www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дастан Догоев буга чейин кызматынан өз калоосу менен кеткен Тайырбек Сарпашевдин орун басары болуп иштеп келген.
Мамлекеттик каттоо кызматынын жаңы жетекчиси болуп Дастан Догоев дайындалганын Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

Бул тууралуу токтомго премьер-министр Сооронбай Жээнбеков кол койду.

Догоев мурда аталган кызматтын жетекчисинин орун басары кызматын аркалаган. 
Дастан Догоев 1986-жылдын 3-августунда туулган. Жогорку билимин "Бизнес-менеджмент" адистиги боюнча Британиянын Кавэндиш колледжинде алган.
Ошондой эле Лондон шаарындагы Кингстон бизнес жана юриспруденция мектебин бүтүргөн.

Мындан тышкары, Жусуп Баласагын атындагы КУУнун Эл аралык билим берүү программаларынын интеграция институтунун жана Эл аралык "Себат" мектебин (азыркы — "Сапат") аяктаган.

Догоев учурда өкмөттүн алдындагы ведомстволор жана кызматтардын жетекчилеринин арасынан эң жашы болуп калды.

Мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы жетекчиси Тайырбек Сарпашев мурдагы президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиевдин жана анын жакындарынын мүлкүн конфискациялоого байланышкан чуулуу иштерден кийин өз калоосу менен кызматынан кеткен.

Булак: "sputnik.kg"

Последние новости