www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүнкү дүйнөлөшүүнүн  капшабы күчөп, анан калса өлкө ичинде туташ кризис уланып,  эл тагдыры устаранын мизинде турганда абалдан чыгуунун кандай жолу бар- деген суроо ар бир Кыргызстандыктын чыкыйында турган, жүрөк өйүгөн орчундуу маселеге айланды.  Азыр эл ичинде тынымсыз изденүү жүрүүдө. Жакында “Элдик Курултай”, “Кыргыз жолу”, “Даанышман кеңеши”, “Кыргыз Чоролору” коомдук  уюмдары тарабынан “Кыргыз жолу-Айкөлдүк” аталышындагы улуттук программанын Концепциясынын коомчулукка сунушталышын да жакшы жөрөлгө катары бааласак болот. Кабарчыбыз аталган улуттук өнүгүүнүн программалык Багыттамасын иштеп чыккан демилгелүү топтун мүчөсү, “Кыргыз жолу” коомунун Биримдик кеңешинин төрагасы Кадыр Кошалиевге жолугуп NazarNews.kg маалымат агенттигине маек алдык.

-Кадыр Амиракулович, алгач ирет толугу менен биздин сайтка жарыяланып жаткан “Кыргыз жолу-Айкөлдүк” аталышындагы  Багыттаманы жазуунун зарылчылыгы, кандайча жазылгандыгы, ички маани-мазмуну туурасында кыскача учкай айтып берсеңиз?

-Бул иштин таржымалына кыскача токтолсок, коомчулук кабардар болгондой 2010-2011-жылдары Улуттук Улуу Курултай аталышында үч ирет Кожомкул атындагы Спорт  Ордосунда чоң элдик жыйындар өтүп, бул документтин долбоору ошондо эле жактырылган. Элден тушкөн ой –сунуштардын негизинде кайрадан иштелип чыгып, “Өнүгүүнүн кыргыз  жолу” аталышында китепче  азыраак нускада болсо да элге тараган. 2014-жылы КРнын  Илимдер Академиясынын Президенти А.Эркебаев  иштеп турганда ал адамга өз колум менен алып барып берип, ушул долбоор боюнча илимий кортунду берүүлөрүн өтүнгөн элек, окумуштуулар кеңешинде карап дурус баа берилген.

Андан бери да жашоо-турмуштун, геосаясий абалдын  өзгөрүшүнө байланыштуу жакында 05.03.19. өткөн Бишкек баарлашуусу: мамлекеттүүлүк жана идеология” аталышындагы илимий-практикалык конференцияда аталган Багыттамага алымча-кошумчалар киргизилип, “Кыргыз жолу- Айкөлдүк”-деген аталышта коомчулукка жарыялап жатабыз.

--Долбоорду иштеп чыгууга кимдер катышты жана карманган багыт-  усулдардыңыздар жөнүндө айтсаңыз?

Багыттаманы иштеп чыгууга тармактык адистер, илимий-чыгармачылык чөйрөнүн  көптөгөн көрүнүктүү өкүлдөрү катышты. Баарын тегиз айтпасак туура болбой калат, жарыяланган документтин аягында түзүүчүлөр, кеңешчилер, колдонгон адабияттар -деген жерде эч кимисин калтырбай жазганбыз. Окурмандар ошол жерден таанышып алганы туура болот го. Бул долбоорду иштеп чыгууда илимий талаптарга, кыргыз элинин тарыхый жашоо-турмушундагы мезгил сыноосунан өткөн дөөлөт-мурастарына таяндык. Кыскача эки ооз сөз менен айтканда жол башчыдан алдын жолду тандоо маселесине маани берилди, коомдук саясий түзүлүш, идеологиялык багыт, кадр саясаты, лидер маселеси, билим берүү, маданият ж.б жашообуздун бардык тармагында мамлекеттик саясаттын нугун батышчыл либерализмден, улуттук айкөлизмге буруунун зарылчылыгы баса белгиленген.

-Азыр ар ким өз чындыгы менен жүрөт, сиздин оюңузча канткенде коом кепке келет?

-Жалпы коомчулук биримдик-ынтымакка келиш үчүн максат-тилек карманган баалуулуктар негизинен бир багыттуу болушу керек. Саясий олимптеги күчтөрдү, илимий-чыгармачылык багыттагы иш алып бараткан билгилерди, эл ичиндеги зирек инсандарды, аксакалдарды  бийлик өзү демилгелеп кепке чакырганда жакшы болмок, бирок убалакы андай болбой жатат. Канткен менен жашоо-турмуштун агымы токтобойт, биргеликте жакшы тилек менен аракеттенсек буйруса кыргыз элин ооматтуу бактылуу келечек күтүп турат деп ойлойм.

--Рахмат.

         Чыгыштын даанышмандыгы!                                                                              

    Батыштын сарамжалдыгы!                                                                             

                                          Кыргыздын АЙКӨЛДҮГҮ!

Бизге кандай коом керек? Айкөлдүк жол

Айкөлдүк-кыргыздын этноавтопортрети!

                                         Чабыт

Бабалар сөзү: Заманыңарды  тааныбасаңар адаша бересиңер.

Кыргыздар – илгертен эле мам­лекет, каганат курган эл. Азыркы Кыргызстандын аймагы жер шарынын чок ортосунан орун алып, канча ирет топон суу каптаса да Жараткандын буйругу менен аман калып, жашоо турмуштун уланышына уютку болуп келген. Кыргызстан – чынында эле Батыш-Чыгыш цивилизациясынын тогошкон жери. Ар кайсы маданий баалуулуктардын ийкем айкалышкан куттуу жайы.

Кыргызстанда 6  млн. эл  жашаганы  менен жер аймагы боюнча 93 өлкөдөн чоң, сабаттуулугу боюнча –14 орунда, таза суу байлыгы боюнча 140 мамлекеттин алдында, жеринде  пай­да­луу кен байлыктардын дээрлик баары бар.  Кли­маты ка­таал эмес, элинин мүнө­зү – кең пе­йил, айкөл. Кыргызстандын дүйнө­дөгү өнүк­көн, бакубат өлкөнүн бири болууга негиз-шарттары жетиштүү.

Учурда Кыргыз Республикасынын  коомдук-саясий, социалдык-экономикалык жана руханий –идеологиялык өнүгүүсүн  заманбап ыраатка салуу зарылчылыгы келип чыкты.

 Андыктан:

•Мамлекеттин атын алып жүргөн  түпкүлүктүү улуттун өзгөчөлүгүнө, кулк-мүнөзүнө, менталитетине  таянуу менен өнүгүү – мамлекеттин келечектүүлүгүн аныктайт.  Элибиздин материалдык жана руханий баалуктарын барктаган, мурастуулуктун эрежесин бекем сактаган, бабалардын айкөлдүк жолунан тайбаган, кыргыз көчү жолун улайт! Элдүүлүктүн жолу улуу!

•Жаратылыш менен адамдын жаны бирге! Адамдын  Айкөлдүк касиети – табиятка жасаган мамилеси менен айкындалат.  Жашоо-тиричилик чөйрөсү болгон табиятты  таза сактап калуу менен гана адамзат өзүн өзү сактап кала алат.

•Коомдо руханий-экономикалык баалуулуктардын тең салмактуулугун сактоо – туура өнүгүүгө өбөлгө.

•Билим берүү тармагы – түп-тамырынан бери жаңыланууга муктаж. Нукура билим гана тоскоолдуктарды жеңип,  доор күзгүсү болуу менен, жаңыланууга жол ачат.

•Илимий чөйрөгө – мамлекеттик камкордук. Мамлекеттик өнүгүү илимге таянуусу шарт.

•Батыш-Чыгыш цивилизациясынын, диний конфессиялардын, улуттар аралык мамилелердин жаңы негиздеги шайкештиктерин табуу- түйүндүү көйгөйлөрдү чечет.  

•Дүйнөлөшүүнүн күңгөй-тескейин аңдоо абзел. “Кемеге түшкөндүн жаны бирге”, демек, жалпы адамзаттык тагдырлаштык жакшылыкта да, жамандыкта да бир болууну шарттайт. Жашоодо бийик максат коюп, бир дөбөдө болуудан башка адам баласынын жолу жок. Албетте экинчи жол бар, ал  тирешүүнүн, карма - каршылыктын, жок болуунун жолу.

•Жаңы доордун талабы – планетардык деңгээлде коомдук өнүгүүнүн руханийлешкен жаңы парадигмасын жана  аны турмушка ашырууга жөндөмдүү жаңы лидерлерин  даярдоодо турат.

Адамзат цивилизациясын шарттуу турдө Батыш-Чыгышка бөлүп карай турган болсок, ал көрүнүш да улуттардын өнүгүүсү сыяктуу эле төө өркөчтөнгөн мезгилдүүлүккө баш ийип, бир канча кылымдарды камтый тургандыгын көрүүгө болот. Чыгыш элдеринин кел-кели келип, арааны жүргөн мезгили Аттиладан башталып, Евроазия айдыңында Кыргыз империясынын куралышы жана кыйрашы менен коштолуп, Чыңгызхандын дооруна чейин созулду десек болот. Ал учурда дүйнөнү дүңгүрөткөн аттардын дүбүртү эле жаңырбастан, илимий зор ачылыштар, маданий жетишкендиктер, не бир асыл баа руханий-өнөр туундулары, материалдык шедеврлер  жаралып,  адамзат цивилизациясынын деңгээлин алда канча би­йикке көтөргөн. Бу жерде Борбордук Азия, Жакынкы чыгыш, Кытай, Индиядагы сан жет­кис, баасы чексиз жетишкендиктер жөнүндө, анын ичинде көчмөндөр­дүн, кыргыздардын жалпы адамзаттык  руханий жана материалдык көөнөрбөс казынага кошкон салымы жөнүндө жалпылап айтып жаткандагыбыз.

Тарыхтын өркөчтөнгөн өнүгүү нугу XIV кылымдан кийин бара-бара Батышка ооду. Чыгыштан тамыр алган түптүү идеялар, илимий-руханий жетишкендиктер чыны менен Батыш аалымдары тарабынан өнүктүрүлдү. Эл башкаруу мамлекеттик түзүлүштө жаңылыктар киргизилди. Цивилизациялуу өлкө­лөр дегенде Батыш жөнүндө сөз болуп жаткандай деңгээлге чыкты. Анткен менен бакыт  кушу Батышта түбөлүк конуп калбасы белгилүү боло баштагандыгын өздөрүнүн аалымдары айта баштады. (Освальд Шпенглер «Европанын күүгүмү» «Закат Европы», Патрик Дж. Бьюкенен «Батыштын өлүмү» «Смерть запада», Станислав Гроф «Революция сознания»). Алты кылымдан ашык мезгилди камтыган баарын эсептегич, сарамжалдуу (рационалдуу) Батыш маданиятынын күүгүмү келип, даанышман Чыгыш маданияты кайрадан эстафетаны алды.

Чыгыш элдеринин ичинде эң байыркы, түптүү, нарктуу кыргыз аттуу эл Евроазиянын чок ортосунда азыр да калбаат жүзүнөн тайбай, улуу көчтү улай,  айкөлдүгүнөн жазбай жашап келет. Кыргыз – тарыхы тереңге кеткен, акыл-эске тунган руханий кенчи бай, жаңылыкты тез кабыл алган, таланттуу, илим-билимге умтулган, барга-жокко чыдамкай, башка иш түшсө бириге алган, меймандос, жоокер мүнөз, кең пейил, салтын карманган, сабырдуу эл.

Акыркы жылдары адам укугу, сөз эркиндиги, дин эркиндиги, демократия, көп пар­тиялуулук, гендердик саясат, жеке-менчик, рынок деген сыяктуу Батыштан ооп келген жашоо эрежелери кыргыз кыртышына өнүп кеткен жок. Анткени, андан алда канча жогору асыл баа дөөлөттөрүбүз каныбызда жашап тур­ганда сырттан жасалма таңууланган кеңештер тамыр жайып көпкө жашабашы белгилүү.

Бир бүтүн кыргыз эли бүгүн, миңдеген коомдук уюмдарга, жүздөгөн саясий партияларга, ондогон диний агымдарга, кала берсе түндүк-түштүк, бай-кедей, кыргыз-киргиз болуп бөлүнүп турган учур. Сырткы күчтөр таңуулаган эрежелерди бейпарасат кабыл ала берүүнүн натыйжасында Кыргыз улутунун кызыкчылыгы тебеленип, арамзабөөш жеке адамдын укугун көкөлөтүү күч алууда. Мунун түбү барып бир эле кыргызга эмес, жалпы адамзатка жакшылык алып келбесин эртерээк түшүнгөнүбуз оң.

Кыргыздар табиятынан айкөл, эркин эл. Биз өзүбүз каалагандай жашап, эмгектенип, өнүгүүбүз  үчүн  бараткан жолубузду туура аныкташыбыз керек болууда.(“Бөлөк элдин эрежеси менен жашаган эл өнүкпөйт.” Л.Гумилев) Руханий жактан аң-сезимибизди өстүрүү, эстутумубузду бекемдөө жана дүйнөтаанымыбызды калыбына келтирүү менен азыркы башкаруу системасын мыйзам чегинде улуттук жолго ылайык өзгөртүү, заманбап адилет коом куруу –башкы милдеттерден болуп калды.

Жолдон адашканда биринин артынан бири кыйрай берет. Чыгыштын улуу ойчулу Конфуций айткандай “баарын жол  түздөйт”.  Көч бара бара түзөлөрүн да кыргыз жакшы айткан. Анда бизге тоскоол болгон эмне бар. Качанкыга чейин бизден алда канча кийин жаралган элдерди ээрчип, этегин кармап, адашуу жолун уланта беребиз?

Бүгүнкү күндө Кыргызстан эле эмес бүт­күл дүйнө саясий, экономикалык жана руханий кризиске кабылды. Доор өзгөрүп, мурдагы баалуулуктар кый­рап, адамзат цивилизациясы абалдан чы­гуунун жаңы жолдорун издөөдө.

Адам баласы жаратылыш байлыктарына материалдык кызыкчылык үчүн керектөө­чүлүк көз караштан гана мамиле кылгандыктан табияттын улуу шайкештиги бузулуп, өз нугунан чыгып, экономикалык кризис менен кошо жаратылыш кырсыктары көбөйүп жаткандыгына күбө болуудабыз. Андыктан, чарба жүр­гүзүүдө руханий-экономикалык тең салмактуу өнүгүү  усулун карманганыбыз оң.

Ыйык китептердин биринде Кудай сөзүндө айтылгандай адамды Улуу Кудурет   чынында эле керемет зат кылып жараткан! Адам баласына берилген оң сапаттардын жеткилең үлгүлөрү  үргүлжүсүсү менен ушул бир сөз-Айкөлдүккө сыйдырылган,  так айтканда инсанатка сый-урмат менен ыйгарылган!  Даанышман  кыргыз элинин  Айкөлдүк принциптерге негизделген идеологиясы бул – Кут даарыган илим, нарктуу жол! Анын негизинде-адам насилининин мүмкүнчүлүктөрү, укуктары жана эркиндиктеринин ичинен  адеп-ыйманга, абийир-парасатка  ыла­йык келген  табихый укуктар, эр­­киндиктер, жаратман аракеттер гана  ар тарап колдоого алынат -деген идея жатат. Ал эми айбандык багытка алып кете турган зөөкүрлүктүн, түркөйлүктүн жолу колдоого алынбайт!  Бул кыргыз элин эле эмес, бүткүл адамзатты сактап калчу түптүү идео­логия, кеменгер жол. Ар бир идеология­нын таяныч-баалуулуктары  болгондуктан, кыргыздардын Айкөлдүк идеологиясынын түбүн түптөгөн таянычтарына, руханий негизин кармап турган устундарына  кайрылалы.                     

Кыргыздын кимдигин, улуттук өзгөчөлүгүн, кулк-мүнөзүн, менталитетин (иденттүүлүгүн) аныктаган, жашоо-турмуштун өзүнөн иргелип чыгып,  көсөмдүккө, ыймандуулукка, айкөлдүккө, адилеттикке  алып келчү  даанышмандык-кыргыз философиясынын өзөгүн түзөт.

Алсак:  Бири кем дүйнө философиясы -дүйнөнүн жаралыш табияты  жөнүн­дөгү; жалган дүйнө, чын дүйнө философиясы -эки дүйнөнүн айырмасы жана өз ара ылайыктуулугу; туюнтуу жана тутунуу философиясы -заттарды, тыбыштарды, түшүнүктөрдү, таанымдарды  түшүндүрмөлөөнүн ырааты; адал-арам философиясы- ак караны ажырата билүү; төгө­рөктүн төрт бурчу философиясы -дүйнө таануунун кеминде төрт жана андан жогорку ченемдери; обо философиясы -жаралган дүйнөнүн  эң чоң тараптары, омоктуулары, чексиз мейкиндиктери жана  алардын табият-касиеттери; теңирчилик же телегейи тең дүйнө философиясы -бүтүн системанын жаратманы жана анын теңдеш түзүүчүсү; жеткилеңдик философиясы -системанын түркүн түзүүчүлөрү жана алардын чен өлчөм­дүк кунар баасы; жолу улуулук философиясы- нарктуулукту сактоо тартиби;  үчилтик философиясы -борборлоштурулган система жаратуунун же аны аңдоонун жө­нөкөй жана мыкты таанымы; оомалуу-төк­мөлүү дүйнө философиясы -дүйнөдөгү заттардын, болмуштардын, окуялардын өз-ара айланууларынын ырааты жөнүндөгү тааным.

Кыргыздар жашоо-турмуштун ички өнү­гүү ыргагы менен жаратылыштын табигый мыйзамдарын жакшы түшүнгөн­дүктөн аккан дүйнөнүн агымына кирип, актыкты таанып, ага моюн сунуп, ак караны тең салмактаган, адал-арамды ажырата билген эл болгон. Көзгө кө­рүн­гөн жана көрүнбөгөн дүйнө­нү он сегиз миң аалам деп атап, жараткан бир кудайды көзү менен көрбөсө да көкүрөгү менен таанып, аалам-жердин бүтүндүгүн өзүнүн айкөл­дүк дүйнө таанымы аркылуу көрө билген.

Кыргыз философиясынын тутуму берген билимдин тереңдиги, ар тараптуулугу жа­на илимийлүүлүгү адамды айкөл кылбай кой­бойт. Кыргыз ишениминин, наркынын жана илиминин бир  дүйнөтаанымга  камтылып, элдин аң-сезимине таасир этиши, кыргыздарга доорлорду басып өтүүгө мүмкүндүк берген. Анткени кыргыз даанышмандыгы жасалмалуулуктан оолак болуп, жашоонун дал өзүндөй буркан-шаркан  өнүгүүнүн жолунда келатат.

 Кыргыз элинин нарктуу жашоо эрежелери

Хан бийлигинен-нарк күчтүү!

Хандын башы-элге көпүрө

Баш кийимди бийик кой.

- Баланы башка урба.

- Атты башка чапба.

- Күл дөбөнү баспа.

- Кесирлик кылба.

- Адамды аттаба.

- Кыркы чыга элек баланы көрсөтпө.

- Акты сатпа (азыр сата башташты).

- Өзүңдөн улууга каяша айтпа.

- Акылмандын кебин тыңша.

