www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2020-жылдын январь-август айларында айыл чарбасында өндүрүлгөн дүң продукциялар 132,3 млрд. сомду түзгөн. 2019-жылдын ушул убагына салыштырмалуу реалдуу өсүш темпи 101,8 пайызды түздү (2019-жылдын январь-августунда – 102,1 пайыз болгон). Бул тууралуу КР Экономика министрлиги билдирди.

Мындай сандар КР Экономика министрлигинин 2020-жылдын январь-август айларындагы республиканын социалдык-экономикалык өнүгүшүнүн негизги көрсөткүчтөрү боюнча өткөрүлгөн брифингде айтылды.

Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу айыл чарба продукцияларынын дүң өндүрүлүшүнүн көлөмүнүн өсүшү негизинен мал чарба продукцияларынын 1,7 пайызга жана өсүмдүктөрдүн 2,1 пайызга көбөйүшү менен шартталган.

ИДПнын калыптануусуна айыл чарбасынын салымы 0,21 пайыз деп бааланып, анын ИДП өндүрүмүнүн түзүмүнө салыштырмалуу салмагы 12,9 пайыз болуп калууда.
Булак: NazarNews.kg

Последние новости