www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ, 12-майда, Бишкекте  болгон “Таза шайлоо – стабилдүүлүктүн жана бийликти тынчтык жолу менен өткөрүп берүүнүн кепилдиги” аттуу форумдун катышуучуларына Өмүрбек Текебаев СИЗОдон доклад жазып, жолдогон. Аны депутат Аида Салянова орусча окуп берген. Ошол докладды кыргызчага оодарып берип жатабыз.

Өмүрбек Текебаев Кыргызстанда “суурдун күнү” келгенин белгилеп, бийликти узурпация кылуу жолуна парламентти бөгөт болууга чакырды. Ал Башмыйзамга жана КРнын мыйзамдарына ылайык парламенттик шайлоону уюштуруу жана өткөрүү жоопкерчилиги президентке жүктөлгөнүн, ал эми президенттик шайлоону уюштуруу жана өткөрүүнүн саясый жана юридикалык жоопкерчилиги толук кандуу мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку органы катары Жогорку Кеңешке жүктөлгөнүн эскертти.

“Бирок парламенттин стабилдештирүү ролун акырындан ойку-кайкы кылуу практикасы бекем орноп баратат. Көптөгөн депутаттар саясый куугунтукка алынып, дээрлик бардыгы кылмыш ишин козгоо коркунучу менен саясый кысымга алынууда”. Докладдын автору 11-декабрдагы конституциялык оңдоолорду анализ кылганда, Конституциялык нормаларга президент менен премьер-министрдин ортосунда, ошондой эле премьер-министр менен парламенттин ортосунда конфликт жаратууга провокация кылган текст атайын киргизилгени ачык көрүнүп турганын белгилеген.

Өмүрбек Текебаев Жогорку Кеңештин мүчөлөрүн жеке жана тарыхый жоопкерчиликти сезип, саясый эркти көрсөтүүгө, ал эми оппозицияны мындан да конструктивдүү, бирдиктүү болууга чакырды.

Которгон Назира Саалиева

Булак: NazarNews.kg

Последние новости