- Ата-энени урматта!

- Атанын салган жолу бар!

- Эненин бычкан тону бар!

- Укпайт деп ушак айтпа,

- Көрбөйт деп уурулук кылба!

- Душманга колтугунду ачпа,

- Мекенди көздүн карегиндей сакта!

- Баарын койуп Манасты айт!

- Түркөй болбой айкөлдүккө кайт!

- Билеги күчтүү -бирди жыгат.

- Билими күчтүү-миңди жыгат.

- Билермандын иши алга жылат.

- Билим ал!

- Ак- караны, ажырата бил.

 - Булакты көрсөң көзүн ач.

- Жетим-жесирге каралаш.

- Тарга тар, кеңге кең дүнүйө.

- Напсини тый.

- Убалдан корк.

- Пейилди кенен кой.

- Жакшы ниет жарым ырыс.

- Ак иш бүтөт!

- Уят-намыстуу бол!

- Жаман жолго барба, абийириди жашыңдан сакта!

- Аманатка кыянат кылба.

- Элдин акын жебе.

- Атаңа наалат келтирбе!

- Касиетиңди карман.

- Илимден адеп улук.

- Адам бол!

- Керсейип бой көтөрбө.

- Сөөмөй менен кезебе.

- Менменсинбе, элден чыкпа.

- Күч бирдикте!

- Бала төрөлгөндө сүйүнчү берет.

- Жаңы басканда ак жол тилеп, тушоосун кесет.

- Ата-эне балдарына энчи бөлөт.

- Жети атасын билбегенди кул дейт.

- Тегиңди бил!

 - Кумурскага да бейчээки зыяның тийгизбе.

 - Колуңдан келсе ажаат ач!

 - Сөздү уккан жерге сүйлө.

 - Бирөөнүң үстүнөн мыскылдап күлбө.

 - Алсыздарды кордобо,

 - Жамандын жолун жолдобо!

 - Түз жүр!

 - Аял киши куралга кол тийгизбейт, эркектен оозунуп баспайт.

 - Купуя тилек ар кимге айтылбайт.

 - Түштүн башы тоодой, мойну кылдай, кандай жоорусаң ошондой болот.

 - Жигиттик намыс, кыздык абийир өлүмдөн өйдө турат.

 - Устатына шакирти каршы чыкбайт.

 - Жалган айткан жарыбайт.

 - Кеп чынынан бузулбайт.

 - Турмуш туткасы-адилеттик!

 - Чакыруусуз өзү келген конокту кудайы конок дейт.

 - Үйгө келген кишини «келиңиз, нан ооз тийиңиз» дейт.

 - Үйдөн жылан чыкса өлтүрбөйт, ак чачып чыгарат.

 - Алыс жолдон келген кишинин башынан тегеретип суу чачат.

- Жаңы келген келиндин оозуна май салат.

 - Тажыяга баратып башка иш жасабайт.

 - Өлгөн кишини жамандабайт.

 - Атчан киши жөөгө салам берет.

 - Жеке адамга караганда элдин жолу улуу болот.

 - Катачылык кетсе, биринчи кечиримди кичүүсү сурайт.

 - Төргө аксакал же жолу улуу адам олтурат.

 - Устукан улуулата, же жолу улуулата тартылат.

 - Жол улуу, жөн билги, сөз билги адам бата берет.

 - Умай эне жалгасын!

 - Кут консун!

 - Кудай колдосун!

Кыргыз жолу-актыктын жолу! Ак-бул Жараткандын айныгыс табихый мыйзамдары, чындыктын өзү! Андыктан, тогуз актын мамысын бекем орнотуу менен жаңы заманбап жолубуз дагы бир ирет аныкталып, түпбашаттан келе жаткан улуу көчтүн ийгиликтүү уланышын шарттайт.Тогуз актын топтомун төмөнкү баалуулуктар түзөт: Элдүүлүк, Мамлекеттүүлүк, Адилеттүүлүк, Айкөлдүк, Кут, Илим, Табият,  Ырыскы, Өркөөдөндүү ар намыс!

Биздин улуттук идеология ушул тогуз актын топтомунан келип чыгат. Идеология  – тарыхый жагдайдын талабына ыла­йык, мамлекеттүүлүктү бекемдөөчү, улуттук  аң-сезимди келечектүү нукка бириктирүүчү, элдин эгемендигин  камсыз кылуучу түптүү идеялардын системасы. Идеология бул улуттук көрү­нүш­түн башаты экени ырас. Ошентсе да,  эгер универсалдуу идеялдардан куралган идеологиялык жолду түптөй алсак,  жалпы адам баласына багыт болуп берүү мүмкүнчүлүгү да бар экенин жокко чыгарууга  болбойт. Себеби азыркы дүйнөлөшүүнүн учурунда адамзаттын тагдыры чиеленишип, бири бири менен өтмө катар чырмалышып, жер шаары  бир чоң кыштакка айланып баратат.

Ошондуктан, ааламдашуунун жакшы жагы  адам турмушуна таасир эте турган жанылыктар, баалууктар заматта дүйнөнү кыдырып жөнөйт. Идеологиянын күчү элдин ба­сымдуу бөлүгүнүн аң-сезимин келечектүү нук­ка калыптандырат жана ага таасир этүү менен коомдук түптүү аракеттерди ишке ашырат. Ал үчүн алгач идеологиянын ишенимдик, нарктык жана философиялык баалуулуктарын камтыган окуусу, багыты иштелип  чыгып,  андагы  идеяларды  ишке ашыруу механизмдери, нугу аныкталат.

Идеология бул – түптүү идеялардан куралган система катары улуу максаттарга багыттоочу күчкө ээ болгондуктан бардык тармактарды ордунан козгоп, жандандырып артынан ээрчитип жүрүп олтурат да, идеялардын санжапталган түзүмү бир калыпка келип, элдин жүрөгүнөн орун алган соң кайра жангыс мүнөздө материалдашып (Маркс), бара-бара турмушка ашып, өз жемишин бере баштайт.

Түпкүлүгүндө эл, мекен, мамлекеттин кызыкчылыгынан чыгып, адамдагы адеп-ыйманды, кечиримдүүлүктү, кеңдикти; коомдогу адилеттикти; бийликтеги жоопкерчиликти ийкем  айкалыштыра алган Айкөлдүк идеология- ар кандай жасалма карама каршылыктарды, рамкаларды, тоскоолдуктарды  жарып өтүп, ааламдык шайкештикке жол салууга күчү жетет.

Биздин алдыбызда төрт тарабы төп келген кубаттуу  мамлекетти түптөө  үчүн  ар кайсы себептер менен алыстай түшкөн, кылымдардын кыйырынан келе жаткан   улуттук өзгөчө түзүлүшүбүздү, дүйнө кабылдообузду заманбап  калыбына келтирүү милдети турат. Улттук өзөк-тамырга кайтуу менен гана туруктуу өсүп-өнүгүү жолуна чыгабыз.   Элден алып, элге берели. Жараткандын көзү бизге түз болсун! Кел келибиз келсин! Жан дүйнөбүз аруулансын! Ынтымак - биримдигибиз бекемделсин! Кыргыз көчү байсалдуу улансын!

Улуу көч-жолун улайт

Кечээ кыргыздарөзүнүн дүйнөтаанымы, философиясы, тарыхы, каада-салты, керемет тили, кайталангыс дөөлөт мурастары, таза дили, аруу жан дүйнөсү менен айрымаланган; адамгерчиликти, акыйкаттыкты, калыстыкты, адептүүлүктү, абийирди, ар намысты ыйык туткан; кубаттуу империя курган; эзелтен жазуу маданиятына ээ, эркин коому, нарктуу демократиясы болгон; өзүнө гана таандык көчмөн цивлизациясын түзгөн жана өнүктүргөн Евроазия мейкиндигинде ат ойноткон баатыр эл болгону айныгыс чындык.

Кыргыз элине Жараткандын көзү түз экен,”Тоо козголуп түз болуп,түз бузулуп зоо болгон” миң миңдеген жылдарды башыбыздан кечирип,”түгөнгөн сайын түтөп, кырылган сайын күчөп,”жыгылсак кайра туруп, улуу көчтү улап келе жатабыз.

Адам атадан башталган тарыхий өтүмүштөрдүн өзөктүү жолу  “Түбөлүк материк-жер киндиги” аталган Саян-Алтай, Ала-Тоо, Алай, Гималай сындуу кең Азиянын көк тиреген тоолору  менен талааларын  мекендеген Туран элдерине жана анын ичинде  кыргыз элине тиешелүү экендигин бир канча жүйөдалилдер айгинелеп турат.Кызыр даарыган кырк уруу кыргыз элинин байыркылыгын жана Улуулугун көрсөтүп турган, сан миң жылдарды камтыган санжыргалуу тарыхындагы таасын жагдайларга кеп нугун буралы.

1.Адегенде эле “адам “деген сөздү ала турган болсок,орустар “человек”,арабдар “инсан” дагы башакалар ар кандай аташат.Ошолордун ичинен кыргыз эли байыртан келаткан ыйык китептердин баарында бадырайып жазылып турган “адам”- аталышын бузбастан азыркыга чейин “адам”, ”адамзат”,  ”адамгерчилик” –деген сөздөрдү кеңири колдонуп келебиз.

2.Тарыхтагы акыркы топонсуу Оксфорд университетинин аныктоосу боюнча мындан 160 миң жыл илгери болгон.Нук (Ной) пайгамбар  кыямат мезгилде тежиктенбей сөзүн уккан жакын чөйрөсүн,жаныбарлар менен өсүмдүктөр дүйнөсүнөн урук –тукум улар уюткуларын  кемесине салып алып, суунун үстүндө калкып жүрүп, тоолорго(кээ бир маалыматтарда Арарат тоосу айтылат)  келип аман калат.Бардык дин китептеринде ал кеме “копчек”(кофчек) деп жазылат.Ал жөнүндө Манас дастанында:-“Күпчөккө салган бозо бар, Күчала уусу кошо бар”-деп айтылган саптар кездешет.

Кыргыз тилинде жыгачтан жасалган чөң идиш “Күпчөк” деп аталып жатса, демек алгачкы адамзат тукумун сактап калган жыгач кеменин аты дүйнөнүн бир да тилинде эч кандай маанини билдирбесе, муну тек гана капилет окшоштук эмес, элибиздин түпбашаттагы тарыхта калган таасын издери катары карасак болот.

Тоголок Молдо, Осмоналы Садык уулу, Абдишарип Тургунбаев ж.б аталарыбыз жазып калтырышкандай, ошондой эле азыркы тирүү Сыргак Сооронкулов баштаган санжырачылар айтып келатышкандай Нук (Ной) пайгамбардын Каум, Саум, Яфас (Жапас) деген үч баласынан бүткүл адамзат тарагандыгы, Жапастан Арий жана Тураний деген эки эл таркагандыгын,Тураний элдердин башатында кашкайып кыргыз тургандыгы  жөнүндө маалымат бар.Бул маселеге кийин өзүнчө кененирээк токтолобуз.

3)Байыркы Таш доорунан бери карай адамзат тарыхында белгилүү болгон, археологиялык казуулардын, илимий иликтөөлөрдүн негизинде такталган Афанасьев, Андронов, Карасук,Тагар, Таштык дөбө  маданияттары (б.з.ч.VI-I кылымдар)кыргыз элине тиешелүү экендигин дүйнөлүк атагы бар чоң окумуштуулар  В.В.Бартольд, А.Н.Бернштам, С.В.Киселев, Н.А.Аристов, С.М.Абрамзон  ж.б өздөрүнүн илимий эмгектеринде жазып калтырышкан.

А.Н.Бернштам  өзүнүн “Кыргыздардын жана Кыргызстандын эң байыркы мезгилден монгол басып алууларына чейинки тарыхы”-деген докторлук даражага татыган эмгегинде минтип жазат:”Кыргыздардын тарыхы эң эле байыркы замандардын тереңине, б.з.ч VI миң жылдыкка барып такалат.Кыргыз элинин тарыхы-Афанасьев дөбө маданиятынын археологиялык эстеликтери боюнча байыркы кыргыз коомунун келип чыгышына негиз болгон динлин этногенезин талдоодон башталууга тийиш.”(Бернштам А.Н. Избранные труды по археологии и истории кыргызов и Кыргызстана  Т.I-II.-Б-1998)

Дүйнөлук атагы бар академик В. В. Бартольддун  көлөмдүү “Кыргыздар” деген эмгегинде “Кыргыздар Борбордук Азиядагы эң байыркы элдердин катарына кирет. Азыркы кезде Борбордук Азияда жашап жаткан элдердин ичинен тарыхта аты мынчалык эрте кезиккен бир дагы эл болбосо керек.”-деген сөзүндө баары айтылып турат.

Байыркыдан азыркыга чейинки тарыхыбызды изилдеген кыргыз окмуштуулары, тарых илимдеринин докторлору Ө.Осмонов,О.Каратаевдер да ушул тастыктаманы андан ары тереңдетишип, Енесай жана Ала-Тоо кыргыздарынын тарых-таржымалы бир, бүтүн, бөлүнгүс экендигин аныктап чыгышты.Кыргызстандын дээрлик бардык аймагынан байыркы таш, коло, жез, темир доорлоруна тиешелүү, Сибирдеги Андронов (Айылдын атынан коюлган) маданиятына окшош миңдеген буюм-тайым, курал-жабдыктар табылган.

Бүгүнкүнүн үлкөн окумуштуусу Өскөн Осмонов колдо болгон илимий булактардан, археологиялык казуулардан топтолгон маалыматтарга таянып мындайча тыянака келген.”Андронов маданиятына окшош, эң бай кенч Кочкор өрөөнүндөгү Шамшы айлында табылган.Андронов маданиятынын өкүлдөрү Кыргызстандагы бийик тоолуу Ак-Сай, Арпа өрөөндөрүн да өздөштүрүшкөн, аска беттерине сүрөт тартышкан. Демек, андронов маданиятын түзүшкөн уруулар Енисейден Тянь-Шанга чейинки мейкиндикти  мекендешкен.”(Осмонов.Ө.Ж Кыргызстандын тарыхы. Б-2014)

СССРдин учурунда коммунисттик идеологиянын таасири менен Кыргыз элинин тарыхы жаап жашырылып, бурмаланып келди.”Тоодон жаңы эле түшкөн жарым жапайы кыргыз эли орустун аркасы менен Октябрь революциясынан кийин гана жазмага, илим-билим, маданиятка ээ болду “-деп мээбизге куюп, маңкурттуктун үрөөнүн дембе дем сээп келгендиктен анын таасиринен азыр да толук чыга элекпис.

СССР урап, КПСС кыйрагандан кийин илимий чындыктар ордуна келе баштады.

Айрыкча адамзат  тарыхынын башатында турган кыргыз элине тиешелүү мурда эле жазылып чыкпай турган китептер жарык көрүп, жаап жашырылган тарыхый чындыктар айтыла баштады. Байыркы доорго тиешелүү тарыхий табылгалар, таш жазуулары, буюм-тайым, эмгек куралдары азыркы Кыргызстандын дээрлик баардык аймагынан  Ысык –Көлдөгү Сары –Жаз суусунун жээгинен, Чолпон Атанын жанынан, Сулайман тоонун тегерегинен, Алайдан, Аравандан, Ноокаттан, Чүй өрөөнүндөгү Жайылма, Кайыңды айылдарынан, Кетмен-Төбө, Кочкор, Талас өрөөндөрүнөн, Тогуз-Тородогу Саймалуу Таштан ж.б жерлерден табылгандыгы көпөтөгөн жоромолдорду жокко чыгарып, Кыргыз эли байыртан эле кең Азияны мекендеп, Империя курган Улуу журт экендиги тастыкталды.

4) манас айтуучу жана «Манасты» өзү менен алып жүрүүчү элдин аң-сезиминде тубаса, же генетикалык деңгээлге  чейин сакталып калган ааламдык окуулардын архетиби, же Түп Башаттан калган белги  бекем орногон.

Түбөлүктүн кыял жетпес түпкүрүнөн кую­луп турган аруулуктун аурасы кыргыз Улуу сөз өнөрүнүн магиялык туу чокусу болгон мухиттей чалкыган «Манас» дастанын жаратты. Көркөмдүк, көлөм менен мааниде теңдеши жок «Манас» эпосу – ааламды жарып, мактал каккан түбөлүктүн коңгуроосу сыяктанат.

Асман менен Жериңдин

Тирөөсүнөн бүткөндөй.

Айың менен күнүңдүн

Бир өзүнөн бүткөндөй

Алтын менен күмүштүн

Ширөөсүнөн бүткөндөй.

Ай алдында булуттун                               

Салкынынан бүткөндөй

Манасыбыз – кыргыздын түбөлүк аздек­төө­чү кут ыйыгы, Кыргыз элинин көөнө келбет турпатын чагылдырган, руханий кубатынын жеткен чеги. Бүгүн саясий ишмердүүлүктө болобу, экономикалык тармакта болобу эң ириде руханийлүүлүк жетишпей турат.

Манас – бүгүн кыргыз улутунун биримдигинин жана руханий жаңылануусунун символу жана жаркыраган туу чокусу. Кыргыз жүрөгү Манас деп согуп турганда – ал өлбөс, ал түбөлүк! Айкөл Манастын Аалам руху – Кыргыз элин улуу келечекке баштоочу түгөн­бөс күч. Дүйнөлүк аалымдардын чечмелөөсү боюнча Манас - бул  жогорку акыл-эсти да билдирет. Айкөл Манастын образы кайрылып келип кыргыз келбетин чагылдырат.

Кыргыздын табиятка тамырлаш, кайыпка үндөш эл экендигинин көп далилдери, дагы да болсо басар жолубузга шам чырак болуп берүүчү баалуулуктар– «Манас», «Эр Төштүк», «Кожожаш» сыяктуу эпостордо  теңирий күчтүн сырынын чети да оюлбастан зыңгырап турат. Илгеритен эле  кыргыздар  аалам –жердин бүтүндүгүн таанып, бир Жараткан кудуретке сыйынып, Айкөл Манасын кастарлап, элдүүлүгүн сактап, адал-арамды, ак-караны ажыратып, комуздун үч кылындай үч илтик философияны (Ай-Күн-Жер; Манас-Бакай-Кырк Чоро; Ата-Эне-Бала ж.б) бекем карманып,Боз үйүнүн түндүгүнөн төгөрөктүн төрт бурчуна абай салып, жети атасын эле эмес, түпкү аталарын түгөл билип, адамдык парасатты бийик тутуп келет.

5) Бүгүнкү күндө дүйнөгө кожоюн болгусу келген кээ бир өздөрүн супер держава деп жарыялашкан мамлекеттердин, элдердин тарыхы  жети жүз жылга жетпей изи жоголосо, бери жагы жети миң жылдык тарыхы, ооз-эки, жазма маданияты бар кыргыз өзунүн карапайымдыгы, жөнөкөйлүгү, кең пейилдиги менен Жаратканга жагып жашоосун  уланта бермекчи.

