www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баткендин Кадамжай районундагы жол кырсыгына байланыштуу Милициянын кайгуул кызматы айдоочуларга кайрылды.

"Эсиңизде болсун, жолдогу жүрүм-турумуңузга өзүңүздүн гана эмес, айланаңыздагы адамдардын да коопсуздугу көз каранды. Жол эрежесинин талаптарын бардык айдоочулар так сактоого жана билүүгө милдеттүү экендигин Милициянын кайгуул кызматы эскертет", - деди кайгуул кызматы.

Эскерте кетсек, Кадамжайдагы жол кырсык 19-январда саат 11:30 чамасында болгон. Анда "Мерседес-Бенц" үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу саатына 240 чакырым ылдамдыкта айдап бара жатып жол кырсыгына кабылган. Кырсыктан 2 адам каза болду.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости