www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кадамжай районунун Кыргыз-Кыштак айылынын 97 жаштагы тургуну Буузар Мамаражапова соттун чечими менен биринчи жолу туулгандыгы тууралуу күбөлүк алууга укуктуу болду. Бул тууралуу Кадамжай райондук юридикалык консультация кызматынын жактоочусу Шайдулла Садиров билдирди.

Анын айтымында, 1920-жылы Буузар Мамаражапова төрөлгөн мезгилде азыркыдай документ берүү болгон эмес. Ал 1956-жылы турмушка чыгып, күйөөсүнүн фамилиясына өтүп, чарбалык китепке каттоого алынган. Ошол бойдон Ош облусунун Фрунзе районунун Калинин колхозунда эмгектенип, пенсияга чыккан. Азыркы күнгө чейин пенсиялык китептен башка эч кандай документ алган эмес. 2017-жылдын апрель айында жактоочуга оозеки кайрылган.
Шайдулла Садиров райондук ЖААК бөлүмүнө каттап, туулгандыгы тууралуу күбөлүк жазып берүү боюнча кат менен кайрылган. Бирок, 1935-жылга чейинки жарандарды каттаган документтер өрттөлгөнү белгилүү болгон. Облустук ЖААКтын өкүлдөрү сотко кайрылууну сунуштаган.
Кадамжай райондук сотунда 14-июнь күнү алгачкы отурум, 21-июнь күнү экинчи отурум өтүп, жыйынтыгында Буузар Мамаражаповага туулгандыгы тууралуу күбөлүк берүү чечими чыгарылды.

Булак: "turmush.kg"

Последние новости