Этностордун тарых-таржымалын тактоодо,тил өзгөчөлүгү, жазма эстеликтери табылгыс таасын далилдер катары кызмат кылат.Адамазат цивлизациясында өзгөчө орду бар Шумер маданияты (б.з.ч VI-II кылымдар) кайсы этноско тийешелүү экендиги жөнүндөгү маселе окумуштуулар арасында бүйүрдү кызытып, талашты жаратып келген болсо, бүгүн анын да тараза ташы кыргызга ооп турат.Кыргыз сыяктуу тарыхы тереңге кеткен байыркы элдердин тилинде  гана тоо, суу, аба, ата, күн, түн, ай, ат, ит, жаз, жай, кыш, бир, эки, үч-деген ж.б.у.с бир муундуу сөздөр учурайт.Андан да кызыгы бир муундуу сөздөрдүн дээрлик көпчүлүгү Шумер тили менен окшош чыгып жаткандыгында.

Таблицаны караңыз.

Шумерлер менен кыргыздардын ортосунда тилдик жалпылыктар эле эмес, адамдардын сырткы келбети, физономиясындагы куюп койгондой окшоштук, бир тектүүлүк, салттык жалпылыктарды  кайда катууга болсун.

6) Учурда генетика илиминин кан аркылуу улуттун жашын жана кайсы тайпага тиешелүү экендигин ынанымдуу аныктоого мүмкүнчүлүгү жетет.Интернет маалыматтарда (www.pnas.org/doi/10.1073/pnas.171305098) генетика, иммунология, медицина боюнча 18 өлкөдө жайгашкан илимий борборлордун Y-хромосомду изилдеген маалыматы жарыяланган.Анализ көрсөткөндөй алгачкы адамдардын миграциялык толкуну Борбордук Азиядан башталып, Европа, Америка жана Индия  багыты боюнча жер жүзүнө чачыраган.Генетика илиминин тили менен айтканда гаплотип М-17 канынын курамы орус, украиндерде 50%, казактарда 15% (жаш улут экени көрүнүп турат), ал эми кыргыздарда 70% түзгөн. Гаплотип М-17 канынын жаш -таржымалы 15 миң жылга барарын эстесек, кайрадан  кан аркылуу да кыргыздар эң байыркы эл экендиги далилденип жатат.

7)”Эл менен жер киндиктеш”, “Ааламды билгиң келсе өзүнө үңүл”-деген кыргыз сөзүндө ого эле көп маани катылган. Ай-күн-жылдыздарды карап туруп, аба ырайын аныктап, тогоол күндөрдү так эсептеп чыгарып, жаан-чачындын алдын алган жайчылык өнөрдү өздөштүрүп, миңдеген чөптөрдүн эмне ооруга даары экендигин билип, жапайы жаныбарларды бүркүттү баш кылып колго үйрөтүп, үйүнөн жылан чыкса өлтүрбөй ак чачып чыгарган, табияттын сырын, жаныбарлардын тилин билген, өзү айтырбай келген конокту кудайы конок деп акыркы улагы болсо да сойуп сый-урматын көрсөткөн, ички руханий дүйнөсү бай, кыргыздай эл дүйнөдө саналуу.

Кыргыздардын үчтүк эсептөө системасы жана тогоол календары бүгүнкү күнгө чейин актуалдуулугун жогото элек, анткени жаан-чачын, алай-дүлөй, суу көтөрүлүү жана көчкү жүрүү ж.б. кайсыл убакта болорун алдын ала айтуу, тогоол календарысыз проблемалуу, ал эми үчтүк эсептөө системасынын азыркы техникада колдонуудагы экилик эсептөө сис­темасына караганда келечекте зор мүмкүнчү­лүк­төрүнүн бар экендиги талашсыз. Тогоол календарын жараткан кыргыздар анын адам­дарды кырсыктуу учурлардан сактап калуу сырын эч кимден жашырган эмес. Анткени таш доордон бери эле алар ыймандуулук (гумандуулук) адамды эле эмес, адамзатты дагы сактап калуучу касиет деп таанышкан. Ошол себептен алар кимге болбосун тогоол убактарында алыскы жолго, өргүүлөргө чыкпоо,  жыйын өткөрүү, той-топурларды, көчүү­лөрдү токтото туруу, оорукчандарды жалгыз калтырбоо, балдарды үйдөн алыстатпоо керек экендигин дайыма кимге болбосун эскертип турушкан.

Элдүүлүк, Мамлекеттүүлүк, Бирбүтүмдүк!

1.ЭЛ БИРИМДИГИ: Кыргыз- Кызыр даарыган,  уруулардан турган түптүү, нарктуу  эл! Түрдүү себеп менен дүйнөгө чачырап кеткен кыргыз тектүү элдер кайрадан  биригүүгө мезгил келди.“Ырыс алды – ынтымак”; “Улууга урмат- кичүүгө ызат”; “Бөлүнгөндү – бөрү жейт..;  “Элиң менен бийиксиң...”; “Эрден өтмөк бар, элден өтмөк жок”; Эгемендик - эл бактысы. Салттуулукту жана мыйзамдуулукту тең карманалы. Биз башка улуттарга үлгү бололу! Керек учурда башкалардан үйрөнөлү! Бакыбаттуулук – эмгекке жараша, “Көч бара-бара түзөлөт”. Доор талабын түшүнүп, кепке келели. Улуу муундун бай тажырыйбасын, орто муундун жүк көтөрөр кубатын, жаш муундун жалындуу жигерин түзүүчүлүк, өнүп-өсүүчүлүк багытка буралы!

Манас күчү-биригүү!

2.ЖЕР БҮТҮНДҮГҮ: “Эл менен жер киндиктеш”, “Туулган жердин топурагы – алтын!”; Чек ара бекемдиги – бүтүндүк белгиси. Кен казмай, жер сатмай – эртеңкиге көр казмай! Мекениң – эч нерсеге алмашкыс дөөлөт. Ата журттун бүтүндүгүн көздүн карегиндей сактайлы! Кыргыздар бир гана Кыргызстанда улут катары тукум улап өнүгүүгө; өрнөктүү, дөөлөттүү, ооматтуу элге айланууга шарты бар экендигин унутпайлы!

3.МАМЛЕКЕТ КУБАТТУУЛУГУ: Кыргызстан-унитардуу, эгемендүү, бей тарап эркин мамлекет. Мамлекеттик кызыкчылык  баардык башка саясий, диний, жеке кызыкчылыктардан жогору турат. Элге таянган бийлик гана мамлекеттүүлүктү чыңдай алат. Бийлик эл көзөмөлүндө болсо, адилеттүүлүк орноп, өнүгүү ырааттуу жолго түшөт. Бийлик күчү – эл ишениминде. Эл бийлиги-Элдик Курултай аркылуу ишке ашырылат. “Кан бийлигинен нарк күчтүү”. Мамлекет мыйзам уйуткусу. Мыйзам сыйлаган коомдо гана башкаруу адилет болот. Мамлекеттин табиятында –­­ каар жана мээрим бирдей. Мыйзам – бул абийир, акыл-эс, адеп-ахлак жана жашоо эрежеси,  мамлекеттүүлүк жөрөлгөсү. Үй-бүлө – кичи мамлекет жана инсанат бешиги. Аксакалдар көч башында, Аялдар  үйдүн куту. Кыргыз кызы – ыйык жана кол тийгис! Жигиттик намыс, жарандардын мекенчил сезими – мамлекеттин кубаттуулугунун көрсөткүчү. Экономика, саясат жана руханият шайкештикте жүргөн жерде, коом тазарат, тең салмактуу өнүгүү болот. Бийлик менен байлык эл кызыкчылыгына иштегенде мамлекет кубаттанат.

4.КЫРГЫЗ ЭЛИНИН ӨЗҮН-ӨЗҮ ТААНУУСУ: Кыргыз өз тегин, дүйнөтаанымын, тарыхын, тилин, каада-салттарын, касиетин, руханий дөөлөттөрүн таануу аркылуу күчүнө кирет. Өзүн-өзү улут катары тааныган кыргыз эли дүйнөлөшүүнүн сыноосунан жана чоң мамлекеттердин үстөмдүгүнөн өзүн коргоп, коопсуздугун камсыздайт. Көөнө тарыхы бар кыргыз эли, дүйнө цивилизациясына жана руханий маданиятына кошкон салымы менен татыктуу орунга ээ.

5.ДИЛ БИРИМДИГИ: Жараткандын Улуу Кудуретинин мыйзамына ылайык жашап, анын мээримине балкып, бир тилекти, уңгу ишенимди карманып, бир туунун астында, Кыргыз элинин Улуттук тилектешттик дараметин күчөтөлү! Коомдогу сый-урмат—улуттар аралык ынтымакты жаратат. Ак Дил менен адал жашоо  – Ойдун, Сөздүн жана Иштин кыймылын түздөйт. Манастуулук Диларымы айкөлдүккө, аруулукка багыттайт. Демек, улуттук Дилбагыт  элибиздин жалпы биримдикке умтулуу агымын бир нукка салат жана  улуу максаттарга  жетүүгө дем берип, шыктандырат. Кыргыз элинин ар тараптуу биримдик күчү, ооматы, куту жана унутулуп кеткен билим, касиеттери кайра ордуна келет жана күчөйт.”Кеңге кең, тарга тар дүнүйө”. “Манастөр” адам өнүгүү борборун түптөө заман талабы. Кыргыз пейилине аалам батат.

6.ЖАРАТЫЛЫШКА ШАЙКЕШТИК: Тегинен табият менен тамырлаш жашаган кыргыз эли Жараткандын керемети-отту, сууну, абаны, жерди, өзүнөн бөлүп карабай, жандуу кабыл алып, алар менен бир бүтүндүктө өмүр сүрүп келген. Табият – жарык жашоо үлгүсү, өмүр булагы жана нурлуу акыл-эс уйуткусу. Жаратылыш мыйзамын аярлык менен тутунуу – парз. Адам – Ааламдын кичи кейипкери. Туура жашоо – табият мыйзамын сыйлоо деген сөз. Табиятка жасаган мамиле жана анын сулуулугун баалай билүү – адамдын билиминин жана руханий деңгээлинин көрсөткүчү.

7.ДҮЙНӨЛҮК ӨНҮГҮҮ МЕНЕН БИРГЕ БҮТҮНДӨЛҮҮ: Азыр бүткүл дүйнө бүтүндөлүү арымына кирди.  Дүйнөөнүгүү жараянынан  сырт калууга мүмкүн эмес. Дүйнө элин түпкүрдөн  өзгөртүүгө дуушар кылып жаткан заманды туура кабылдап, аны менен шайкеш бүтүндөлүү жолун жаңылбастан тандап алуу абзел. Жер соорасы (планетасы) жана анда жашаган адамзат бир бүтүндүккө багыт алды. Ааламдык өнүгүүнүн агымы менен жарык дүйнө элдери бирдей өнүүгү мыйзамына туш болууда. Бул кең түшүнүктөгү илим-билимге умтулуу, руханияттын жаңы сересине көтөрүлүү мыйзамы коштогон жалпы адамзаттык – биригүү, бүтүндөлүү агымы. Кыргыз эли да, ошол табигый агымга кошулууда жана өзүн дүйнөгө таанытуу менен, жаңы доордун суроо-талаптарын өзүнө сиңирүүгө көкүрөгүн ачты. Кыргыз түпбашаттан келе жаткан өзүнүн нарктуу жолуна түшкөндө, дүйнө эли бизди түшүнүнүп, кабылдайт.

Бул Багыттама  2014-жылдын 23-февраль күнү Бишкек шаарындагы Кыргыз Улуттук драма театрында өткөн “Кыргыз жолу” коомунун  алгачкы уюштуруу жыйында, жети жүздөн ашык адамдын катышуусунда бир добуштан кабыл алынган.

Кыргыз элинин коом түзүү жана эл башкаруу тажрыйбасы

Кыргызда бардык иштер жолу улуулук эреже -тартибине ылайык жүргүзүлгөн.Жеке адамга караганда элдин, мамлекеттин, жамааттын жолу улуу, аны бузууга эч кимдин акысы жок болгон. Ошондуктан, “Хан бийлигинен нарк күчтүү”-деген сөз калган.

Орто кылымдагы ойчул бабабыз Жусуп Баласагындын коом тү­зүү, эл башкаруу багытындагы концепциясы күнү бүгүн да баалуу. Ага ылайык:

– Нарк – коомдун баш мыйзамы;

– Башкаруучулардын адилеттүүлүгү;

– Дөөлөткө жетүү – жалпы иш;

– Элге ак дил менен иштөө;

– Өлкө ооматы эл менен!

                  Элдик Курултай институту

Көчмөн цивилизация­сынан калган улуу мурас, доорлордун сынагынан өтүп келген, башкы коомдук институттарды ырааттуу бириктирип, башкарып турган, ба­гыттагыч, көзөмөл­дөгүч, жөндөгүч маанидеги жамааттык салттуу Элдик башкаруунун формасы.                                                            

Бүгүн дүйнө таанылгыс болуп өзгөрүп жат­кан учурда биздин алдыбызда элибиздин менталитетинен келип чыккан мамлекеттик сая­сий түзүлүштү калыптандыруу, ага төп келген идеологиялык баалуулуктарды аныктоо аркылуу адилет коом куруу мил­дети турат.      

«Жамандын коногу бийлейт» – болбой өлкө атын алып жүргөн түпкүлүктүү кыргыз эли жолду аныкташы керек. Тагыраак айтканда ата-бабалардын жолун татыктуу улантуу зарыл.  Ооба, адамзат цивилизациясынын туундусу катары саясий түзүлүштө үч бийлик бутагы (аткаруу, сот, өкүлчүлүктүү бийлик – Парламент) дүй­нөлүк коомчулук тарабынан классикалык үлгү катары кабыл алынып келет.

Бирок, Бийликтин үч бутагы болгону менен анын бир эле бу­лагы, бир эле ээси бар. Ал – Эл!

Мамлекетти эл түзөт. Эл менен мамлекеттин ажырагыс бүтүн­дүгүнө жетүү үчүн бийлик адамдарынын бүткүл ишмердүүлүгү элдин тилек-үмүтүн, каалоосун, муктаждыгын чечүүгө, жашоо-турмушунун деңгээлин кө­төрүүгө багытталышы керек. Кептин баа­ры эл бийликтин ээси катары укук-милдеттеринин бир бөлүгүн убактылуу ишенип, ыйгарып өткөрүп берген мамлекеттик башкаруу структуралардын ошол ыйык милдетти кандай аткарып жатканында болуп жатат. Мындан улам мамлекеттик бийликти кантип эл үчүн натыйжалуу иштетсе болот деген маселе келип чы­гууда.

Бул маселени салттуулуктун жана мыйзамдуулуктун талаптарына ылайык туура чечүүнүн жолу – бул Элдик Курултай. Демократия – деген Эл бийлиги деген эле сөз. Демек, биз дүйнө элине кошулуп дүңүнөн айтып жүргөн демократиянын нукура көрү­нү­шү, элдик чечимдин үстөмдүгү дал ушул Элдик Курултай.

Бийлик бутактарынын озуйпа-милдеттери так аныкталып, бири-биринен көз каранды эмес эркин болуп, ошол эле мезгилде тире­шүүгө жол бербей, жалпы улуттук-мамлекеттик кызыкчылык үчүн өз ара биргелешип аракеттенүүсү шарт.

Азаттыктын жылдары  көрсөткөндөй элге жооп бербеген, элдин көзөмөлүндө болбогон бийлик эч качан эл үчүн иштебей тургандыгы айкын болду.

Андыктан бийликтин үч бутагын тең элдин атынан көзөмөлдөп, жоопкерчилигин сураган Элдик Курултай институтун Баш мыйзамга киргизүү зарылчылыгы бышып жетилди. Андыктан, кылымдардан келе жаткан кыргыз салтына ылайык «Эрден өтмөк бар, элден өтмөк жок», «Эл мазар, элден чыккан азар», «Эл менен сен бийиксиң, элден чык­саң кийиксиң», «Элдин сөзү бир болсо, Хандын оозу тим болот», «Хан бийлигинен нарк күчтүү» деген накыл сөздөргө таянып эл­дүүлүктүн жолун бийик көтөрүшүбүз зарыл.

Анткени Курултай – бул элдин бийлик жүргүзүүгө тикелей катышуусунун үлгүсү.  Курултай бул – кан төгүлгөн кармашуунун жолу эмес, акылдашып-кеңешип абалдан чыгуунун ата-бабалардан калган ыйык, таза, куралсыз, тынчтык жолу.

Курултай – мамлекеттүүлүктү кармап турган өзөк эле болбостон, дайыма саясий туруктуулукту, коомдогу адилеттикти сактап турган (феномен) өзгөчө көрүнүш.

Кыргыз тарыхында жалпы журттун тагдырына тиешелүү маанилүү маселелерди жалгыз жарым адам эле чечкен эмес. Ага күбө бүгүнкү күнгө чейин Ат-Башыдагы чоң Чеч-Дөбө, дээрлик ар бир айылдардагы кичи чеч дөбөлөр азыр да аты өзгөрбөй тургандыгы баарыбызга маалым. Демек, ата-бабаларыбыз орчундуу маселелерди калк ичиндеги кадырман, көсөм аксакалдар, билермандар, төрө­лөр, бийлер, эл жакшылары чогулуп кеңешип чечишкен.

Ошондуктан айкөлдүккө, аруулукка, адилеттикке, нарктуулукка негизделген өзүбүздүн төтө багытыбызга кайтып, өнүгүүнүн кыргыз жолун улантмайын ишибиз оңолбойт. Жашоо турмуштун бардык тармагын камтыган Кыргыз Мерчемин  кагазга түшүрүп, калың элдин талкуусуна коюу алгачкы кадам.

Бул багыттагы экинчи ишенимдүү кадам Улуттук Программанын негизинде нарк жана мыйзам талаптары эриш-аркак ширетилген калыпта Элдик Курултай, аксакалдар институттары жетиштүү ыйгарым укуктары менен киргизилген  жаңы Баш мыйзамды кабыл алуу зарылдыгы туул­ду.

Ага ылайык:

Жамааттын, коомдун жана мамлекеттин кызыкчылыгы артыкчылык укукка ээ;

Кыргызстанда жашап, иштеп, окуп жаткан жана башка ишмердүүлүк менен алектенген имигранттар кыргыз тилин жана тарыхын билүүгө, анын маданиятын, улуттук каада-салтын жана үрп-адатын урматтап ызаттоого милдеттүү.

Кыргыз Республикасынын улуттук кызыкчылыгана каршы иштеген, чет өлкөлөрдөн каржыланган өкмөттүк эмес уюмдардын ишмердүүлүгүнө тыюу салынат.

Мамлекет дин уюмдарынын ишмердүүлүгүнө тескөө жүргүзөт. Диний экстремизмге, сепаратизмге жана улуттук шовинизмге тыюу са­лынат.

Башка өлкөлөрдүн жарандарын Кыргызстанга иштегенге, окуганга, эс алганга жана башка максаттар менен киргизүү квота менен жүргүзүлөт. 

Элдик Курултай өкүлчүлүктүү бийликтин туу чокусу, көчмөн элдердин тарыхый табериги катары Баш мыйзамга өзүнчө  бап (глава) болуп кирип, ыйгарым укуктарын, статусун так аныктаган конституциялык мыйзам кабыл алынышы зарыл.

