www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кадыр Кошалиев: Бабалардын жолу - бакыттын чоңу!

Бүгүн отуз жылдан бери туура эмес жолдо бараткан саясаттын натыйжасында бомбалар жарылып, көмүлгөн миналар атылып жатканына күбө болуудабыз. Мындай пикирин коомдук ишмер Кадыр Кошалиев билдирди.

"Ачык либералдык коом" аталышындагы байпагын башына кийген, "адам укугу"- деп өзүн өзү билген өтүгүн төргө илген, "дин эркиндиги"-деп шайтандын сектасына чейин кирген, ач көздүккө алдырып, акчаны кудай деп билген, ак-карасы аралашып, ар-намыс тебеленген, ыйыктык унутулуп, ата-бала бири-бирин жээриген, элдүүлүктүн ордун жеке кызыкчылык ээлеген, айта берсе аягы түгөнбөгөн, жээликкен демокртияны туу кылган, жиниккен коомдо жашап жатабыз.

Ооруну жашырсаң, өлүм ашкере кыларын кыргыз эбак эле айткан. Бүгүн айтпасак, качан айтабыз. Биз бүгүн отуз жылдан бери туура эмес жолдо бараткан саясаттын натыйжасында бомбалар жарылып, көмүлгөн миналар атылып жатканына күбө болуудабыз. 

Анын бир эле дарысы - ар кимди ээрчибей ата-бабалардын нарктуу жолуна түшүп, заман талабына ылайык илим, билим, руханиятка маани берүү керек экендигин тынбай айтып келе жатабыз. "Саясат менен диндин ордуна, илим менен руханият келет" - деп Ж.Неру туура айткан. Мамлекеттик идеологиянын өзөгүндө улуттук иденттүүлүктүн кынтыксыз нарктуу эрежелери турушу шарт!

"Оруска дары, немиске уу" дегендей, батыштан ооп келген адам укугуна негизделген "ачык либералдык демократиялык коом" - дегени кыргыз табиятына караманча каршы келгендиктен да ушундай  айтууга тилиң барбаган шойкомдуу окуялар болуп жатат. Ондогон жылдарга созулган туура эмес жүргүзүлгөн мамлекеттик саясат кыргыз элинин алпейим таза жан дүйнөсүн бузду. Кыргыз мындай мерез эл эмес болчу. Айкөлдүккө, аруулукка доо кетти... Сырттан башкаргандардын алгачкы тилеги орундалды. Алардын максаты нарктуу кыргыз коомун дал-далынан бузуу эле. Көө сыйпап, көлөкө түшүрдү. Жетет! Бир силкинип, ата-бабаңдын нарктуу жолуна түш кыргыз! Ошондо гана кыргыздын жолу улуулук философиясына ылайык адеп-ыйман, уят-намыс, сый-урмат маселелери ордуна келет!

Ооба, кыргыздын өзүнүн нарктуу демократиясы болгон. Биз ошону карманалы.  Бабалар жолу - бакыттын чоңу. Коомду оңдоонун башкача жолу болсо айтыңыздар, угууга даярбыз, сөгүшмөй жок", - дейт Кошалиев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости