Кадамжайда жергиликтүү тургун баңгизат менен кармалды
Расмий кабарлар  |   |  878

Республиканын аймагында өткөрүлүп жаткан рейд учурунда жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында 2017-жылдын 2-июнь күнү саат болжол менен 13:00 чамасында Кадамжай районунун Халмион айылында жайгашкан "Баяман Баатыр" базарынын жанынан "Хюндай-Гетц" автоунаасында жүргүнчү катары бараткан Ирелеш айылынын 38 жаштагы Г.А. аттуу тургунунан 216 граммды түзгөн кара куурай (марихуана) алынган. Жогорудагы факты боюнча Кадамжай РИИБнин тергөө бөлүмү тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш жаза кодексинин 246- беренеси (башкага берүү максатын көздөбөстөн баңги каражаттарын же психотроптук заттарды мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу же жөнөтүү) боюнча кылмыш иши козголуп, аталган кылмыш иши боюнча тийиштүү экспертизалар дайындалып тергөө иштери жүрүп жатат. Азыркы учурда кылмышка шектүү жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди деп билдирет Баткен ОИИБнин Басма сөз кызматы.

Булак: NazarNews.kg

Поделитесь с друзьями