Аталышы боюнча «Улуу Курултай», «Элдик Курултай» же «Улуу Жыйын» деп аталабы аны эл чечиши керек.Кеп аталышында эмес мазмунда, элдик бийликти орнотуу аркылуу адилет коом курууда жатат. Сунушталып жаткан жаңы улуттук түзүлүшкө ылайык  Элдик Курултайдын алдында  Аксакалдар   кенеши, Элдик көзөмөл комитети жана  чакан аппарат (катчылык) иш алып барат. Делегаттар, Аксакалдар  кенеши коомдук башталышта иштешет. Делегаттардын жалпы саны  900 болсо, анын ичинен Үч канат ар бири жүздөн  үч жүз, чоң кичине дебей Кыргызстандагы 460 айыл аймагы бирден, калкынын саны 30 миңге чейинки шаарлар бирден, калкынын саны 30 миңден көп шаарлар үчтөн, Ош шаары -15, Бишкек шаары -35, илимий-чыгармачылык мекемелер-25, Кыргызстан элдер ассемблеясы -30, Кыргызстандын чегинен чыгып кеткен атуулдугун сактап калышкан мигранттарга -20 орун берилсе калыстык  болор эле.

Ушул жерден тактай кете турган маселе кыргыз элинин үч канатына кирген кырк уруунун  Курултайы коомдук негизде туруктуу иш алып барган, улуттун-мамлекеттин тагдырына байланышкан маселелер боюнча өз позициясын билдирип мамлекеттик бийликти камчылап, намыска чакырып турган,  нукура элдик эркин орган болсо  өзүн актамак. Анткени, саясий маселелерден сырткары идеологиялык чоң мааниси бар уруулардын жамандык жакшылыктагы туугандык маселелери,маданий-руханий багыттагы жөрөлгөлөрү мамлекеттин колдоосу менен өз алдынча жүргүзүлгөнү эле оң.  Ал эми Мамлекеттик бийлик структураларын түзүүгө катышып, көзөмөлгө алган Улуу Курултайга жогоруда айтылгандай үч канат ар бири жүздөн үч жүз делегатты шайлап жөнөтсө максатка ылайыктуу болот.Улуу Курултайдын 900 делегатынын 300 үч канаттан келсе, калган  аймактардан келген 600 делегаттын жок дегенде 500 дагы эле кыргыздын кырк уруусунун өкүлдөрү келери турган иш.

Жаңы сунушталып жаткан  Улуттук башкаруу системасына ылайык Президенттин Аппараты менен  Өкмөттун  Аппараты бириктирилип аткаруу бийлигинин башында Президент турат. Премьер-Министр кызматы жоюлат. Жогорку Кенеш 45-70 депутаттан туруп Мыйзам чыгаруу ишмердүүлүгүн гана жүргүзөт. Борбордук шайлоо комиссиясынын толук курамы, Жогорку Соттун төрагасы, Башкы прокурор, Эсептөө палатасынын төрагасы  Курултайда шайланат. Президент башында турган Улуттук Кеңеш түзүлүп анын курамына  Курултайдын жетекчилигинен, Аксакалдар  кенешинен жана  бийлик бутактарынан өкүлдөр кирет. Улуттук Кенеш Курултайдын компетенциясына кирбеген бардык маанилүү маселелерди чечет.

Курултай- элдин нарктуу, салттуу, ыйгарым укуктуу, өкүлчүлүктүү жыйыны катары бийлик бутактарын түзүүчү, багыттоочу жана көзөмөлдөөчү жамааттык Эл башкаруу ишин жөнгө салат.  Эл- бийликтин ээси экенин аныктап турган, республикалык жана жергиликтүү маанидеги көйгөйлүү маселелерди талкуулап, алар боюнча чечим кабыл алуу үчүн эл өкүлдөрү катышкан жыйын катары коомдук-саясий системага Элдик Курултай институтун киргизүү керек.

Ошондо Курултай түзүмү:

  • Мыйзамдагы ыйгарым-укуктарына жараша татыктуу кадрларды шайлайт жана бекитет;
  • Бийликтин ыйгарым укуктарын элдин кызыкчылыгын канааттандырууга багыттайт;
  • Бийликтин ишмердүүлүгүнө кийлигишпей көзөмөл салат;
  • Бийлик бутактарынын башчыларынын  отчетун угат жана баа берет;
  • Эл арасында улуттук нарк-насилди, каада-салтты, үрп-адатты, жакшы жөрөлгөлөрдү, бийик моралдык-нравалык сапаттарды калыптандырууга, ал эми жосонсуз жоруктарды, ысырапкорчулукту четтетүүгө өбөлгө түзүп, башка элдердин да жакшы өрнөктөрүн пайдаланып, жаратмандыкка жана өлкөнүн өнүгүүсүнө багытталган мамлекеттик идеологияны түптөйт.
  • Курултайдын чечимдери императивдик күчкө ээ. Улуу Курултайдын чечимдери бүткүл республиканын, ал эми жергиликтүү Курултайлардын чечимдери тиешелүү аймактын бардык мамлекеттик жана коомдук уюмдары, жеке жарандары тарабынан милдеттүү түрдө аткарылууга жатат.
  • Натыйжада Курултай түзүмү мамлекеттүүлүктү сактоонун, бекемдөөнүн негизги түркүгүнө айланат.

Мамлекеттик бийлик бутактарынын ортосунда башкы максатты көздөгөн координациялык аракет болбой жатат. Айрыкча аткаруу бийлигинин вертикалы жогортон төмөн карай жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары менен болгон карым катышы алсызданды. Азыркы колдонуудагы Конституцияга ылайык Президенттин укугунун кескин чектелиши өзүн актаган жок. Жамааттык эл баш­каруу институту Курултай орногондон кийин Президентке бүткүл аткаруу бийлигин эле эмес,  Курултайлар ортосундагы мамлекеттик ишмердүүлүктү мыйзамдын чегинде жүргүзүү укугу менен жоопкерчилигин берүү керек.

Мамлекеттик бийлик менен элдин ортосундагы ажырым кү­чөп, ишенбөөчүлүктүн өкүм сү­рүп жатышы – бүгүнкү чындык. Биздин максат – аягы барып мамлекет,  эл,  бийликтин бир  бү­түн­дү­гүнө алып баруучу жолго түшүү.

Мындай ишти колго алууга алгач бийликке таза, билимдүү, мекенчил адамдардын келүүсүнө шарт түзүүбүз зарыл. Ошондо бийликтин кунары да, коом да тазарат («Сен таза болсоң, мен таза болсом, коом да таза болот» И.Раззаков) үч бийлик бутагынын бири болгон сот системасы жана укук коргоо, күч түзүмдөрү бүгүнкү күндө эң коррупциялашкан тармакка айлангандыгы коом­чулук тарабынан адилет сындалып келет. Партияларга бөлүнүү мурдагы чоюндай бекем сот, күч структураларын да ичинен ыдыратты.

Мамлекеттик бийлик менен элдин ортосундагы ажырымды азайтыш үчүн жана эл ишенимин арттырыш үчүн мыйзамдуулук айдыңында иш алып барышкан сот, прокуратура, юстиция тармагы менен бирге жалпы эле күч түзүмдөрү дагы түп тамырынан жаңылануусу зарыл.

Жакшы, сапаттуу кабыл алынган мыйзамдардын жана кылымдарды карыткан салттуу элдик эрежелердин негизинде иш жүргүзүү- прокуратура, сот , укук коргоо жана күч түзүмдөрүнүн ишин  мамлекеттүүлүктү чыңдоого, элдин, коомдун талабына так жооп берүүгө багыттайт.

Коомдо саясий туруктуулуктун жоктугу экономиканын кыйрашы менен жумушсуздуктун күчөшү, руханий деградация жалпы калк арасында кылмыштуулуктун өсүшүнө алып келди. Биз көй­гөй­­лөрдү түп тамыры менен жоюуда натыйжалар менен эмес анын себептери менен кү­рөш­көнүбүз оң.

Алар төмөнкү кадамдардан турат:

--Кыргыз элинин улуттук табиятына ылайык жаңы Улуттук Программаны жана Баш Мыйзамды  кабыл алуу;

--Элибиздин башкаруу, коом түзүү тажрыйбасынан келип чыккан  Элдик Курултай, Аксакалдар институттарын орнотуу;

--Кадрларды даярдоо, жайгаштыруу ишин ачык, адилет компетенттүү жүргүзүү;

--Мамлекеттик иштеги кесипкөйлүктү, жоопкерчиликти камсыз кылуу;

--Функциялардын бири-бирин кайталашынан арылуу;

--Мамлекеттик мүлктү, жер-суу байлыктарын сарамжалдуу пайдалануу;

--Соттук өкүм чыгарууда элдин өкүл­чү­лүгүнүн (заседателдердин) ролун жогору­латуу;

--Сот, тергөө ишиндеги айкындуулук, адилеттик, калыстык;

--Жазалоодон алдын – тарбиялоого маани берүү;

--Илим, билим жана руханиятка маани берүү;

– Элдик таалим-тарбиянын, Аксакалдар сотунун мүмкүнчүлүгүн кенен пайдалануу.

-Уяткаруу, намыска чакыруу, адал-арамдын маанисин ажыратууга үйрөтүү ж.б.

Коом­догу моралдык-этикалык атмосфераны оңдоодо элдик түптүү нарктарга негизделген салттуу баалуулуктардын мааниси чоң.  Дүй­нөдө камактагылардын саны көбөйгөнү менен кылмыштуулук азайып кеткен жок.

Сот тармагындагы бардык иштер ачык айкын өтүп, көпчүлүк элдин көзөмөлүндө болушу шарт. Соттор өзү эч кимге көз каран­ды болбой, кылмыш ишине байланыштуу далилдер гана анын чечимине негиз боло ала тургандай жагдай түзүлүшү абзел. Адилеттүү, калыс сот болсо бир деңгээлден бир деңгээлге  арызданып  акыйкаттыкты  издегендер азаяр эле. Караган иши үчтөн көп жолу одоно бузулган соттун жеке жоопкерчилигин кароо, сот кызматынан бошотуу тартибин киргизүү зарыл.

Ал эми Элдик Курултай-адилеттиктин, элдик бийликтин кепилдиги катары турмуштун бардык тармагын ыдыратпай, ыраатка салууга күчү жеткен, саясий гана  эмес, элди уят-намыска чакырган, өркөөдөндүк демин козгогон, биримдикке алып келген руханий да институт!

                    Элдик Курултай орносо эмне берет?

1.– «Эл бийликтин жана эгемендиктин ээси» деген Баш мыйзамда жазылып, бирок иштебей келген берене иштей баштайт.Азыркыдай партиялык эмес чыныгы элдик бийлик орнойт. Бийлик дайыма Элдин көзөмө­лүндө болот. Бардык мүмкүнчү­лүктөр бир нукка бурулуп, элдин өзүнө болгон ишеними артат, өлкө туруктуу өнүгүү жолуна түшөт, мамлекеттүү­лүк бекемделет.

2.Бизге дарыдай керек болуп турган адилеттик орнойт. Адилеттүүлүк – таза коомдун түркүгү. Коррупциянын, кылмыштуулуктун тамыры кыркылат. Эл башына таза, адилет, адискөй адамдардын келишине шарт түзүлөт. Элдин бийликке ишеними пайда болот.

3.Бийлик бир топ же үй-бүлө үчүн эмес, эл үчүн кызмат кыла баш­тайт, жоопкерчилик пайда бо­лот. Эл өз өкүлдөрү аркылуу бий­лик жүргүзүүгө тикелей катышып, түйүн­дүү маселелерге акыркы чекитти коюп, олуттуу че­чимдерди кабыл алат. Пикет, митинг, революция кан төгүү өзүнөн-өзү токтойт. Каркыра, Үзөңгү-Кууш сыяк­туу жерлер башкага кетпейт.Кумтөрдөй кен байлыктар элдин, мамлекеттин казынасын толтурат.

4.Мурдагыдай ички жана сырткы күчтөр, дүйнөлөшүүнүн таа­сири мамлекеттүүлүккө кооптуу кырдаал жарата албай калат. Сырт­тан башкаруунун күчү аза­йып ба­ра-бара токтойт. Мамлекет, эл, бийлик бир бүтүндүккө айланат.

5.Улутуна, уруусуна жашаган жерине, саясий, диний көз карашына карабай элди бириктирет жана ичинен тазалайт.

6.Кыргыз элинин титулдук этнос катары бириктиргич өзөктүк ролу өсүп, кадыр-баркка ээ болуп, анын каада-салтын, маданиятын, тарыхын сыйлоо өөрчүп, тилин үй­рө­нүүгө кызыгуу жаралат. Жакшы жөрөл­гө­­лөрдүн жана моралдык-нравалык сапаттардын өсүшүнө шарт түзүлөт.

7.Өлкөбүздө орногон элдик бийлик жана анын натыйжасында жаралган иш жүзүндөгү өнүгүү процесси, ага болгон кызыгууну күчө­түп, Кыргызстандын эл аралык кадыр-баркын көтөрөт. Черчилл айткандай «Демократия деген болбогон нерсе, бирок адам баласы мындан дурус жолду таба элек» болсо, мамлекеттик түзүлүш, эл башкаруу жаатында жаңы этап башталат.

Мамлекеттик башкаруу системасын өнүк­түрүүдөгү бүтүндүктү камсыз кылуу (Курултайдын иштеши) дагы бүткүл элди камтыйт. Азыркы партиялык түзүлүштөгүдөй элди жиктеп бөлүү, бийлик үчүн жаатташып тирешүү токтойт.  Республиканын негизги бийлик бутактарынын өзөктүү иштери Элдик Курултайда каралып, баа берилип, болочок иш багыттар аныкталат. Элдик Курултайда кабыл алынган чечимдер элдик өкүлдөр аркылуу түздөн-түз бардык жергиликтүү аймактарга жеткирилет жана анын аткарылышы элдин көзөмөлүндө болот. Башкаруунун жогорку деңгээлде чечим кабыл алуусу жана анын аткарылышы элдин калың катмарынын кө­зөмөлүндө болуу менен мамлекетти бүтүн кармоо жана элдин келечегин камсыз кылуу механизми белсемдүү иштей баштайт. Курултай – элдин эркин, каалоосун чагылдырган, улуттун жүзүн, ар-намысын аныктап турган индикаторго айланат. 

Элибиздин тарыхый салтына, улуттук менталитетине төп келген коомдук-саясий түзүлүштү туура тактап, анын идеологиялык, экономикалык негиздерин шайкеш өнүктүрө алсак биз эч качан жолубуздан адашпайбыз.     

Дүйнөдө ушуга өтө жакын тажрыйба Кытайда иштеп жатат. Эл өкүлдөрүнүн бүткүл Кытай жыйыны (Всекитайское Собрание Народных Представителей ВСНП ) ыйгарым укуктары, статусу, коомдогу орду, аталышы эле башка болгону менен Курултайдын дал өзү. Жалпысынан 2979 адам жылына бир ирет чогулат, ал эми 150 адамдан турган Ко­митет туруктуу иш алып барат. өкүлчү­лүк­түү элдик бийлик менен партиялык түзүлүш ичинен табигый бириктирилген.

Германиянын Президентин Федералдык жыйын шайлайт. Президент Федералдык Канцлердин талапкерлигин Бундестагка (Парламент) сунуштайт. Монголиянын Парламенти Улуу Хурал деп аталат жана анын өтө чоң ыйгарым укуктары бар. АКШнын Президентин 538 адамдан турган шайлоочулардын коллегиясы бекитет. Эмне үчүн 5 млн эли бар Кыргызстандын Президентин жалпы элдин өкүлдөрүнөн турган Курултай шайласа болбойт?

Өнүгүүнүн үчүнү  жолу аталган “Жашыл китептин”  автору  М.Каддафи түзгөн Ливиянын Элдик Конгресси да жамааттык эл башкаруу институтунун жакшы тажырыйбасы болгон. Жакынкы мезгилге чейин дүйнөнүн 200 мамлекетинин ичинен элдин жашоо деңгээли боюнча  Ливия 54 орунда болчу.  Ал түзүлүштү да америкачыл күчтөр талкалады.

Жапондор Император, Англия баштаган Европанын бир канча өлкөсү Король институттарын бийликтин жана элдин биримдигинин символу катары эң сонун колдонуп, сактап келе жатышат. Биз Курултай институтун көтөрсөк эле кээ бир опоненттер айткандай артты карап калабызбы?

Хандык институт  (азыркыча Президенттик институт)

Курултайдан кийинки  курултайга чейинки башкаруу жана аткаруу иштерин тиешелүү деңгээлде алып барууга  арналган  жогорку  элдик,  мамлекеттик кызмат. Мекендин бүтүндүгү, элдин бакубат турмушу Хандын тактыда бекем олтуруусун шарт­таган. 

Бул маселе улуттук лидер деген азыркы учурда абдан курч турган маселе менен туздөн түз байланыштуу болгондуктан,  учурдун көйгөйүнөн кыйгап өтүүгө акыбыз жок.

Биздин ата-бабаларыбыздын даанышмандыгына дагы бир жолу ынанып таазим этесиң, Кыргыз коомун түзгөн төрөлөр – азыркыча атка минерлер, билгилер – азыркыча илимий-чыгармачылык интеллигенция  жолду  биргелешип, эл менен кеңешип аныктаган. Буга – Манас Бакай-Кырк Чоро үч бурчтугу далил. Ал эми байлар кастасы – дээрлик коомдук өнүгүүнүн нугун аныктоодо өзгөчө роль аткарган эмес. Ал эми азыр болсо акыл-эске маани берилбей чөнтөк маселе чечкен абалга келдик. Саясат-бизнес-криминалдын биригүүсү акыркы жылдары күчөп мамлекеттүүлүккө коркунуч туудурган факторго айланды. Көмүскө экономиканын көрсөткү­чү­- 60–70% чыгышы бийликтин алсыздыгын, коомдун ашкере коррупциялашып кеткендигин билдирет.

Мамлекет башчыларынын кыргыз элине жасаган кыянат иштери элди, өлкөнү оор абалга кептеп, системалуу кризиске такады. («Кылгылыкты Кыргызга кылган качат, сак болгун» – Кетбука). Биринчи Президент 1993-жылкы Баш мыйзамды эл менен кеңешпей, бийликти өзүм билемдик менен пайдаланып, бурмалоого жол бергендигин чоң жаңылыштык катары баалоого болот.

Бизде азыр саясий, партиялык  лидерлер жетишерлик, бирок чыгаан, көсөм улуттук лидерлер жок болууда. Улуттук жол башчысыз улуттук идеология иштебейт. 

Ошондуктан Президент боло турган адам улуттук жоопкерчиликти сезиш керек. Анткени, анын ээлигинде  өзү өсүп чыккан  улуттун жана  ошол улут түзгөн мамлекеттин тагдыры турат. Президент  мамлекетти сактап, элин көбөйткөнү үчүн аны бакубат жашоого жеткирген үчүн, калкынан сый-урмат көрөт, мыйзамды бузганы үчүн башка жарандар сыяктуу эле жазага тартылат.

Эл башына келе турган адамдын башкы касиеттери кандай болуш керек экени тууралуу илгертен эле адамзат аалымдары ар кандай пикирлерин билдирип келишкен.

Мисалы, Платондон: «Эл качан бактылуу болуп жашайт» деп сурашканда, ал: «Качан элди (философдор) даанышмандар башкарганда же элди башкаргандар даанышман бол­гондо» деп жооп берген. Анткени, Платон философторду улуттук элитанын каймагы деп эсептеген.

