дейби, анткени Кулов бул тууралуу китебине жазып чыккан. Же чындыгын айтабы: “Силердин атаӊар мен бийликке келишим ʏчʏн каза болгон. Мен бийликке келдим, бирок эч нерсе ѳзгѳрбѳгѳнʏн мойнума алам, Бийликти мен алмаштырдым, калган эч нерсе ѳзгѳргѳн жок” -дейби?

Мырзакматов  тѳрт жыл ичинде Ош шаарында мэр болуп туруп шаардыктар ʏчʏн жеӊин тʏрʏнʏп иштеп берди. Татыктуу жооп бере алды. Калыстык менен ʏйʏ ѳрттѳнгѳндѳргѳ ʏй салынып берилди, мэрдин аталык камкордугуна кабылган Ош шаарынын тургундарына башка бардык кыргыз мамлекетинде жашагандар суктанса болот. Атамбаевдин бийлиги учурунда колго алынып даярдалган мыйзам боюнча бир жолу бюджетте айлык акыны кѳтѳргѳн. Болду. Андан соң Атамбаевдин бюджети айлык акыны кѳтѳрʏʏгѳ келгенде “уктап калды”. Ал эми инфляция деген киспуруш уктабайт экен да. Бул жетим кыргыздарга ѳчѳшʏп алды, кʏн сайын эмес, саат сайын албууттанып ѳсʏп турду.

Мырзакматов мэр болуп турганда инфляциянын ѳсʏшʏнѳ жараша бюджеттен айлык акыны кѳтѳрʏп турду. Ош шаарына Кыргызстанда жок эстакада кѳпʏрѳ курууну ойлогон. Аны аягына чыгарбай мэрлик кызматтан сʏрʏп салышты. Ал эми Оштун мэри Мырзакматов Атамбаевдин “Тендербайларын”  тоготпой, тендерге катыштырбай койгону ʏчʏн, Сарпашеви Карашевди жетелеп алып, Ошко жылаӊайлак чуркап жʏрʏп, Мырзакматовдун мэрлик кызматына кѳр казып жиберген. Оштун кайра куруу боюнча ойлогон, Ош – Бишкек жолунан, Ош - Жалал-Абад  курулушунун эсебинен чирип байыган “мамлекеттик деӊгээлдеги прораб” Жантѳрѳ Сатыбалдиев бул курулушту Бишкектин сунушу менен көзөмөлдөп, элди ойлобой өз капчыгын ойлоп, көп элди кан-какшатты. Бийлик алмашкан соң Мырзакматовдун да эл үчүн жасаган аракеттери туура бааланышы керек эле...

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

Последние новости