www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШнын президенти Дональд Трамп, кечээ жаңы баллистикалык ракетасын сынаган Түндүк Кореяны «коңшусу Кытайды урматтабай» жатканы менен күнөөлөдү.
Дональд Трамп, социалдык медиа эсеби Твиттерден бөлүшкөн маалыматында: «Түндүк Корея жаңы баллистикалык ракетасын учуруп коңшусу Кытайды урматтабоочулугун көрсөттү, бирок Кытай колунан келгенин кылууда»,деген серебин салды.
Трамп өзгөчө Пекиндин Түндүк Кореяны «тизгиндөө» үчүн аракет кылганына көңүл бурду.
Түндүк Корея кечээ дагы бир жолу баллистикалык ракетасын сынаганын жарыялаган.
Түштүк Кореянын Башкы штаб төрагалыгы, Скуд түрүндө экенин божомолдонгон кыска аралыкка учуучу ракетанын, Вонсан аймагынын чыгышынан жергиликтүү убакыт боюнча саат 5:39да учурулганын, ракетанын 450 км аралыкка учуп барып Япон деңизине түшкөнүн маалымдаган.
АКШнын мамлекеттик департаменти, Трамптын бул тема тууралуу маалыматтандырылганын жана Вашингтон бийлигинин ракета сыноолорун кылдат байкап жатканын белгиледи.
Бул ракета, Түндүк Кореянын акрыкы 3 жумада үчүнчү, жылдын башынан бери тогузунчу сыноосу болду.
Түндүк Корея, эң акыркы жолу 21-майда орто аралыкка учуучу Pukguksong-2 ракетасын учурган.
БУУ, атомдук курал өндүрүү программасына ээ болгон Пхеньян бийлигинин баллистикалык ракета технолгиясын өнүктүрүү жана колдонуусуна тыюу салган болчу.
Пхеньян бийлиги тыюу салууга жана киргизилген санкцияларга карабастан ракета сыноосун улантууда.
Түндүк Кореяда Советтер Союузу мезгилинен калган көп сандаган Скуд ракеталары бар экени божомолдонууда.
Булак: "trt.net.tr"