Эл башчысы болор адам тууралуу орто кылымда жашаган улуу даанышман бабабыз Ал-Фараби да бүтүндөй Чыгыш менен Батышка таасир берген өзүнүн  «Идеал шаар» тууралуу илимий  эмгегинде кызыктуу ой-пикирлерин айтып, өлкө башчысы болор адамдын «12 мыкты сапаты» болуш керек экенин белгилеген. Алар: 

1. Ден соолугу чың, жылдыздуу жана сымбаттуу;

2. Айкөл, кечиримдүү;

3. Түшүнүгү кенен жана терең;

4. Эстутуму мыкты;

5. Алысты  көрө билген аракетчил;

6. Акылман, чечен;

7. Илим-билимге кызыккан жана каныккан;

8. Эрки күчтүү жана кажыбас кайраттуу;

9. Чынчыл жана кара кылды как жарган калыс;

10. Жалган айтканды жаман көргөн;

11. Байлыкка кызыкпаган;

12. Ар-намыстуу жана абийирдүү адам болуш керек.

«Мындай адамды кайдан табабыз?» деген суроого Ал-Фараби: Мындай адамдар сейрек кездешет жана элдин эң аз бөлүгүн түзөт» деп жооп берет. Ошондуктан улуу акылмандын ою боюнча «аларды бири-бирин толуктаган эки-үч адам менен алмаштырууга да болот”-деп жооп кайтарган.

Төрт тарабы төп келген коомдук түзүлүш­түн орношу жана ага бап келген лидердин келиши адилеттүүлүккө жараша болот. Алдаяр уулу Мойт аке  бул туурасында таасын айткан экен: «Адилеттүүлүк жашоонун туткасы. Адилеттүүлүк болбосо, жашоонун оош кыйышы көп болот. Адилеттик болбосо калпычылык, нааразычылык, өкүнүч, андан улам кек сактап кекерлешүү, кыйкым издеп тирешүү, андан улам жаңжал, кан төгүлүп кагылыш чыгат. Адилеттик менен теңчилдик эриш-аркак. Бул экөө болгон жерде ата салты бузулбайт. Кара кылды как жарган калыстык уялайт. Калыстык болмоюнча, теңчилдик жок, теңчилдик болмоюнча, адилеттик жок, балдар! Мына ушуну эл билермандары бекем тутушу парз. Адилеттик – ак иш. Актын жолунан тайбагыла! Адилеттүүлүк жолу- иш,пейил менен шайкеш болушу керек. Иштин жыйынтыгы пейилге жараша болот. Ооз жүзүндө пейил түз өңдөнүп, иш жүзүндө ажырым байкалса, акыры адилет­түүлүккө зака кетет, бара-бара ак жолдон тайыйт. Ак жолдон тайганда кут кетет. Кут ордуна ар кандай ыпластык, калпычылык, эки жүздүүлүк, көз боёмочулук, арамдык деги койчу калкты жолдон адаштырган жаман илдеттер бура бастырбай уюктай баштайт». Кандай таамай айтылган сөз. Жүз кылым өтсө да маанисин жоготпой турган эскирбеген эскертме.

Коомдо адилеттикти орнотуу-улуттук лидердин эң орчундуу ой-максаты болушу зарыл.

Адилеттик эки адамдын ортосундагы мамиледен башталарын, үй-бүлө, жамаат, мамлекет деңгээлинде эле кө­рүнбөстөн керек болсо жалпы адамзат коом­чулугунда өз орду бар өзгөчө түшүнүк. Бү­гүнкү күндө жер планетасынын жаратылыш ресурстарынын 80 пайызын дүйнөнүн он па­йыз эли гана пайдасын көрүүдө. Миллиондогон эл жакырчылыктын чегине жетип, ачарчылыктан кырылууда. Бул албетте дүй­нө­лүк масштабда теңчилдик-адилеттиктин жоктугун айгинелейт.

Адилеттик сакталбаган жерде тең салмактуулук бузулуп, иштин ирети ирийт, жол тумандайт. Коом коррупциялашып, бийлик менен элдин ортосунда ажырым күчөйт. «Улугу адил болбосо, убара болгон эл карып» дейт кыргыз. Ал эми адилеттик орногон коомдо бардык нерсе такталып, өзүнүн кайра жангыс ордуна келет. Эл менен мамлекет бир бүтүмдүккө  айланат. Коомдогу бардык илимий-интеллектуалдык, руханий-чыгармачылык, жаратмандык, материалдык мүмкүнчү­лүк­төр бир максатка багытталып, элдин жыргалчылыгы артат. Эл өзүнүн курган мамлекети, шайлап алган жол башчы менен сыймыктанат. Улуттук ынтымак, биримдик ооз жүзүндө эмес, иш жүзүндө турмушка ашат.

Бийлер институту- Эл ичинен калыстыгы, адилеттиги менен өзгөчөлөнгөн, өзгөчө сый-урматка татыктуулардын ичинен коом  өзү таанып- тандаган, азыркыча сот иштерин жүргүзгөн, талаштуу  чыр чатактуу маселелерди  чечкен  элдик  бийлик жүргүзүүнүн түрү. Кыргыз бийлер институту эч бир кошоматтыкка, сатып алуучулукка жана башка ыймансыздыкка  жол бербестен, коомдун табигый мыйзамдарын, салттуу эрежелерин  туу туткан, а демек, анык адилет сот системасын түзгөн. Жашоо-турмушка байланышкан элдин ысык-суугун моюндап, аткаруу, башкаруу иштерин биргеликте жүргүзүшкөн.Азыр бул вазипаны алына жараша негизинен Сот-прокуратура, министрликтер, жергиликтүү бийлик  органдары аткарышууда.

Аксакалдар институту – аксакалдардын  ыйгарым укугу ата-бабалардын  наркына, салтына негизделип, айылдык, аймактык, улуттук деңгээлдеги уңгулуу маселелерди калыс, адилет чечүүгө багытталган ийкемдүү, ары абройлуу элге жакын жумушчу орган. Аксакалдар институтунун мүчөлөрү адатта улгайган, тажрыйбалуу, руханийликке каныккан, жалпы элдин тарыхын жакшы билген, ойчул, изденүүдөн тайбаган, өз аймагында өтө кадырлуу жана ыймандуу адамдардан турат. Аксакалдар институтун мыйзамдаштырып, мамлекеттик колдоого алып турмуштагы накта татыктуу ордун таап берүү-учурдун өктөм талабы!

Чыныгы адилет, калыс бийлерди жана  аксакалдарды буйруктун негизинде дайындоо болгон эмес. Аларды эл өз ичинен иргеп чыгып, ордун  тактап, таанышкан, ардакташкан, ишенишкен, кубатташкан керек болсо тагдырын ишенип тапшырышкан. Ошого жараша алар да эл ишениминен калбас үчүн өздөрүнүн жоопкерчилигин сезишкен, калктын кызыкчылыгына каршы калпыс иштерге барышкан эмес.

Санжыра: уруулар институту

Жарыкчылыкта санжыралар болбосо өтүп кеткен убакыт жана муундар жөнүндө кандай көңулсүз эскерме каларын көз алдыга элестетип көрүңүзчү...Санжыраларда философия жана фантастика, поэтика жана убакыттын символу бар. Мындан тышкары санжыра-бул элдин улуттук эн тамгасы жана анын таануу белгиси.   Ч.Айтматов

Кыргыз Республикасын түзгөн, атын алып жүргөн кыргыз элине  мамлекеттүүлүктүн пайдубалынын  бекемделишинде өзөктүү жоопкерчилик, ыйык милдет жүктөлгөн. Кыргыз эли-кырк уруунун ынтымак-биримдигинен турган эл экендигибизди тарыхтан жакшы билебиз. Бирок да, анын маани- мазмуну, орду жөнүндөгү маселеге келгенде маалыматтын бир жактуу берилишинен, же жетишсиздигинен улам улуттук уңгубузга кайтып, өз жолубузга түшө албай келе жатабыз.

Биз ким элек ким болдук жана келечекте кандай эл болобуз, өнүгүүнүн кайсыл  жолун тандайбыз -деген маселе азыр алдыбызда турат. Бүгүнкү дуйнөлөшүү заманында өзүбүздүн улуттук жүзүбүздү сактап, бир багытты, бир максатты көздөп, ыкчам иреттүү аракетке келишибиз керек болууда.

Санжыра-эл оозундагы жандуу өтүмүш-болумуштардын таржымалы болгондуктан, тарыхий чындыкты тактоодо ишенимдүү булак катары кызмат  өтөйт. Эл оозунда муундан муунга айтылып келген кыргыз санжырасы-бүгүнкү дүйнө өзгөргөн кайра жаралуу учурунда элге дымак-күч тартуулоо менен ааламдашуунун ач албарс азуусунан аман алып кала турган, бирден бир улуттук эн белги.

“Бир атанын балдарыбыз”-деген ураан Кыргыз улутун түзгөн кырк уруунун өкүлдөрүнүн  ар биринин жүрөгүндө жанып турганда, жалпы улуттун туусу жерге түшпөйт. Биригүүнүн бирден бир жолу –уруулар ынтымагы. Манас атабыз  да чачылган кыргызды өз доорунда  бирден жаран катары эмес, кырк уруунун, алты хандыктын башын кошуу аркылуу бириктиргенин билебиз.

Ар бир кыргыз атуулу  үчүн кыргыз жери–өз үйү,ыйык мекени. Дүйнөнүн бир да  башка жеринде кыргыз элинин  ээн эркин,тукум улап, өнүгүп өсүшү үчүн Кыргызстандагыдай шарт жок.Ошондуктан  Мекен, ЭЛ, Малекет-деген үч ыйыктык жөнүндө сөз болгондо калган маселелер андан кийин турат.

Биз кыргыздар байыртан келеаткан тарыхыбызды тактап, даңазалап; керемет тилибизди билип, урматтап; айкөлдүк философиябызга таянып; нарк-нуска, каада-салтыбызды сактап-жашаганыбызда гана туура багытыбызды таап, өнүгүүнүн өз жолуна чыгабыз.Ошондо гана кыргыз элинин өзөктүк ролу өсүп, Кыргызстанда жашаган башка улуттарды өзүнүн тегерегине бириктире алат.

Азыр замандын талабы өзгөрдү, дүйнөлүк элдер менен интеграция күчөп жатат.Улуттук жүзүбүздү сактап калабыз десек өз жолубуз менен өнүгүүбүз керек. Азыр да ааламдашуу процесси айлабызды алты кетирип, социалдык-чарбалык маселелер чачтан көп болуп турганда ата бабалардын нарктуу жолуна түшүп, бирбүтүмдүккө келели. Кыргыз санжырасын сактаса, санжыра кыргызды сактайт!

 Үй бүлө институту

Үй бүлө-кичи мамлекет.Инсанат – үй-бүлөдөн башат алып, коом­го мүчө болот. Үй-бүлө жана мамлекет адамдын инсан  болуп калыптанышын камсыздайт. Жолу улуулукка негизделген үй-бүлөлүк  ички эреже тартип боюнча ата-эне-баланын өз ордулары так аныкталган. Ата-үйдүн ээси, Эне-үйдүн куту, бала ортосундагы шам чырак. Адистердин маалыматы боюнча баланын 13 жашка чейинки өмүрүнүн 70% эне менен өтөрү аныкталган.Андыктан, балдарга татыктуу тарбия берүүдө эненин орду эбегейсиз чоң.  

Ата балага акыл-насаат айтып гана тим болбостон, турмушка бышырып, билим алуусуна шарт түзүп, үйлөп-жайлап, шартына жараша  мал-мүлкүнөн энчи бөлгөн. Бул деген руханий азык менен кошо  материалдык байлыктын башталмасын берилип, жаңы жаш үй бүлөнүн түйүлдүгүнүн түзүлүшүнө үрөөн ташталган.

Элдин асыл тукумдуулугун (генефонд) сактоо максатында жети ата өтпөй башаламан үйлөнүүгө жол берилген эмес.  (“Энесин көрүп кызын ал.” “Аганы көрүп ини өсөт, эжени көрүп сиңди өсөт.”) Үй бүлө күтүүнүн ыйман-адепке ширетилген жол жоболору үрп –адат, каада-салт болуп канга, жанга сиңген.

Кыргыз элинин ишеним, дүйнө тааным баа­луулуктарын, коом түзүлүшүн, каада -салтын, элдик медицинасын, педагогикасын, сөз жана музыка өнөрүн, кол өнөрчүлүгүн илимий нукка салып изилдеп, кайрадан калк казынасына кайтаруу иши колго алына баштаганы кубанычтуу көрүнүш.

                                  Каада-салт

К. Тыныстанов: «өз элиңди, өз тилиңди, өз ата салтыңды үйрөн, бил жана аны көздүн карегиндей аяр сакта! Ал сенин өмүрүң, көрөр күнүң, ичер сууң».

Кыргыздын байыртадан бери муундан муунга, ооздон оозго, атадан балага, энеден кызга өтүп келе жаткан улуттук каада-салты, үрп-адаты – сөөккө сиңген, кан, жан, эненин эмчек сүтү аркылуу улуудан кичүүгө өтүп келе жаткан, элди бузукулуктан арачалаган, оң жол көрсөтүп тарбиялаган касиеттүү эреже, жашоо-турмуштун жол жоболорун аныктаган энциклопедиялык жыйнак.

Алсак, бата берүү, ат коюу, кыркын чыгаруу, бешикке салуу, тушоо кесүү, баласын үйлөө, кыз чыгаруу, төркүлөтүү, достошуу, антташуу, шерттешүү, жарашуу, кеңешүү, сөйкө салуу, өрлүктөө, адамды акыркы сапарга узатуу, кошок кошуу, жоктоо, той берүү, атасына аш берүү, түлөө өткөрүү, энчи берүү, шерине, конок тосуу ж.б. көптөгөн кылым карытып келе жаткан каада-салттарыбыз бар.

Элдик салттуу эрежелер бир күндө же бир жылда эмес мезгил таразасынан өтүп, эленип, кошулуп, жыйналып кереги жогу жолдо тазаланып, колдонуудан чыгарылып, иргелип олтуруп  туруктуу салтка айланат. Өлкөнүн руханий, маданий, интеллектуалдык жана медициналык өнүгүшүнө салым кошкон элдик салттар мамлекет тарабынан камкордукка алынып, кеңири колдонууга ачык болушу шарт.

Кыргыз коомун бекемдөө үчүн бир эле Кыргыз элинин салттары менен гана чектелбестен, башка калктардын да мыкты сапаттарын үйрөнүп, жакшы өрнөгүн алуу керек. Кытайдын улуу ойчулу Конфуций айткандай, «Элди мыйзам менен башкарсаң кылмыш­туулук көбөйөт, салт менен башкарсаң адеп­түү­лүк күчөйт» дегени калетсиз экени ушундан билсек болот, эгемендик жылдарында 3 миңден  ашык мыйзам, 20 миңден ашык Өкмөттүн токтомдору, 35 миң ченемдик-укуктук актылар кабыл алынган менен натыйжа начар жагынан баарыбызга белгилүү. Ал эми салттуулуктун, нарктуулуктун жолу зыңгырап бекем турат.

Акыркы мезгилде куру намыска берилип бири-бирине атаандашып, ашыкча ыгым-чыгымга жол берүү, салтка шылтай салып кыз ала качмай өнөкөтү коомчулук тарабынан адилет сынга алынууда. Демек, бул маселелерди эл өзү иретке салат.

Кыргыз эли байыртадан айтканы жаза кетпеген, көп нерсени алдын ала көрө билген көсөм, билги, олуя, даанышмандарын угуп; акылман ак таңдай акындары менен манасчыларын ардактап; эл коргогон баа­тыр­­ларын туу тутуп; ар тарабы келишкен аруузат аял­дарын улут сыймыгына айлантып, би­йик баалай билген; табият­тан тоону, сууну, жаныбарлардан жылкыны кастарлап келген.

Эркин, адилет коомду түптөө, мамлекеттүү­лүк­тү бекемдөө, мекенди коргоо, салтты сыйлоо, мыйзамды сактоо -дүйнөдөгү өр­нөктүү элге, дөөлөттүү өлкөгө айлануунун накыл нукура жолу.

Кубаттуу экономика – мамлекеттҮҮлҮктҮ  бекемдөөнҮн негизги шарты

Азаттыктын жылдарында экономика тармагында сезилерлик өсүштү камсыз кыла алган жокбуз. Тескерисинче  СССРден мурас катары калган өндүрүштүк, материалдык жана руханий байлыктарды талкалап, карызга белчесинен батып, мамлекеттүүлүктү жоготуп коюу коркунучунун чегине келип жетти. Бюджеттин таңсыктыгы азайбай көбө­йүүдө, тышкы карыз 5 млрд долларды чапчыды. Жалпы дүң продукциянын көлөмү өспөй төмөндөп жатат. Бүгүнкү күндө да максатсыз карыз алуу аракети уланууда.

Биз бүгүн неоколониализмдин торуна чалындык. Дүйнөлүк банк, Эл аралык валюта фонду бизди күн санап карызга батырууда. Биздин бийликтеги атка минерлерибиз жеке кызыкчы­лыктарынан чыга албай «сырткы күчтөргө» кызмат кылы­шууда. Алар бизди кайрадан «көз каранды» элге айланды­рууга аракет жасашууда.

Бүгүнкү күндө Кыргызстан эле эмес бүт­күл дүйнө саясий, экономикалык жана руханий кризиске кабылды. Доор өзгөрүп, мурдагы баалуулуктар кый­рап, адамзат цивилизациясы абалдан чы­гуунун жаңы жолдорун издөөдө.

Адам баласы жаратылыш байлыктарына материалдык кызыкчылык үчүн керектөө­чүлүк көз караштан гана мамиле кылгандыктан табияттын улуу шайкештиги бузулуп, өз нугунан чыгып, экономикалык кризис менен кошо жаратылыш кырсыктары көбөйүп жаткандыгына күбө болуудабыз. Андыктан, чарба жүр­гүзүүдө руханий-экономикалык тең салмактуу өнүгүү усулун карманганыбыз оң.

Экономикалык өсүш үчүн биринчи иретте өлкөдөгү тынчтык, ийкемдүү салык жана иштей турган мыйзамдар керек.

Кыргызстан ар тараптан өнүккөн кубаттуу өлкөгө айланыш үчүн төмөнкү жагдайларга маани берсек:

1.Сырттан карыз алууну токтотуп, ички мүмкүнчүлүктөргө басым жасашыбыз керек.  Бюджет системасы социалдык багытта эмес, өндүрүштү колдоого багытталган реалдуу секторду каржы­лоого жумшалып, ал үчүн приоритеттүү тармактар  катарында:

– Суу-энергетика өндүрүшүн;

– Тоо-кен өндүрүшүн;

– Айыл чарбаны;

– Жеңил өнөр жайын колдоону;

– Азык-түлүк коопсуздугун;

– Коргонуу, ички тартип, чек ара жана  тышкы коопсуздукту;

– Билим, илим жана инновация тармагын;

–  Инвестициялык чөйрөнү жакшыртуу;

– Эркин экономика соода аймагын мыйзам чегинде калыптандырууну;

– Мүлктү инвентаризациялоодон өткөрүү, пайдаланылбай жаткан кыймылсыз байлыктарды айлантууга (оборот) тартуу;

– Ийкемдүү банк секторун жөнгө салу, акча банкнотторун Кыргызстандан чыгаруу зарыл.

