www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жакында президент Алмазбек Атамбаев, “курултай институтун колдойт элем”, деп айтып алды. Ооба курултай жөнүндө Курманбек Бакиевдин убагынан бери айтылып келе жатат. Бирок канчалаган аракеттер болуп жатса дагы курултайдын багы ачылбай, ишке ашпай келет.
Бүгүнкү күнү президент курултайды колдойт турган болгондон кийин, курултай институнун колдоочулары жандана баштады. Курултайдын лидерлери жобону токуп жатканда, курултайдын фүнкциясын КР. ЖК. функциясынан жогору койгондуктан, эл менен парламент чочулап бул акылга сыйбаган иш деп келишет.
Туура. Анткени парламент акыркы убакта өзүнүн функциясын жоготуп түп тамыры менен коррупцияга илешип, мамлекетти саясый жана экономикалык кризиске кептеп таштады. Чындап келгенде парламент уюшулган ууруга айланып, мыйзамдын чегинен чыгып баратышат. Парламент чектен чыгып уурулук, эки жүздүүлүк менен алек болушуп, элдин жашоосуна дагы тоскоолдук жаратып жатышкандыгы анык.
Мындай кырдаалда албетте ишке ашса Курултай институту орунга ылайык болот.
Себеби президент, өкмөт, парламент түп орду менен башкаруу формасы бузулду. Күч органы, Фискалдык орган, Прокуратура жана Сот мыйзамдын чегинен чыгып акча инструментке айланып калды. Ошол себептен курултай институту мезгил талабы жана элдин талабы.
Атамбаевдин жан талашып курултай институтун киргизип алса анда Атамбаев кайра Өлкөнү курултай институту менен башкара бергенге аракет кылып жатканы, бул бийликтин кетпеген бир формасы жана чоң аброю болуп калат.
Укук коргоочу Качкынбек Булатов
Булак: NazarNews.kg