www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жер планетасы улам кичирейип баратканы тууралуу илимпоздор жанын кейите какшана баштады. Ар бир аяты көптөгөн маанини камтыган Куранда Жер планетасынын кичирейип баратканына да баа берилген. Куранда бир эле аяттын көптөгөн маанилери бар, анда жер ааламдын борбору, жерди кош мүйүздүү өгүздөр көтөрүп турат. Качан мүйүзүнөн мүйүзүнө оодарган мезгилде жер силкинет деген маалыматтар бар. Биз көбүнесе бул аяттардын сырткы мааниси менен эле чектелип калып кетебиз. Мезгилдин өтүшү менен, илим-техниканын өнүгүшү, жаңы ачылыштардын ишке ашуусу менен Куран аяттарынын улам жаңы маанилери ачыкка чыгууда. Илимий жактан эле эмес, андан башка дагы тармактарга тиешелүү болгон маани маңыздарды өзүндө ташып жүрөт. Жашы 1400 жылдык болгонуна карабай барган сайын жаңырууда, жашарууда.
Бүгүн дагы Курандан эки илимий тараптан ачыкталган аятты карап көрөлү. Анбия сүрөсүнүн 44-аятында кудай мындай дейт: “Алар көрбөй жатабы, биз жердин айлана-тегерегин жонуп, кыскартып жатабыз го?!” (Анбия сүрөсү 44-аят) Ушул эле курандын Раад сүрөсүнүн 41-аятында болсо: “Биз жерге келип, ар тарабынан кыскартып жатабыз.” (Раад сүрөсү 41-аят) - деп айтат. Албетте бул аяттар өзүнө көптөгөн маанилерди камтыйт.
Ал маанилердин бирөөсүн, илимий жагын карап көрөлү. Биринчи аятта “жердин айлана тегерегин кыскартып жатабыз” - десе, экинчи аятта “ар тарабынан кыскартып жатабыз” - деп жатат. “Кыскартып жатабыз” - дегенде эмнени түшүнөбүз. Геодезиянын, геономиянын көз карашы менен карап көрөлү. Жер шарынын экватор сызыгы боюнча радиусу 6378,5 км, полярдык радиусу болсо 6357 км. Экөөнүн ортосунда айырмачылык дээрлик 0.3% болуп саналат. Аяттарда “кыскартып жатабыз” - дегенде ушул айырмачылыкка ишарат кылып айткан… Бүткүл жагы бирдей болгон жок. Түндүк жана түштүк уюлдар бир аз жалпагыраак болсо, экватордук жагы бираз узунураак, жоонураак. Айрыкча бул аяттарда. “Кыскартып жатабыз” - деп айтууда. Эмне үчүн өткөн чак менен “Кыскарттык”, “Кыскартканбыз” - деген жок. Эмне үчүн учур чак менен “Кыскартып жатабыз” - деп айтууда.
Демек аяттын айтуусу боюнча кыскартуу иши дагы деле уланып жатат. Токтогон жок. Эгерде “кыскарттык” - деп койгондо жер шары жаратылган күндөн бери эч өзгөрүүсүз турат деген мааниге келип калмак. А “Кыскартып жатабыз” - сөзү болсо белгилүү бир мөөнөттүн ичинде ишке ашкан бир абалды туюнтууда. Башкача айтканда кыскартуу токтогон жок, дагы деле болуп жатат. Курандын бул кереметтүү фактылары учурда илимий жактан да көрүлүп тастыкталууда. Жер шарынын түндүк уюл жактан радиусунун кыска болуусу учурда да уланып жатат, кыскарып жатат. Тээ мурда кыскарып калган, ошол бойдон токтоп калган жок.
Тескерисинче азыр да кыскарып жатат. Процесс дале уланууда. Ошол эле кезде жер шары жаратылган убакта азыркыдай абалда эмес болчу. Убакыттын өтүшү менен айланасы кыскарып олтурган. Аяттарга дагы башка бир өңүттөн карап көрөлү. Космостук чаңдар бул - космостон жер бетине түшкөн чаңдар. Жер бетине күнүнө 60 тоннадан 100 тоннага чейин космостук чаңдар түшүп турат. А жылына 25-40 тоннага чейин чаңдар түшүп турат. Натыйжада жердин массасы көбөйө берет. Бирок бул чаңдар жердин айлануусунун натыйжасында кайра эле космоско көтөрүлүп кетет. Жердин массасы кайра азайып турат. Аяттардагы кыскартуу бул процесске да кереметтүү түрдө ишарат кылууда. Бул аяттарда дагы башка бир илимий өңүттөн карап көрөлү.