2. Бюджеттин  киреше бөлүгүн көбөйтүү үчүн көмүскөдөгү экономиканы легалдаштыруу, ишкерлерге ийкемдуу салык, текшерүү саясатын сунуштоо жеңилдетилген кредиттерди Ата мекендик товар өндүрүүчүлөргө узак мөөнөттөргө берүү, жергиликтүү бийлик, борбордук өкмөт ар бир айылга, шаарга жумуш орундарын түзгөндүгү, бюджеттин киреше бөлүгүн кеңейткендиги жана инвестиция тарткандыгы менен бааланып, алардын ишмердүүлүгүнө эл өзү калыс баа бергидей шарттарды түзүү зарыл.

3. Президенттин аппараты менен өк­мөт­түн аппараты бириктирилип, аймактык-административдик реформа жүргүзүлүп,  бири-бирин  кайталаган министрликтер, мекемелер жоюлуп, алардын саны 12ден, ЖКнын депутаттары 45тен  ашпоосу керек. Натыйжада башкаруу аппараттын санын 40 пайызга кыскартуу менен 8–10 млрд сом каражат үнөмдөлмөкчү.

4. Экономиканы либералдаштыруу менен пландаштырууну айкалыштыруу аркылуу эркин жана ачык атаандаштыкты камсыз кылуу. Бул жеке инвестицияларды колдоп, аларды экономиканын гүлдөшү үчүн жумшоо дегендик. Ишкердүүлүккө кедерги болуучу бардык бюрократтык тоскоолдуктарды алып таштоо керек.

5. Чет элдик инвестицияларды түз тартуунун негизи катары жакшы эсептелип, жөнгө салынган  салык системасынын баарына бирдей тиешелүү­лүгүнө жетишүү болуп саналат.

6. Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүгүүсүнүн негиздүү жана ырааттуу стратегиясын иштеп чыгып, так максаттарын жана артыкчылыктарын аныктоо ылаазым.

7. Сыртка кеткен эмгек мигранттар жалпы дүң продукциянын 3/1 бөлүгүн берип жаткандыгына карабастан бул каражаттар өндүрүшкө салынбай, алардын демилгелери колдоо таппай аш тойлорго, үй, машина алуу­га ж.б. майда майнапсыз иштерге жумшалып жаткандыктан бул маселеге мамлекеттик маани берилип, бул каражаттар “Эл банк” аркылуу пайдалуу максаттарга жумшалуусу зарыл. 

8. Жаңы миң жылдыкта экономикалык атаандашуу үчүн чыныгы квалификациялуу адистерди тарбиялообуз зарыл. Бул кеңири мааниде алганда көп жылдык божомолдоо, талдоо жана изилдөө жүргүзүү дегенди билдирет.

9. Чакан жана орто бизнести, кол өнөрчү­лүк тармагын колдоп, этноэкономикалык нукта өнүктүрүү зарыл.

Кыргызстандын өзүнөн чыгуучу чийки сырьёлорду алсак: эт, сүт, жүн, тери, пахта, тамеки, азык оокаттары ж.б. айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүчү заманбап технологиялар менен жабдылган ишканаларды куруп, элди жумуш менен камсыз кылмайын экономика көтөрүлбөйт, жашоо турмуш оңолбойт.

Элге жогорку пайыз менен кыска мөөнөткө кредит бергенге караганда мамлекет жумуш орундары менен камсыз кылганы пайдалуу.

Айыл чарбасын ийгиликтүү өнүктүрүү үчүн үч негизги шарт керек. Биринчиси – жеңилдетилген насыя, экинчиси – кайра иштетүү, сатып-өткөрүү рыногун түзүү жана селекция, асыл-тукум мал-өстүрүү тармагын өнүктүрүү, зооветеринардык кызматты калыбына келтирүү, чарбаларды ирилештирүү чараларын иштеп чыгуу.

Биз бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна (ВТО) киргенибиз менен бул зор мүмкүнчүлүктү колдонбой келебиз.  Дүйнөдөгү таза экологиялык аймак эсептелген Кыргызстанда өндүрүлгөн айыл-чарба товарларын, жер-жемиштерди, ичүүчү таза сууну, таза чөптөр­дөн, өсүмдүктөрдөн жасалган дары-дармектерди  эмдигиче дүйнөлүк рынокко алып чыга алган жокпуз. Андыктан, продукцияны өндүрүп сатууда, илимди, алдыңкы технологияны колдонуп, товарлардын, азык-түлүк­түн сапатын көтөрүп, сакталуу мөөнөтүн узар­тып, эл аралык стандартка жеткирүүбүз зарыл. Дыйкан бир эле маалда чарбасын өнүктүрүп-өстүрүп, анан продукциясын  сатып отура албайт.

– Бүгүнкү шартта чийки зат бойдон сатуу­га караганда заманбап технологиялык жабдууларды колдонуу менен айыл чарба продукциясын  кайра иштетүүнү республикалык жана жергиликтүү деңгээлде уюштуруп, чет  өлкөгө сатуу алда канча кирешелүү.

Андыктан, Кыргызстандагы 300 миңден ашык майда чарбалар дүйнөлүк соода айдыңына өз алдынча эч качан кире алышпайт. Мисалы: этти дүйнөлүк дүңүнөн сатуу биржасына алып чыгуу үчүн эң аз дегенде 10 миң тонна талап кылынат. Мындай шартта чарбаларды ирилештирүү менен бирге мамлекеттик сатып алуу, өткөрүү кызматтарын  жана логистикалык борборлорду жандандыруу зарыл. Биздин ички рыногубуз жетишсиз болгон соң, экономиканы көтөрүү үчүн экспортко басым жасаганыбыз оң.

Кыргызстан – жеңил өнөр жайдын жана таза азык-түлүктүн мекени – аталыштагы эл аралык брендди калыптандырууга толук шарт­тары бар.

КРнын уникалдуу суу-энергетикалык ресурстарга бай. Дүйнөдө электр энергиясына муктаждык артып атканына байланыштуу, суу-энергетика комплексин өнүктүрүү жана тактоо өлкө үчүн стратегиялык мааниге ээ. Суу энергетикалык ресурстарын пайдала­нуунун негизги артыкчылыктары ири инвестицияларды тартууга так айтканда Камбарата-1, Камбарата-2 сыяктуу ГЭСтерди модернизация­лоо жана жаңыларын курууга багытталууга тийиш.

Бирок өз күчүбүз менен кичи ГЭСтерди жана тоолорго шамал электр станцияларын (ШЭС) куруу зарылдыгы келип чыкты. Кичи ГЭСтерге, ШЭСтерге аз санда каражат жумшалып, анча чоң эмес дайра-өзөндөрдө, тоо кыркаларында курулмакчы. Бул максат­тардын аткарылышы өлкөнүн гана ичинде электр энергияга болгон муктаждыктарды чечпестен, электр энергиясын чет өлкөлөргө экспорттоого  мүмкүндүк берет. Андан тышкары, суу менен энергияга төлөнүүчү тариф маселесин оң чечет. Себеби, рынок экономикасынын шартында бул ресурстар өз алдынча сатылууга тийиш. Анткени,  суу да, неф­ти да жаратылыш байлыгы. Датка-Кеминдин курулушу энергетикалык көз каранды­лыкка жетишүүдө ишенимдүү кадам болуп калды. Энерго секторду чачыратып бөл­бөй, мурдагыдай бирдиктүү системага алып келүү керек. Энерго тармагы 1998-ж. рентабелдүү болуп, 1,2 млрд сомдон ашык киреше менен чыккан. Мамлекетке 400 млн сом салык төккөн, азыр болсо чыгашалуу тармакка айланды.

«Кыргызгаздын», эми болсо “Кыргызнефти” ишканасын Россиянын «Газпромнефть» компаниясына сатылышы туура эмес кадам. Экономикалык жактан башка өлкөлөргө көз каранды болуу суверендүүлүккө доо кетирет.

Тоо-кен өнөр жай тармагынын өтө чоң мүм­күнчүлүктөрүнө карабастан өлкө үчүн эмес жеке кызыкчылыктарга, чет өлкөлүк шылуундарга иштөөдө. Сырттан келген өнөктөштөр менен келишим түзүүдө кирешенин эмес, өндүрүлгөн продукциянын 60% тен кем эмес бөлүгүнө ээ болуу шарты бекем сакталуусу зарыл, болбосо  Кумтөрдүн мисалы кайталана берет.Андан да алгылыктуу жолу  аталган тармакта айкындуулукту, мыйзамдуулукту орнотуп, тоо-кен, жер-суу байлыктарын, чет өлкөлүк менеджерлерди, адистерди жалдап, жаңы технологияны алып келип өзүбүз иштеткенибиз оң. Тоо-кен байлыктарын иштетүүчү мамлекеттик корпорациянын түзүлүшүн учур талап кылууда.

Туристтик кызматтын эл аралык рыногунда Кыргыз Республикасы чоң потенциалга ээ. Туристтердин көпчүлүгүн  жакынкы жана алыска чет өлкөлөрдөн келүүчү адамдар тү­зөт. Бул Кыргызстан үчүн чоң кирешелүү ту­ристтик эс алуу комплексин түзүүгө көмөк берет. Айрыкча экотуризм, этнотуризм  республикада эң келечектүү экономикалык сектор болуп калмакчы.

Суу баскан жерлерибизди тарытып, жепирейген үйлөрдү сала бербей архитектура жана курулуш тармагын мамлекеттик кол­доого алуу менен улуттук калоритке ыла­йык келбеттүү, кооз, ыңгайлуу шаарларды, көп кабаттуу үйлөрдү куруу экономиканы жандандыруучу факторлордон болуп калмакчы. Бул тармакка жеке сектордун капиталын жана инвесторлорду эч кыйынчылыксыз тартууга болот. 

Жол, транспорт, маалымат, байланыш, те­лекоммуникация иштерин заманбап өнүк­тү­рүүнү колго алуу менен негизинен бул тармактагы мүлк ээлери Кыргызстандын жарандары болгондой шарт түзүү зарыл.

Тоннель аркылуу түз тоолорду тешип Бишкек-Ош темир жолун куруу долбоору адистердин тобу тарабынан сунушталууда. Эгер бул жол курулса түндүк-түштүк маселесин чечүүгө, экономиканы көтө­рүүгө, мамлекеттин коопсуздугун алдын алууга, улуттар аралык ынтымакты бекемдөөгө, элдин жашоо-турмушун оңдоого шарт түзүл­мөк. Мындай чоң долбоорду ишке ашырууга инвесторлор табылмак, себеби тоннелди казуудан чыккан таш, кум, кен байлыктардын баасы кеткен чыгымды ашыгы менен жаап кетиши мүмкүн.

Тешип өтүүчү жерлер 200 км ашпайт, жолдо  Чаек, Казарман станциялары иштейт. Эгер Кытай-Кыргызстан темир жолу курула турган болсо, бул долбоор менен Торугарт-Казарман аркылуу биригет. Балыкчы-Кара-Кече темир жолу өзүнөн-өзү ишке ашат.Экологияны сактоо максатында электричкалар иштейт.

Жерди, мүлктү жеке колго бердик, каалагандай жашагыла деген туура эмес. Жер суу, кен байлыктарды, кирешелүү тармактардын негизгилерин мамлекеттик менчикте кармап, социализмдин улуттук менталитетке туура келген түптүү идеяларын сакташыбыз зарыл экендигин, ар качан мамле­кет­тин тикелей милдетин танууга болбостугун Кытайдын мисалында көрүп жатабыз. Ар кандай иштин натыйжалуу жүрүшү үчүн жоопкерчилик, тартип, мыйзамды сыйлоо, сарамжалдуулук, үнөмчүлдүк, тактык талап кылынат. Ал эми иштин жыйынтыгына жараша жакшы ийгиликтерге жетишкендерди сыйлап, бүлүндүрүп талкалагандарды, талап тоногондорду токтоосуз кызматтан алып жазалоо зарыл. Экономиканы көтөрүүдө Ленин айткандай эсеп жана көзөмөлдүн  мааниси абдан чоң.

Өлкөдөгү интеллектуалдык жана материалдык мүмкүнчүлүк­төрдү бириктирип, жаратуучулук-түзүүчүлүк багытка буруу үчүн КМШ мамлекеттеринин бардыгында ушул күндөрү ийгиликтүү иштеп жаткан Сактык банк, Халык банк ж.б. иш тажрыйбаларын эске алуу менен “Эл банкын уюштуруу маселеси бышып жетилди.

Бул ой-сунуштун өзөгүндө жалпы журтту көтөрүүчү, башкы максатка төп келүүчү мекенчилдик, адилеттик, биримдик идеясы менен кошо өлкөбүздүн экономикасын көтө­рүүнүн күчтүү рычагы катары элдин өзүнүн жигердүү катышуусунун негизинде ишке ашуу­чу жамааттык, мамлекеттик кызыкчылыкты камсыздаган банкты түзүү маселеси турат. Элибиз намыскөй билимдүү калк. Ар кандай негизи бар келечектүү ой-сунуш демилгелерди колдоп кетерине терең ишенебиз. “Эл банкын” накта элдин каражаты (Кореянын мисалында) жана өкмөттүн колдоосу менен 50–50 пайыз үлүш менен түзүлүп, акционердик коом тибиндеги ачык банк болсо, алтын-валюта каражаттарын күрөөгө коюуга, сатуу­га жана башка максаттарга иштетүүгө  мүмкүн­чүлүк түзгөн механизм иштелип чыкса, бул багыттагы ишенимдүү кадамдардан болуп калмакчы. Инвестициялык фонд, Ипотека агенттиги, “Эл банкынын” алдында тү­зүлүшү зарыл.

“Эл банкынын” ишмердүүлүгүн цивилизациялуу жол менен уюштуруу үчүн Сактык банкына түшкөн каржыларды топтоп, максаттуу пайдалансак, чет жакта иштеп жаткан атуулдардын акчаларынын айлануусун, бюджеттик мекемелердин бир бөлүгүн  аталган банк аркылуу тейлеп, кызыл кулактарга чек койсок элибиздин жаратмандык духу ойгонуп, Бүткүл дүйнөлүк валюта фонду, Эл аралык банк сыяктуу чет өлкөлүк сүткорлорго көз каранды болбой, өз киндигибизди өзү­бүз кесип, керек болсо жеп-ичип качып кеткендерди ушул банкка төктүрүп, абалдан өз күчүбүз менен чы­гып кетүүгө эмне үчүн болбосун?! Инвестициялар жөнүндөгү мыйзамга толуктоо, өзгөртүүлөрдү киргизүү менен банк, финансы системасын реформалоонун башаты  катарында ири инвестициялык долбоорлорду аукционго койгондо сөзсүз түрдө сунушталган сатылуучу баанын 10 пайыздан кем эмес өлчөмүн Улуттук банктын алдындагы алтын жана валюта корун түптөөгө которулушу керек.

Экономиканы  көтөрүүнүн  эң  негизги шарт­тары болгон мамлекеттик мүлккө кол салган коррупциялык схемаларды талкалап, көмүскө экономиканы ачыкка чыгарып, адилеттүүлүктү, мыйзамдуулукту, элдик көзө­мөл­дү орнотуунун жолу – дагы эле болсо Курултай институту.    

Экономика – мамлекеттүүлүктү сактап турган  негизги  түр­күктөрдүн  бири.

Келечектин жолу-илим, билим жана руханият!

Кыргыз сөзү: Илим – ийне менен кудук казганга барабар.

Адамзат цивлизациясынын тарыхын карасак канчалаган атагы таш жарган императорлор, султандар, хандар, полководецтер кылычтын күчү менен дүйнөгө бийлик жүргүзгусү келишсе, кийинки мезгилде саясий-аскердик таасир көсөтүү аркылуу ааламды бийлегиси келгендердин арааны жүрүп жаткан учур. Бирок, бул жол да Жараткандын талабына туура келе бербеген кара күчтүн үстөмдүгүнө алып кетүүчү келечеги жок багыт.

Жаңы кирип келген доордун талабына, өзгөчөлүгүнө жараша багыт тутунганыбызда жолубуз түздөлөт. жаңы доордун түптүү негизинин бир канатын нукура илим, экинчи канатын жан дүйнө азыгы руханият түзөт.

Дүйнөлүк практикада өнүк­көн өлкөлөр илим аркылуу га­на ири ийгиликтерге жетишкен. Эң негизги инвестиция илимге салынышы керек, анткени ал түпкүлүгүндө өзүн ак­тоочу рентабелдүү тармак. Эгемендик жылдарында Кыргызстандагы илим арт­ка кетип жаткандыгы жашырын эмес. Улуттук илимдер академиясынын абалы, илимдин докторлору, кандидаттарынын эмгек маяаналары башка өлкөлөргө салыштырганда акыркы орунда. Кыргыз эли таланттуу элдерден экенине карабастан, анын генетикалык руханий резерви али Нобель сыйлыгынын лауреатын жарата элек. Анткени кыргыз илими улуттук жеке жүзүн таба элек. Айрым жаңы табылгалар менен ачылыштар мамлекет тарабынан колдоого алынган жок. Мамлекет илимди азыркы мезгилде унутта калтырып койгондой абалда. Буга төмөнкү цифра аргумент боло алат:

Эгерде дүйнөлүк деңгээлден алганда башка мамлекеттер орточо эсеп менен ички дүң продукциясынын 2%ин илимге жумшайт. М.: Кытай 2,5%, Япония 3,5% жумшаса, Кыргызстандын илимге бөлгөн каражаты 0,12%. Демек, 0 (нөл) каражат менен кыргыз илими ачылыш жасай алабы? Албетте, жок. Ошондуктан илимде жалган илимпоздор (лжеученье) көбөйдү. Акчага жазылган диссертациялар окумуштуулардын материалдык жакырчылыгынан келип чыгып жатканы бекеринен эмес. Бул багытта Россия жалган илимпоздукка катуу күрөштү баштады. Бизде бийликтегилер мындай демилгелерди колдоонун ордуна, тескерисинче, жалган илимпоздукка ыңгайлашуу менен өздөрү жогорку орунда олтурганда эптеп, илимий наамга ээ болуу аракетинде жүрүшөт.

Кыргыздар табиятынан  эле илим-билимге умтулган элдерден.  Азыркы, XXI кылымдын кыргызы – алдыңкы илим жетишкендиктеринен кабары бар, жаңыланууга умтулган инсанат. Ары жагы Манас – кыргыз – тааным, бери жагы – нанотехнология, биотехнология, металл илимдери, кыртыш изилдөө, иммунология ж.б. окумуштуу­лук багыттарын өздөштүрүп, дүйнөлүк илим чөйрөсүндө таанылууда. Бизде күн менен шамалдын, от менен суунун энергиясын натыйжалуу пайдаланып, энергетика тармагын ондогон эсе натыйжалуу деңгээлге көтөрүүгө багыт алган илимий изилдөөлөр бар. Айыл чарбасында «жашыл революция» жүргүзүүгө мүмкүнчү­лү­гүбүз бар: өсүмдүктөрдүн иммунитетин жо­го­рулатып, жерди асылдандырып, түшүмдүү­лүктү 200–800%га жеткирүүчү илимий ойлоп табуулар бар. Күн менен шамалдын, от менен суунун энергиясын натыйжалуу пайдаланып, энергетика тармагын ондогон эсе өстүрүүгө багыт алган илимий изилдөөлөр жетиштүү.

