www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ливия жакындарында чөгүп бара жаткан эски бир кемедеги 466 качкынды түрк контейнер кемеси куткарды. Туниске карай кеткен ‘Roseline A’ аттуу түрк контейнер кемеси Ливия жакындарында бир кемеге толтурулган качкындарды байкаган. Чөгүп бара жаткан кемедеги аялдар менен балдар да болгон 466 качкындын жардамына түрк кеме кызматкерлери жетишти.
Жан куткаруу жилеттери да болбогон качкындар кемеге алынды. Кемедеги түрк ашчылар тарабынан тамак берилген качкын көчмөндөр бир күн түрк байрактуу контейнер кемесинде конок болушту. Андан кийин качкындар Италиянын жээк коопсуздук топторуна тапшырылды.
Кеменин үчүнчү капитаны Беркай Өзбек адамзаттык милдетин аткаргандыгын белгилеп : «Узун убакыттан бери деңизде экендерин түшүндүк. Тынчсызданган качкындардын кайрадан күнүмдүк турмушка кайтуулары үчүн аракет кылдык»,- деди.
Булак: "trt.net.tr"