Дүйнөлүк климаттын глобалдык деңгээлде жылышынын натыйжасында түндүк жана түштүк уюлдардагы муздар ээрип окендарды толтурууда. Толуп ташкан океан суусу болсо жер бетин акырындан каптап баратат. Натыйжада аятта айткандай жер бети азайууда, кичирейүүдө. Аяттарда бул процесске “ар тараптан кыскаруудабыз” - деп ишарат кылууда. Дагы башка жактан алып карай турган болсок “кыскаруудабыз” - сөзү жердеги кен байлыктардын барган сайын азайып, түгөнүп бараткандыгына ишарат кылат. Эки аяттын бир канча илимий чечмелениши ушундай.
1400 жыл мурун жер шарынын радиусу эмес, а түгүл жер шарынын формасы тууралуу да ой жүгүртө албаган доор эле. 21-кылымдын илим-техникасы араң ача алган илимий фактыларды 14 кылым мурун айтып коюу бул Курандын өтө көптөгөн кереметтеринин бири. Бул кыскаруулар тууралуу илим техника өнүккөн доордун биз жашоочулары да толук билбейт элек бу күнгө чейин.
Байыркы замандарда Жердин формасын аныктоого көп аракет жасашкан. Мисалы, индустар Жердин кебетеси лотос сымал дешсе, вавилондуктар аны суу курчап турган тегерек тарткан жалпак арал түрүндө эсептешкен…
Биздин заманга чейинки 6–5-кылымдарда Пифагор, Парменид жана Аристотель илимий жол менен аныктоого аракет кылган. Байыркы илимпоздордун көбү Жер Ааламдын борбору деп эсептешкен. 1543-жылы Коперник дүйнөнүн гелиоборбордук системасын илимий негизде аныктаган. Азыр ар кандай талаш-тартыштар болушу мʏмкʏн.
Арийне, биздин заманга чейинки VI кылымда эле байыркы грек окумуштуусу Анаксимандр биринчи географиялык картаны тʏзгѳн экен. Ал картага ошол мезгилде белгилʏʏ гана жерлер кирген. Суу менен курчалган жер шары жалпак тʏрʏндѳ берилген. Ал эми биздин заманга чейин III кылымда ошол эле мамлекеттин окумуштуусу Эратосфен жер шарынын ѳлкѳлѳрʏн бириктирген, кубаттуу географиялык картаны жана ʏч бѳлʏктѳн турган атайын китепти жазган. Ал китеп боюнча Жер шарынын чоӊдугу жана формасы, кургактыктын чеги жана океандар, жаратылыш аймактары жана климаттар ачык берилген.
Ал эми биздин заманга чейин II кылымда байыркы грек окумуштуусу Клавдий Птолемейдин тʏзгѳн географиялык картасы кийин он тѳрт жыл катары менен толукталып, колдонулуп келген. Кызыгы, ошол китеп миӊдеген жолу басылып чыккан. Птолемейдин эмгектери эмнеси менен баалуу болгон? Ал картасында ааламдын Атлантика океанынан Инд океанга чейин 8000 точкасын камтыган. Ага чейин эч ким жасай элек бул картада ѳтѳ тактык менен азыр колдонулуп жаткан градус торчолору киргизилген. Птолемей боюнча дʏйнѳ ʏч бѳлʏккѳ бѳлʏнгѳн Европа, Азия жана Ливияга бѳлгѳн. Африканы ал мезгилде Ливия деп аташкан. Аларды курчап турган Батыш (Атлантика океаны), Африка (Жер ортолук деӊиз) жана Инд деӊизи (Инд океаны) болгон. Ал мезгилдеги Европа, Азия жана Африканын тʏндʏгʏндѳгʏ анда белгилʏʏ дарыялар, кѳлдѳр, аралдар так берилген. Ал убакта белгилʏʏ мамлекеттерге жарым карта кеткен, ал эми анын тʏштʏк жагында абдан зор Белгисиз жер деген континент болгон. Карта чыгыш багытты кѳздѳй тартылган. Птолемейдин картасын он тѳрт кылым колдонууда болгон. Ушул мезгилде да жер тарыхий жактан баалуу.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg