www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Садыр Жапаров Кумтөрдүн былыгын чыгарганда аны көптөр жокко чыгарган", - деди бүгүн, 18-майда NazarNews маалымат агенттигине укук коргоочу Качкын Булатов.

- Качкын агай, айрымдар «Центерра» оңой эле жеңиле койбойт. Алар жок эле дегенде мамлекетке будуң-чаң салып, бийликтин айласын кетире турган жолдорду табышат. Ачыкка чыкпаган акционерлерди бийликке тукурушат деген кептерди айтылууда. Ошентиши мүмкүнбү?

- «Центерра» бийликти өз ыгына көндүрүш үчүн түрдүү амалдарды колдонот. Ошондой эле, Амангелди Муралиевге окшогондорду сатып алып, «Центерранын» ыгына көнгүлө, болбосо сотто утулуп, 3-4 миллард доллар төлөмөй болобуз деген сөздөрдү айттырышат. Кыскасы, бийликке каршы болгон саясатчыларды дагы колдонот.

Буга чейин Кумтөр керек болсо криминалдарга чейин сатып алышкан. Ошон үчүн бийлик катуу туруп, экологияга келтирген чыгымды калыбына келтирип беришин талап кылып, булардын башка амалдарына алданбашыбыз керек.

Айтмакчы Садыр Жапаров Кумтөрдүн былыгын чыгарганда аны көптөр жокко чыгарып, жалган маалыматтарды айтып жаткандай түр көрсөтүшкөн. Азыр ошолордун баарын жоопко тартып, «центеррадан» акча алганы үчүн ошондой коомдук пикир жаратууга аргасыз болушканын ачыкка чыгарышыбыз керек. Анткени, алар элдин башын айлантып, мамлекеттин кызыкчылыгын акчага сатышкан.  

- Эмнегедир депутаттык комиссиянын кортундусунда Сапар Исаков түзгөн келишим тууралуу да сөз болду. Ал түзгөн келишим эмнеси менен опурталдуу болгон?

- Сапар Исаков кол койгон келишимде экологияга 300 млн. доллар талап кылынып жатса, аны 50 млн долларга түшүргөн. Ошондой эле, Сапар Исаков пайдалуу келишим деп элди соороткону менен ал келишимди ачыкка чыгарышкан эмес. Тагыраагы, экологияга доо койбойбуз, кокус маселе жаралса, кыргыз өкмөтү силердин таламды талашат деген ойду камтыган келишимге кол койгон.

Мына «Центерра» азыр ошол келишимдерди жана Бакиевдин учурунда түзүлгөн макулдашууларды бетине кармап, биз аларга кыянатчылык кылып жаткандай кабылдап, экологияны талкалаганын эсепке албай, эмгектери күйүп кеткенсип эл аралык сотко кайрылганы кызык болуп жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости