www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Бирөө кечерге кечүү таппай атса, бирөөлөр ичээрге суу таппай жатат» деген кыргыздын сөзү эске түшөт. Ошентсе да учурдагы каатчылык жанга батты. «Быйылкы кургакчылыктын айынан күзгү түшүмдүн начар болору алдыртан болжонууда. Бул боюнча укук коргоочу Качкын Булатовго азык-түлүк кризиси, кымбатчылык күчөсө, саясый кырдаалдын чыңалышына өбөлгө түзүлбөйбү?» деген собол таштадык.

- Баарын көрүп жатабыз. Улам-улам өкмөт алмашып, канчалык алмашкан сайын эл арасында баркы кетип калды. Же ар бир жаңы келген өкмөт тыңгылыктуу иш алып барбай, жеке кызыкчылыкты көздөп атышпайбы. Анан кантип биз каатчылыкка капташпайбыз? «Суу жок, тоодон эрибей жатат» дегенге жеке мен ишенбейм. Суу бар, аны болгону туура бөлүштүрүп, дыйкандарды камсыз кыла турган аткаруу бийлиги иштеген жок. Керек болсо алардын бул көйгөй менен баштары ооруп, тааныштыгы бар экенинен да күмөнүм бар. Дыйкандарды жада калса күйүүчү май менен толук кандуу камсыз кылбай жаткандан кийин башкасын айтып не кылабыз? Эң орчундуу маселе – ар бир министрликте дасыккан жумушчу эксперт топтору жок. Алсак, айыл чарба министрлигинде «быйыл буудайды кай жерге, арпаны кай жакка, кызылча, сабиз канча гектардан, сугат маселеси кандай болот?» деп анализ кылып, ошого жараша ишти алып кетүү алдыртан пландары болуусу керек эле. Андайы байкалбайт. Баягы «кимди ким көрдү, Быржыбайды там басты» деген көрүнүш. Ар бир дыйкан же фермер алына жараша башаламан иш алып барууда. Ырааттуулук жок. Анткени, биздин өкмөт шалаакы. Анан кантип азык-түлүк каатчылыгы болбосун? Бийликтегилер азыртан ушуларды эске алышып, тийешелүү чараларды көрбөсө, саясый кырдаал күн санап чыңалат, керек болсо жарылууга апкелет!

Булак: Азия News гезити

Последние новости