www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусия президенти Владимир Путин Катар эмири Тамим Бен Хамад Аль Танини Перс булуңундагы каатчылыкты дипломатиялык жол менен чечүүгө үндөдү.

Путин Катардын лидери менен телефондо сүйлөшүп, Москва менен Доханын ортосундагы соода-экономикалык кызматташуу маселелерин дагы талкуулады.

Бир күн мурун мамлекеттик катчы Рекс Тиллерсон бардык тараптарды сабырдуулукка жана "чогуу отуруп сүйлөшүүгө" чакырган. Өз кезегинде АКШ президенти Дональд Трамп Катардын изоляциясы “коркунучтуу терроризмди токтотуунун башталышы болушу мүмкүн” экенин билдирген.

5-июнда Египет, Сауд Арабия, Бириккен Араб Эмирлиги, Бахрейн жана Ливия Катар менен дипломатиялык мамилелерин үзгөн. Араб лидерлеринин билдирүүсүндө Доха Ирандагы радикалдуу исламисттерге колдоо көрсөтүп келет. Катар бийлиги айыптоолорду четке кагууда.

Булак: "centralasian.org"

Последние новости