www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Атамбаев Кадыржан Батыровго телефон чалып, "2-3 адамды өлтүрүп койсоңор эч нерсе болбойт, баштагыла" деп айткан", - деди бүгүн, 3-сентябрда NazarNews маалымат агенттигине укук коргоочу Качкын Булатов.

- Качкын агай, эмнегедир 2010-жылдагы июнь коогалаңы үчүн Текебаевди жоопко тартыш керек деген маселе көтөргөндөр бар. Негизи каргашалуу ал окуя үчүн кимдер жоопкерчиликке тартылышы керек?

- 2010-жылдагы түштүк коогалаңы үчүн Текебаевди жоопкерчиликке тартыш керек деген анча туура эмес. Анткени, Текебаев ал мезгилде маанилүү постто турган эмес. Чынында 2010-жылдагы окуя үчүн жоопкерчиликти Атамбаев алышы керек. Себеби, Атамбаев Кадыржан Батыровго телефон чалып, "2-3 адамды өлтүрүп койсоңор эч нерсе болбойт, баштагыла" деп айтканы бар. Атамбаевдин телефон менен сүйлөшкөнү чындык. Бул фейк маалымат эмес.

Ошондой эле Эмилбек Каптагаев аппарат башчы болуп турганда Кадыржан Батыров эң көп Атамбаевге жолуккан деп айтып жатат. Ошондуктан июнь коогалаңынын башында Атамбаев турат деп түшүнсөк болот. Керек болсо, Атамбаевди мына ушул маселе боюнча жоопко тартыш керек. Бийлик эмнеге кечеңдетип жатканына таңгалып жатам. Чынында эчак эле муну ордуна коюп, жоопкерчиликке тартыш керек болчу.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости