www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кадамжай району

"Кыргызстан" партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Чолпон Султанбекова Баткен облусунун Кадамжай районунун Пүлгөн айылынын тургундары менен жолугушту.

Жолугушууда шайлоочулар тургундарды ичүүчү жана сугат суу менен камсыз кылуу, мектептерди жана бала бакчаларды куруу жана эмеректер менен жабдуу, калктуу конуштарды электр энергиясы менен камсыз кылуу үчүн трансформаторлор менен камсыз кылуу, мугалимдерге өзгөчө статус берүү, калкка жогорку сапаттагы биринчи медициналык жардам көрсөтүү жана аймакты тез жардам унаалары менен камсыз кылуу маселелерин көтөрүштү.

Мындан тышкары, алар социалдык кызматтардын начардыгын жана муниципалдык кызматкерлердин ишке жөндөмсүздүгүн белгилешти.

Талкуу учурунда Кадамжай районунун тургундары Чолпон Султанбековага V-VI чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты болуп турганда көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирип, алдыдагы парламенттик шайлоодо партияны колдой тургандыктарын айтышты.

Кыргызстан партиясы №15: Элдин жыргалчылыгы - жалпы мамлекеттин жыргалчылыгы! 

Буйрутма берүүчү «Кыргызстан» саясий партиясы. Дареги: Бишкек ш. Манас п, 115А. «Кыргызстан» саясий партиясынын шайлоо фондусунун каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Шамшидин уулу Разак тарабынан төлөндү. (№94 күбөлүк, 29.09.2020)

Последние новости