XXI кылым адамзат цивилизациясынын тарыхында зор өзгөрүүлөрдүн эшигин ачкан, бир эле мезгилде азабы коштолгон түбү ак жолтой кылым болот шекилдүү. Аалам-жердин, жан жаратылыштын уңгу-өзөгүнүн бирдиктүү мыйзамын илимий далилдеген кандашыбыз С. Кадыровдун «Уңгу талаа» тео­риясы Дүйнө бүтүндүгүн таанып, салаалаган тармактуу илимдердин интеграция­сына жол ачкандыктан бири-бирине карама-каршы келген нормаларды жокко чыгарды. Буга чейин түшүндүрүп келгендей дүйнө өнүгүү дайыма эле карама-каршылыктардан турбастан улуу гармонияга уюп, шайкештиктин, теңчилдиктин теңирий агымы менен өнүгүп-өөрчүп турары ачыкталды. Андыктан адам – аалам маселесин бирге карап, ар тараптуу изилдөө иши алдыбызда турат. Улуттук руханий жүзү­бүздү сактап, илим-билим жана технологиянын жаңы жетишкендиктерине умтулуу жаңы доордун талабы болуп калмакчы.

Ар бир кыргыз руханий-материалдык байлыктын ээси болуп, илимий ой жүгүр­түү­гө багыт алса, анда чарбачылдык, макро жана микроэкономика алдыга озуп, эл чарбасы башка илимий багыттар менен жуурулушуп, сапаттык бийик өнүгүүгө багыт алмак. Биз азырынча бул багытта бир дагы өкмөттүк илимий-стратегиялык программа көрө да, уга да элекпиз.

Кыргызыстандагы илимди жолго коюу анын дүйнөлүк стандарт­тагы өз энчисин – ички дүн продукциянын 2%ин өзүнө берүү аркылуу гана оң чечилет. Ансыз илим менен техниканы өнүктүрүү мүмкүн эмес.

Мамлекет төмөнкү маселелерди чечүүнү  өзүнө алуусу шарт:

  • Илимий жаңы табылгаларды турмушка ашыруу, өндүрүшкө киргизүү мамлекет тарабынан каржылануусу зарыл;
  • Илимий монографиялар, илимий-популярдуу адабияттар, окуу­чулар жана мугалимдер үчүн методикалык колдонмолор мамлекеттин эсебинен басмадан чыгууга тийиш;
  • Компьютердик технология, интернет булактарында кыргызча маалыматтар, илимий ачылыштар мамлекеттик көзөмөлгө алынуу менен жарыяланышы зарыл.

Мамлекет окумуштуу-илимпоздорду моралдык колдоо ишин да унутта калтырды. Бул багытта мамлекеттик сыйлыктар баш-аламан берилип, өмүр бою көз нурун ийнедей илимге тепчиген илимпоздор эмес, тааныш-тамыры бар шылуундар сыйлыктардын түрүнө ээ болууда. Илимге кызыккан жаштарды колдоо таптакыр талапка жооп бербейт.

Илим менен техниканын жетишкендиктерин өндүрүшкө киргизүү, мамлекеттик ишмердүүлүктү илимге таяп жүргүзүү маселеси жолго коюлушу зарыл.

Адамзат цивилизациясынын мыйзам ченемдүү өнүгүү көрсөт­күчү илим менен техникага байланыштуу болору бышык. (В. Либкнехт: «Келечекте бүт дүйнөнү жеңип, башкара турган бир күч бар – ал билим менен илим».)

Илимдин бардык тармагын тегиз өнүктүрүү ага мамлекеттик деңгээлде маани берүү, бюджеттен аянбай каражат бөлүү кечиктирилгис милдеттерден.

Билим жана тарбия

Кыргыз макалы: «Билеги күчтүү бирди жыгат, билими күчтүү миңди жыгат».

Билим – түндө маңдайыңда шам чырак, өмүрүңдө жол көрсө­түп жаркырап.» Ж.Баласагын Байыртан бери кыргыз элине насаат болуп келген уюткулуу ойлор биздин өнүгүү жолубузду аныктайт. Илим-билимге умтулуу касиети – кыргыздын канында, менталитетинде бар. Кыргызстандын билим берүү системасында дүйнөлүк алдыңкы тажрыйбалар эске алынуу менен этнопедагогиканын, нукура элдик тарбиянын табылгаларын эриш-аркак жүр­гүзүүгө өтүшүбүз зарыл.

Албетте, коомдо билимдүү, илим­дүү адамдардын бедели бийиктеп, билими күчтүүлөр татыктуу ордун тапмайынча, мамлекет иш жү­зүндө билим-таалим иштерин жогору коймоюнча, мугалимдердин кадыр-баркын көтөрмөйүнчө бул тармак жемиштүү иштей албайт. Бул узак убакты, көп каржыны, саясий эркти талап кылган орчундуу маселе.

Азыр мектеп окуучусу окуу китептеринен тышкары кыргызча маалымат алып, эс-акылын курчута, ба­йыта турган маалымат булактары өтө эле жарды, өп-чап. Орус, англис жана башка тилдерди окутуу, үйрөтүү иштерин сапаттуу деңгээлге көтөрүү зарыл. Кыргызча китеп-журналдарды улуттук программанын деңгээлинде даярдап, басып чыгарбасак, айрыкча айыл жериндеги балдарыбыз билими тайыз, ой-түшүнүгү тар бойдон кала берет. Илим жана технологиянын жетишкендиктери билим берүү тармагында кол жеткис калбастан, дайыма таанышууга, колдонууга шарт түзүлгөнү оң.

Кыргызстанда таланттуу балдарды тандап, аларга атайын кам көрүп, мамлекеттик деңгээлде сүрөп-окутуу иши жакшы жолго кою­лушу абзел. Бул тарапта айрым алгылыктуу тажрыйбалар, жемиштүү аракеттер бар. Бирок, жетишсиз, чектелүү. Арийне, адам баласы бирдей. Бирок, ар кимдин өзүнө жараша жөндөмү, шыгы, өнөрү бар экени шексиз. Дүйнөлүк тажрыйбага таянып, Кыргызстанда таланттуу балдардын шыгына шык, өнөрүнө өнөр кошо турган система курсак, бул акыры эл үчүн, мамлекет үчүн кызмат кылат.

Коомчулук, мамлекет кам көрө турган ор­чундуу маселелердин бири – мектеп жашындагыларга тегиз билим-таалим бериш. Азыр тигил же бул себептен улам мектептен сыртта калган, мектепке барбай койгон же алыстаган балдардын саны жылдан-жылга өсүп жатканы жашыруун эмес. Мунун арты караң­гылыкка алып барат.

Кыргызстанда  кесиптик окуу жайларын жакшылап өнүктүрүп, ишин илгерилетиш- маанилүү маселе. Ар кандай кесип ардактуу. «Жигитке жетимиш өнөр аздык кылат» – дегендей жаштарыбыз турмушка керектүү, өзүлөрүнө кирешелүү ар кандай кесипти үй­рө­нүшкө кеңири жол табышы керек.

Жогорку окуу жайларында жакшы окуган студенттерге берилүүчү стипендиянын өлчөмү 270 сом. Ушул эле учурда тамак-аш, жатакана менен акысыз камсыз кылуу шартында Түркия Кыргызстандын жакшы окуган магистранттына 300$ (доллар), Кытай Эл Республикасы 280$ (доллар) стипендия коюп, өздөрүнө чакырып жатат. Таланттуу жаш адам ушундай шартта кайсы мамлекетти тандоо керек? Албетте, акча төлөгөн мамлекет  андай мыкты жаш адамды өз мамлекети үчүн кызмат кылууга үндөйт, ошого тарбиялайт, керек болсо мажбурлайт.

Жогорку жана жалпыга билим берүү тармагына байланыштуу төмөнкү маселелерди чечүү зарыл:

– КРнын билим берүү стандарттын илимий педагогика  менен элдик таалим тарбиянын жакшы тажрыйбаларын  эриш-аркак караган  үлгүсүн даярдап, элдик талкуудан кийин расмий бекитүү;

– мамлекеттик университеттерди ирилештирүү, аларды каржылоону жогорулатуу;

– мугалимдердин эмгек акысын көтөрүп, ишмердүүлүгүн да­ңазалоо;

– коррупцияны тыюу;

– профессор-окутуучулардын айлыгын кө­төрүү;

– дүйнөлүк билим, маданий мейкинине аралаштыруу (интеграция);

– окуучуларга жана студенттерге түйшүк жараткан кереги жок сабактарды алып салып, алардын ордуна адам таануу, кыргыз таа­нуу, манас таануу, дин таануу предметтерин киргизүү;

– менчик университеттерди эркин өз жа­йына койбой мамлекеттик координациялоого алуу;

– университеттерде илим-изилдөө иш­терин күчөтүп, ылайыктуу жерлерде техно­парк­­тарды түзүү ж.б.

- тарбия ишинде, үй-бүлө, коом, мамлекеттин мүмкүнчүлүгүн бир нукка буруу;

– экономиканы көтөрүү аркылуу билим берүү тармагын 70 па­йыз мамлекеттик каржылоого өткөрүү, контрактык негизде оку­тууну азайтуу ж.б.

Андыктан, төмөнкү жагдайларга өзгөчө маани берүү мезгил талабы болууда.

Кыргызстанда окуу жайларынын саны көбөйгөнү менен билим берүүнүн сапаты начарлады. Контракт системасы үй-бүлөлөрдү жакырдантып, билим берүүнү соодага айландырды. Анда-санда бир көрүнүп, дипломду окубай эле сатып алгандардын армиясы пайда болду.

Таланттуу балдар-кыздарды 5 жашынан баштап балдар бакчасында, мектепте, ЖОЖдордо бөлүп атайын программанын негизинде окутууну колго алуу керек.

«Кыргызстандын билим-таалим жаатында өзүнүн, башкаларды туурабаган, башкалардан көчүрбөгөн, чыныгы «кыргыз» страте­гиясы  болушу зарыл. Кеп акылдуу сөздөргө тунган жансыз документ эмес, Кыргызстандын экономикалык, социал­дык, геосаясий, улуттук-маданий өзгөчөлүк­төрүнө жарашкан, ошого ылайык келген, улуттук мүдөө-талаптарга жооп берген стратегия туурасында болуп жатат.

“Байлыктын атасы эмгек, энеси жер”. Элдик педагогикабызда эмгек, биринчи иретте, бул баланы адам катары калыптандыруунун, киши кылуунун, атуул катары жетилтүүнүн бирден бир жолу, ошону менен бирге береке, байлыктын булагы. “Эрдин көркү – эл менен, эмгегиң менен элге жак”, “Жаш кезиңде жаркылдап, калкыңа тийгиз керегиң” дейт тоо булбулу Токтогулдун насааты. Мекенчилдик, патриотизм – элдик моралдык улуу касиеттеринин бири (“Ала-Тоо асыл жер үчүн, калкым кыргыз сен үчүн, курман болуп кетейин” – Манас. “Денем афган жеринде калса калсын, жүрөгүмдү Алайга алып барып көмгүлө” – Курманжан датканын уулу Абдылдабектин керээзинен. “Элимди, жеримди кор кылбай өмүр бою коргойм” – Эр Солтоной). 

Тарыхтын узак жолун баскан элибиз жаш муундарга адам болуунун жолун, шартын көрсөткөн моралдык-этикалык дөөлөттөрдүн бүтүндөй бир системасын иштеп чыккан. Жогорудагы элдик моралдык нарктар жана идеалдар универсалдуу, жалпы адамзаттык мааниге ээ. Элдик адеп-ахлак нарктары жашоо эрежесине айланып,  ата-бабаларыбыздын жүрүм-турумун жөндөп келген жана тарыхтын «аяздуу бороон-чапкындарында» улутубузду аман-эсен сактаган башкы тиректерден болгон. Бүгүн да ушул түбөлүктүү мүнөздөгү руханий-ыймандык дөөлөттөр таалим-тарбиянын мазмуну үчүн табылгыс көрөңгө, гүлазык.

Элдин жер менен киндиктеш экенин, жер менен коюн-колтук алышкан улуу биримдиктин зарылдыгын туюнтуп, ата-бабалар ким табиятка каршы барса, кийиктерди миң-сандап кырган Кожожашчасынан аскада калып, «Буудайык» жомогундагы Төлөктөй апаатка учурарын эскертишкен. Жаратылыш менен шайкештикте жашоо – бул элибиздин илгертен келаткан экологиялык улуу осуяты жана бүгүнкү адамзаттын алдыңкы акыл-эсинин тутунган философиясы. Бизде жерди эне дейт, Жер-Энени, табият-энени терең сыйлай билүүгө баланы кенедей кезинен тарбиялоо керек.  Жаратылышка болгон боорукер мамиле – инсандын гумандуулугун арттырып, адеп-ахлагын тазалап, ыйыктык ишенимин бекемдейт.

Тарбиялоонун принциптери

Бүгүнкү тарбия ишинде маселеге чыгармачылык мамиле, тарбиялануучуну тарбиянын субъектиси катары саноо жана өнөктөштүк кызматташуу аркылуу анын инсандык мүмкүнчүлүгүн өнүктүрүү идеясын биринчи орунга коюу баарынан маанилүү.

Колдонулуучу принциптер:

-   адамкерчиликтүү, мээримдүү (гумандуу) мамиле;

-   жаратылышка ылайыктуу, шайкеш жашоо;

-  инсандык-жекече  мамиле;

- тарбия ишине чыгармачыл- ишмердик мамиле;

-  турмуш менен байланыштуулук принциби;

-  өнүктүрүп, көтөрө чаап мактап тарбиялоо;

-  тарбияны уюштуруунун көп түрдүүлүгү жана ийкемдүүлүгү;         

-  жамааттык жана жеке кызыкчылыктын айкалышы;

-  үлгүлүү өрнөктөргө таянуу;

– окутуунун жана тарбиялоонун биримдиги ж.б.

Руханий – адептик тарбиялоо ишинде аталган принциптерди жетекчиликке алып, ыктуу пайдалануу оң натыйжасын  берет.

Бардык деңгээлдеги, бардык тепкичтердеги тарбиячылар кургак насаат менен чектелбей, аңгеме, түшүндүрүү, лекция, этикалык маек, диспут, проблемалуу кырдаалдарды түзүү, үйрөтүү, көнүктүрүү, машыктыруу, ынандыруу, өзүн-өзү тарбиялоо, адептик үлгү-өрнөк көрсөтүү, көрсөтмө, тапшырма берүү, талап коюу, материалдык жана моралдык кызыктыруу, мелдеш, жекече мамиле, интерактивдүү аракеттенүү, сынчыл ойлом, «мээ чабуулу», ачык микрофон, Сократтык маек, философиялык үстөл, интеллектуалдык аукцион, “генийдин күнү”, кереге кеңеш ж.б.у.с. турмуштун сыноосунан өткөн усулдук ыкма, айла-амалдарды колдонуулары шарт. Ар бир усулду конкреттүү шарттын бөтөнчөлүгүн, жаш адамдын индивидуалдуу өзгөчөлүгүн эсепке алуу менен колдонуу чеберчилиги тарбия ишинде үзүрлүү натыйжага алып келет.

  • Улуттук идеологиянын майнаптуу, таа­сирлүү жолун таап, билим-тарбия ишин кынтыксыз иштеген системага айландыра албасак, ансыз да өтмө-катар аралашкан азыркы дүйнөдө кыргыз эли өз жүзүн сактап калышы кыйын.
  • Билим тарбия ишиндеги маанилүү маселенин бири, “билимден адеп улук” дегендей кайсы бир адистикке даярдоону гана максат этпестен, ар тараптуу, билимдүү, адептүү, адамдык абийирин бек сактаган инсанды калыптандырууга, элди жерди сүйүүгө, адам болууга шарт тү­зүүгө жетишүү болуп эсептелет.

Келечекте кыргыз мамлекети илим менен маданияттын өлкөсүнө айланышы керек. Ан­сыз биз алдыңкы элдердин катарына кошула албайбыз. Дат баспаган, эскирбеген байлык – бул илим жана билим.

Маданият  жана спорт

Маданият жана спорт – улуттун жүзүн,  руханий турпатын аныктап турган көрүнүш. Улуттук аң-сезим менен улуттук духтун чагылышы эң алдыда маданият, спорт аркылуу көрүнөт.

Улутту башка этностордон айырмалап турган өзгөчөлүгү, анын басып өткөн жолу тарыхы, илимий, маданий жетишкендиктери менен бааланат. Маданият бүтүндөй бир мамлекеттин, улуттун, ал тургай тектеш улуттардын басып өткөн доорун чагылдырып турган “түрк маданияты”, “славян маданияты”, “араб маданияты” деген сыяктуу бараандуу көрүнүш.

Биз ошондуктан программанын башында маданий баалуулуктарга: тил, тарых, өнөр, илим-билим, дүй­нө тааным, каада-салт маселелерине атайын кенен токтолдук.

Элибиздин даанышман макал-лакаптары, накыл сөздөрү, нускалуу салты, мазмуну мекенчил идеяларга, рухий-адептик дөөлөттөргө мол “Манас” баш болгон залкар эпосторубуз, дастандарыбыз, Арстанбек, Жеңижок, Токтогулдай сандаган ак таңдай акындарыбыздын поэзиясындагы терең маанилүү санат-насыяттар, Карамолдо, Ыбрай, Ниязаалы сыяктуу шаалар комузга кол ойнотуп черткен, «кулактан кирип бойду алган» сандаган залкар күүлөр,  Боогачы,  Мусалар созгон керемет обондор улуттун гана эмес, жалпы адамзаттын маданият казынасынын асыл кенчи! Элибиздин кылымдап жараткан маданияты, кыргыздын духун, философиясын, идея-идеалдарын, каа­да-салтын көтөрүп алып жүргөн көркөм өнөрү (сүрөтү, киносу, музыкасы), Түгөлбай Сыдыкбеков, Алыкул Осмонов, Чыңгыз Айтматов баштаган профессионал адабияты, адам баласы үчүн баа жеткис гүлазык, орошон маани-маңыз болуп бере алат.

Калкыбыздын уникалдуу боз үйү,  улуттук кийимдери, түркүн сайма буюм-тайымдарына, ала-кийиз, шырдакка чөгөрүлгөн, түшүрүлгөн не бир керемет оюулар менен кыял-көчөттөр, алтын, күмүштөн жасалган зергер буюмдар -дүйнөдө сейрек кездешкен  эстетикалык сулуулук.

Маданиятты талкалоо менен улут­ту, ал эми улутту талкалоо ме­нен мамлекетти жок кылууга болот.Дүйнөлөшүү агымы, массалык маданият, маалымат сели кыргыз элинин руханий жүзү болгон маданий, руханий дөөлөттөрүнө тийгизген терс таасири чоң болуп жаткандыгына карабастан элдин башатка кайрылуу каалоосунун күчү менен кебелбей кармалууда. Кыргыз эч качан Манасын айтпай, комузун чертпей, куюлушкан  ырларын төкпөй, улуу сөзүн жазбай,  чиймелерин  кийизге, кагазга, ташка  чекпей, ит агытып, куш салып, ат ойнотпой калышын элестетүү мүмкүн эмес. Демек, түптүү кыргыз маданияты эч качан бөксөрбөйт, кайра өнүгүп-өсүп көп элге үлгү болоруна ишеним чоң.

