www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Борбор калаанын чок ортосунда жайгашкан "Ала-Тоо" аянтынын жанындагы, тагыраак айтканда, Киев-Раззаков көчөлөрүнүн кесилишиндеги баннердин артына жашынган "кооз" имарат көптүн көңүлүн өзүнө буруп жаткан кези. Айталы дегенибиз, буга чейин шаар тургундары, албетте, сыртына баннер илинип турган имаратка артында баары ойдогудай көрүнгөн деген ойдо анчейин маани бербеген чыгар. Бирок кой, ай дегенге болбогон шамал жаап-жашырылып турган "кооз имаратты" ачып койду. Өлкөнүн борбору анан дагы калаанын чок ортосунда мындай имараттын турушуна ар ким түрдүү маанайда пикирлерди билдирип жаткан кези.
Өрттөлгөн имараттын баннер жабылып турган учурдагы сүрөтү
Учурда имаратты жаап турган баннер түшүп, калаанын көркүн бузуп турган чагы
Көпчүлүктү кызыктырган, анан дагы чубалган суроолорду жараткан бул имараттын тарыхына токтоло өтөлү.
Киев жана Раззаков көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан имарат мурда Башкы прокуратуранын кеңсеси болчу. Ал 2010-жылы апрель ыңкылабында белгисиз адамдар тарабынан өрттөлгөн. Имарат Бишкек шаардык муниципиалдык менчик башкармалыгына карайт.
Бул имараттын чоо-жайын билүү максатында Бишкек шаардык мэриясына байланышканыбызда төмөнкүлөрдү билдиришти.
"Азырынча бул имаратты демонтаж кылганга каражатка байланыштуу мүмкүнчүлүк жок болуп жатат. Ал жерге башка имарат салуу жана анын долбоору бар. Мындан тышкары жыртылып калган баннерди кайра жаңылоо боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп, ордуна жаңыртуу боюнча компаниялардын бири менен келишим түзүлдү. Алар жасап бермей болду. Учурда ченемдер алынып жатат. Эки аптанын ичинде кайра жаңы баннер илинет", - дешти шаардык мэриядан.
Маалымат үчүн:
Буга чейин, атап айтканда, 2020-жылы 10 жылдан бери багы ачылбай турган имарат оңдоп-түзөөдөн өтсө, бир жагына Бишкек шаардык кеңештин аппараты, бир жагында шаардык муниципалдык кызматтагылар отурарын калаанын экс-мэри Балбак Түлөбаев билдирген. Ошондой эле ал шаар мэринин милдетин аткарып жаткан учурда өрттөнүп кеткен башкы прокуратуранын эски имараты жайгашкан жерде долбоор-изилдөө иштерин жүргүзүүгө каражат бөлүү жөнүндө буйрук чыгарган.
Булак: NazarNews.kg