www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 25-ноябрда Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында «Кыргыз Республикасынын аймагына балык уулоочу синтетикалык торлорду, электр менен кармоочу тутумдарды алып келүүгө, өндүрүүгө, даярдоого, сатууга жана пайдаланууга тыюу салуу жөнүндө» мыйзам долбоору 2 –окууда каралып, жактырылды. Демилгечилер - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Ж.Турускулов, Б.Турусбеков. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы билдирди. 

Бүгүнкү күндө колдонулуп жаткан балык уулоочу торлор даярдалган синтетикалык материалдар бекем, сууда чирибейт. Баасы 100 метри 300 сом болгон торлор браконьерчиликке дагы кеӊири жол ачууда. Көлдөр менен көлмөлөргө ташталган мындай арзан торлорго балыктар тыгылып, канаттуулар чырмалып, өлгөн жаныбарлардын топтолушуна, экологиялык абалдын бузулушуна алып келүүдө. Ошондон улам, мындай каражаттарга тыюу салуу демилгеси сунушталууда.

Аталган мыйзам долбоору менен республика аймагына балык уулоочу синтетикалык торлорду, электр менен кармоочу тутумдарды алып келүүгө, өндүрүүгө, даярдоого, сатууга жана пайдаланууга толугу менен тыюу салуу каралууда. Долбоору аркылуу юридикалык мааниге ээ болгон айрым бир түшүнүктөр мунушталууда. Алсак, «балык уулоочу синтетикалык торлор», «электр менен кармоочу тутумдар» сындуу жаӊы түшүнүктөр киргизилүүдө.

Талкуу жүрүшүндө комитет депутаттары синтетикалык торлорду, электр менен кармоочу тутумдарды алып келип, пайдалангандарга кандай жоопкерчиликтер каралаарына кызыгышты. Демилгечи Ж.Турусукулов бул багытта КР Жазык, Жоруктар жана Бузуулар жөнүндгү кодекстерге трүзөтүүлөр киргизип жаткан мыйзам долбоору иштелип чыгып, эл өкүлдөрүнүн кароосуна сунушталгандыгын маалымдады. Мындан сырткары, комитет өлкөнүн экологиялык коопсуздугун сактоо максатындагы маселелерде жоопкерчиликти күчөтүү зарылдыгын белгилешип, бири-бирине байланыштуу эки мыйзам долбоорун эртелетүү керектигин билдиришти.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости