www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акыркы чечим кабыл алына элек. Бирок Россия Кыргызстан жана Казакстан менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат.
Мамлекеттик думанын Коргонуу комитетинин жетекчиси Владимир Шаманов РИА Новости агенттигине Россия Сирияга Кыргызстандын жана Казакстандын аскерлерин киргизүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын тастыктады. 

Мурдарак түрк президентинин өкүлү Ибрагим Калын Россия Сирияга аталган эки өлкөнүн аскерлерин киргизүү сунушун айтканын билдирген. 

"Учурда Кыргызстан жана Казакстандык кесиптештер менен бул маселе боюнча сүйлөшүү процесси башталып жатат. Бирок акыркы чечим кабыл алына элек", — деди Шаманов.

Астанадагы 3-4-майдагы сүйлөшүүлөр маалында Сириядагы абалды жөнгө салууга кепилдик — мамлекеттер (Россия, Иран, Түркия) Сирияда төрт деэскалация аймагын түзүү боюнча меморандумга кол коюшкан. 
Шамановдун айтымында, бул документ кепилдик-өлкөлөргө өз аскерлерин Сириянын аймагына киргизүүгө мүмкүнчүлүк берет. 

Буга чейин орус президентинин атайын өкүлү Александр Лаврентьев Россия өзүнүн байкоочуларын коопсуз аймакка Россиядан башка дагы мамлекеттер жибүүсү мүмкүн экенин айткан. 

Булак: "sputnik.kg"

Последние новости