Ошондуктан, Элдик эс тутумду улам чыңалтып анын азык берер тамырын оожалтмайын – маданият, спорт өнүкпөйт. Тарых барактарына сарасеп салсак элибиз жазда бир, күздө бир Ак боз бээ чалып же шартка жараша кан чыгарып, тогуз токоч баабедин кошо жасап,  Жараткандан  жакшылыктарды тилеп, чогулган маселелерин ошол жерде чогуу талкуулап, майрамдык жөрөлгөлөрдү, түлөө-жы­йындарды  жазда бир, күздө бир өткөрүп келишкен экен.

Илгерки замандан келе жаткан эр сайыш, эр эңиш, көк бөрү, камбартеп, тай тебиш, кыз куумай, аламан байге ж.б. улуттук спорт оюндары баа жеткис баалуулуктар эле эмес, жоо­кердикке даярдоонун мектеби да болгон. Ал эми азыр спорт өнөрүн заманбап өнүктүрүү милдети коюлду. Бүгүнкү күндө спорт элдин духун, мамлекеттин кубаттуулугун аныктаган көрүнүш катары дүйнө элдеринин жакындашуусун камсыздап достукта жана жыргалчылыкта жанаша жашоонун жарчысына айланды. Бизде спортко шыктуу төрт тарабы төп келген таланттуу жаштар жетиштүү экенин үч ирет өткөрүлгөн “Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунда” ачык көрүндү, болгону көңүл бөлүү гана керек.

Элдин каалоосу жана замандын талабына ылайык салттуу өнү­гүү­гө артыкчылык бергенибиз оң. Бул багытта жандуу иш алып баруунун эң жеткиликтүү жана таасирдүү  ыкмасы болуп маданият менен спорт эсептелет. Өнүгүүнүн  өз жолун кармангандардын аракетинен улам башка мамлекеттердин саясий технологияларын  түздөн-түз көчүрүп келип, аларга окшош болууга ум­тулуу чоң жаңылыштык экендигин эл да тү­шү­нө баштады.

Социалдык камкордукка багытталган адилет коомдун негиздери

Адам баалуугу-эң башкы байлык! 

Адамдардан  эл куралат. Кыргыз «адам бол» дейт, бардык иштин башаты адам болуудан башталат. Кудурети күчтүү улуу кудайдын “Адамды өзүмө окшотуруп жараттым”-дегенине караганда инсанаттын ички дарамет-күчү ченемсиз.

Кыргызстандын эли – мамлекеттин ээси, эң башкы байлыгы. Коомдун түпкү тилек максаты – адамдардын социалдык теңдигин, жыргалчылыгын камсыздоо, акыйкаттыкты, адилеттикти, калыстыкты орнотуу, адеп ыйманды сактоо жана ынтымак, ынтымак-биримдикке жетишүү менен  биргеликте өнүгүүнү камсыздоо!

Мыйзам, Укук жана Адеп – мамлекеттүүлүктү аныктооч каражаттар бо­луу менен, адам баласын ар тараптан камкордукка алган, жапайычылыктан, мыйзамсыздыктан коргоочу, акыл-эс менен руханияттын коом­дук мамилелердеги ширелишин шарттаган факторлор.

Ар бир адам бактылуу болууга жана асыл ой-максаттарына жетишүүгө акылуу; бакыт ата-энеден, үй-бүлөдөн, элге кызмат өтөөдөн башталат. Демек, чыныгы Сүйүү – бакыт-таалай башаты. Ал эми Сүйүүнүн туу чокусу болуп – Мекенге, Элге болгон сыймыктуу атуул­дук жана мекенчил ыйык сезим эсептелинет.

Адилеттүү, социалдык коргоого алынган коомду курууда жана мамлекеттүүлүктү  бекемдөөдө адам баласынын 4 курак өзгөчөлүгүн эске алуу ылаазым: балалык, жаштык, жетилүү курагы, карылык. Бул төрт курак мамлекеттин социалдык камкордугунун төрт багытын аныктайт.

Экономиканы, жашоо турмуштун деңгээлин көтөрүү аркылуу карылардын, балдардын, багар көгөрү жоктордун  пенсия, пособияларын көбөйтүү, элди бардык жактан социалдык камкордукка алуу мамлекеттин ыйык милдети.

Социалдык камсыздоонун кошумча жолдору катары демөөр­чүлүк, жеке социалдык камсыздоо, кайрымдуулук иштери сый-урмат иретинде колдоого алынат. Саламаттыкты сактоо тармагынын 70%тен кем эмес бөлү­гү мамлекеттик бюджеттен каржыла­нуусу зарыл. Ден соолук маселесинде дарылоого караганда алдын алууга маани берүү алгылыктуу багыт.

Азыр адамды коомдун татыктуу мүчөсү катары тарбиялоодо, тан дүйнө тозогунан, жан дүйнө боштондугуна  чыгарууда, инсанды  ар тараптан жетилтүүнү колго алууда өзгөчө рол аткара турган,   аксакалдар акыл-кеңеш куруп, Манас айтылып, комуз чертилип,  дүйнөлүк илим-билимдин жетишкендиктеринен кеп салып, уз-усталар узанып, устат-шакирттер баарлаша турган  Айкөл - адам өнүгүү борборун тикелөө зарылдыгы бышып жетилди.

Учурда интеллигенциянын коомдогу ордунун мааниси тереңдөөдө. Улуу максатка ка­рай жамы журтту артынан ээрчитип чабыт баштоого жөндөмдүү тайпа интеллигенциянын негизги озуйпасы – агартуучулук  жана жол баштоочулук. Маданият менен искусство – элдин жүрөгү болсо, илим менен билим - элдин мээси. Илимий-чыгармачыл интеллигенциянын жамааттык  акыл-эс дараметине, саясий элитанын көрөгөчтүгүнө таянып Кыргызстанды кубаттуу, өнүккөн өлкөгө айлантууга болот.

«Дин менен саясат эскирди, илим  менен руханияттын мезгили келди» – деп индиялык ойчул  Ж. Нерунун айтканы бар. Бизде учур талабына ылайык жоокер интеллигенциянын жаңы муунун тарбиялоо милдети турат.

Улуттун эс тутуму жана уюткусу болуп бере ала турган интеллигенциянын алдында илим, билим, технологияга, маданият, өнөр, спортко өзгөчө маани берип, рух дүйнө менен материалдык байлыкты өлкө кызыкчылыгы үчүн буруп сарамжал, то­лук кандуу пайдалануу милдети турат.

Дин эркиндиги.

Дин мамлекеттен бөлүнгөн, кудайга ише­­нип-ишенбөө ар кимдин өз иши деп бул маанилүү тармакты таптакыр мамлекеттик иштен бөлүп кароо туура эмес. Дин эркиндиги деген шылтоо менен ар кайсы секталардын ээн-эркин иштөөсүнө шарт түзүп,  каттай берүү жакшылыкка алып барбайт. М.: 1991-жылы төрт диний багыт каттоодо турса алардын саны азыр 30дан ашты, үч миңден  ашык диний мекемелер эркин иштегенине шарт түздүк. Бирок ишеним карманган адамдардын ортосунда биримдик эмес ажырым күчөөдө. Керек болсо бир эле ислам дининин ичинде бири-бирин жактыра бербеген  нечендеген агымдар жүрөт. Кыргызстанда ар кандай диний фанатизмдерге чек коюлуп, диний ишмердүүлүк мамлекеттик тескөөгө алыныш зарыл.  Диндер саясатташпастан ар бир адамдын жан дүйнөсү, дээр сезими, чын дили менен жаратканга ишенүүсүнө багытталуусу шарт.

Ишеним – адамды өмүр бою коштоп жүр­чү, өтө оор жагдайларда жана маанилүү чечимдерди кабыл алууда  руханий мамы, карманар  таяныч катары  өзгөчө дем берчү  ыймандык касиет. Ал кыргыз сыяктуу өтө байыркы элде, жаратылыш менен шайкеш жашоосуна байланыштуу Теңирчилик  ишеними – кыргыз дүйнө таанымы калыптанган. Теңирчилик – узак турмуштук тажрыйбалардан топтолгон ба­йыркы дүйнө тааным эле эмес, дайымкы элдик ишенимдин жаңырып толукталып турган илимий, диний-фиолософиялык окуу билим казынасы. Илим менен диндин «тил» табышуусу оң жолго түшкөндүгүнөн улам ишенимдердин ортосундагы жалпылык да күчөп, бара-бара бир жараткан Кудуретке ишенүү жолу калыптанары көрүнүп калды. Ыйык ишеним илим менен бекемделип, кең түшү­нүккө багыт алганы оң.

Кыргыздар “Кудайды көрбөсөң да көкүрөгүң менен тааны”- дейт. Диндерди Кудай таануунун жолдору катары билебиз. Биздин ата-бабаларыбыз эч кандай ортомчусу жок эле бир Жараткан кудуреттүү күчкө чын дилинен ишенишкен, Манасын пир тутушкан. Аалам-адам-табияттын ички байланышын, бир бүтүндүгүн  жакшы түшүнүшкөн.

Кийинки тарыхый өнүгүүнүн кан жолу бизди ислам дини менен тагдырлаш кылды. Дүйнөгө кенен таралган Ислам дини менен элдик ишеним Теңирчилик  идеяларынын түбү бир кудайды таанып, карманган руханий ырасым- жөрөлгөлөрү  көп жагынан карама каршы келбестен окшош болгондуктан да,  мусулманчылык менен кыргызчылык бөлүп алгыс чырмалышкан абалда элге кызмат кылып келет. Акыркы жылдары кыргыз элинин ички ынтымагын ыдыраткысы келген күчтөр атайлап, жасалма түрдө Ислам-Теңирчилик  маселесин көтөрүшүп, бөлүп-жаруунун куралына айландыруу аракетин жасап көрүштү. Бирок да, түбү барып бир Кудайга алып баруучу жолду бөлүү мүмкүн эмес. Кыраакы элибиз ыйыктыктын тамырына доо кетирбейт. Салттуу баалуулуктар менен бирге Ишеним маселеси -  идеологиялык багытты ыраатка келтирүүдө  зор мааниге ээ. Теңирчилик-  философиялык дүйнөкабылдоо катары идеологиялык багытта өз орду бар баалуулук, аны дин катары каттоо зарылчылыгы жок.

Кыргыздын карманган ыйыктыктары:

  • Ишенгени- бир Жараткан;
  • Пир тутканы-руху бийик Манас;
  • Кыдыр ата;
  • Умай эне;
  • Ата-бабалардын арбактары.

Сөз эркиндиги.

Баарынан мурда сөз болгондугу, сөз оболу Кудайда болгондугу жөнүндө ыйык китептерде жазылгандай, кыргыз эли сөзгө өзгөчө маани бере тургандыгын “Өнөр алды кызыл тил”, “Сөзүң өлгүчө, өзүң өл,” “Сөздөн бал да тамат, кан да тамат”, “Буттан чалынган турат, сөздөн чалынган турбайт” деген сыяктуу макалдары  эң сонун айгинелеп турат. Башка элдер таш-топурактан шаар курса, кыргыз эли сөз менен Манастай болгон түбөлүк храмдын бийик мунарасын урагыс кылып орнотууга жетишкен. «Кыргыздар чечендиктен чексиз рахат алып, сөз кү­чүн бул жарык дүйнөдөгү эң кудуреттүү көркөм өнөр деп баалайт. Кыргыздардын сүйлөп жатканы да, ырдап жаткандай таасир калтырат»-деп орус окумуштуусу В.Радлов таамай айткан.

Кыргызда “айттыңбы аткар”- дегендей шертке тете салттуу эрежелер сөз берүүдөн башталат. “Сөз- айтканга чейин сенин кулуң, айткандан кийин сен сөздүн кулусуң”-муну каны кыргыздын баары купя билет. Сөзгө туруу, сөзгө сынуу адам абийири менен түздөн түз байланыштагы маселе болгондуктан, илгери акындардын хан, бектерди жасаган ишине жараша  мактаган же сындаган сөздөрүнө турган жеринде, ошол замат маани беришкен. Эл жакшылары бутага тийген сынды туура кабыл алышып, ак сөз айткан акындарга чепкен жаап, ат мингизген. Кыйшык бараткан иш болсо, ордунда ондолгон. Убалакы учурда андай болбой жатат.

«Баш кесмек бар, тил кесмек жок» деген ташка тамга баскандай так айтылган макалдын  өзү бизде илгертен эле сөз эркиндиги болгондугун далилдеп турат. Ал эми азыркы оозуна келгенди оттогон сөз эркиндиги чындап келгенде кыргыз табиятына жат кө­рүнүш. Азыркы  гезиттерди  барактап  олтуруп  чындык менен ушактын чегин  ажыратуу кыйын. 

Артында ойго түртүп, тиреп турган мааниси жок кургак сөз, көп сөз арабага жүк болбойт. Элдин менталитетин бузат. Сөздүн баркы кетип, кусуру урат. «Ойноп сүйлөсөң да, ойлоп сүйлө» – де­гендей сөз эркиндигин жеңил баа тутунбай аталардын нукура сөз ма­даниятын карманалы.

Тил – улуттук аң-сезимдин көр­сөт­күчү.

Ал эми аң-сезим тилсиз өнүкпөйт. Демек, улуттук тилдин деңгээли кандай болсо, улуттук аң-сезимдин деңгээли да дал ошондой. Эгер биз улуттук аң-сезимди өстү­рөбүз десек, анда биринчи кезекте улуттук тилди өнүктүрүүнү мамлекеттик камкордукка алышыбыз керек. Ансыз мекенчилдик  аң-сезим калыптанбайт. Улуттук аң-сезим калыптанбай туруп, улуттук ар-намыс ойгонбойт, өзүнүн  ким экенин билбеген улут өзүнүн жолун тапбайт, өз жолун тапбаган улут  өспөйт. Эне тилибиз-элибиздин жүрөгү, каны, жаны.  Тил жоголсо, улут жоголот.

Улам кийинки муунду эне тилин сүйүүгө үндөө менен бирге коомдо кыргыз тилин үйрөнүү зарылчылыгын жаратыш керек. «Эне тилин билбеген элин сүйүп жарытпайт» (Байдылда). Бала бакчадан баштап улутуна карабастан мамлекеттик тилди окутууну колго алуу зарыл. Кыргызстанда кыргыз тили мамлекеттик статуска ээ болгондуктан улуттар аралык карым-катышты камсыз кылган тилге айланууга толук негиз бар. Мамлекеттик иш кагаздар, абройлуу жы­йын-чогулуштар, илимий практикалык иш-чаралар толук кыргыз тилинде жүргүзүл­мөйүн андай зарылчылык түзүлбөйт. Демек, Мамлекеттик тил мыйзамы ишке ашпайт. Тилди окутуу, үй­рөтүү, изилдөө тармагы мам­­лекеттик деңгээлде колго алынганда гана бир топ түйүн­дүү маселелердин чечилишине жол ачылат.

Кыргыз тили менен биргеликте дүйнөлүк тилдерди өздөштүрүүгө мамлекет шарт түзүүсү зарыл. Кыргызстандагы боордош калктардын өз эне тилин билиши жана республиканын мамлекеттик тилине болгон урматы, анын ички атуулдук, адептик маданиятынын көрсөткүчү.

Сый-урмат маселеси.

Бабалардан калган «Сылык сыпаа сөз жетет, ал мээге эмес жүлүнгө кетет» (Калыгул) «Кыздын кырк чачы улуу», «Эжени көрүп сиңди өсөт, аганы көрүп ини өсөт», «улууга урмат, кичүүгө ызаат», сыпайгерчилик менен катар жана жол билгилик «Жолу улуу» деген кыйгап өткүс эрежелер макал-лакаптарда абдан бекиген. «Сыйга – сый, сыр аякка – бал» деген мамиле орногондо улуу кичүү бири-бирин угат, түшүнөт. үй-бүлөдө, коомдо, улут­тар аралык маселеде сый-урматтын мааниси чоң. Кыргыз идеологиясынын бир ачкычы ушул сый-урмат маселесине да байланышкан.

Сыйлашуудан ынтымак, биримдик жаралып, мекенчилдик сезим өөрчүйт. КРда кыр­гыздар менен кошо орус, казак,  дунган, өзбек, уйгур, тажик, корей, татар жана башка этнос­тор биригишип, Кыргызстандын элин түзү­шөт. Алар Кыргыз мамлекетинин жараны болуу менен «бул менин өлкөм, менин Ата журтум» – деп анын ысык-суугуна күйүп, сыймыктанып, бала-бакырамдын келечеги, бак-таалайы ушул жер, ушул эл менен байланыштуу деп кабыл алып, ушул өлкөнүн туусу, герби, гимни жана деми менен жашайм деген мекенчил сезим ар бир жарандын жү­рөгүнөн түнөк тапканда дүркүрөгөн өсүү камсыз болот жана  кыргыздар менен биргеликте Кыргызстанда жашаган башка улуттар да бактылуу өмүр кечирет.

Улуттук менталитетибизде меймандостук, кайрымдуулук, күйүмдүүлүк, башкаларга жардамдашкан боордоштук касиети, керегелеш, үзөнгүлөш, канатташ жашаган калктар менен достук салты өнүккөн.

“Эр достугу – эгиз, эл достугу – деңиз”, “Эки эрдин достугу бир белден ашырат, эки элдин достугу миң белден ашырат”.

Кыргыз элинин салтындагы мындай достук этикасы – бүгүнкү улут аралык ынтымактын ачкычы.

Мамиле жасоодо сыпайгерчиликтен тышкары дагы адамдын баркын түшүрбөстөн, ишеним тапшырып, эл алдында зоболосун арттыруу – Кыргыз наркындагы маанилүү каражат болуп саналат. Адамды намыска чакыруу үчүн аны жамааттын алдында кемчиликтерин чукуп же өйдөсүнүп басынтпастан, тескерисинче беделин көтөрүп, уялуу сезимин бийик деңгээлге көтөрүп келген бабалар наркы – үлгү болор иш. «Укпайт деп – ушак айтпа, көрбөйт деп – уурулук кылба» деген насаат кептер эне сүтү менен жан дүйнөгө орногондо гана таза коом кура алабыз.

Азыр «граждандык коом» деген термин табылга сыяктуу таңууланып, сырттан каржыланып, алардын тапшырыгын аткарган миңдеген өкмөттүк эмес уюмдар түзүлүп, бүтүн­дөй улуттун укугу жөнүндө кеп сөз жок «адам укугун» даңазалаган коомдо жашап жата­быз. Чындыгында кыргыз  элинин  тарыхында граж­дан­дык коомдун өзгөчө үлгүлөрү болгон. Мам­ле­кет­түүлүгүн жоготуп алган учурларда чакан «уруу-мамлекеттерин» түзүп, жамандык жакшылыктарда, сырт­тан коркунуч туулганда туугандашып, жамаатташып тике туруп аксакалдарын, бийлерин угуп элдүүлүгүн бекем сакташкан. Жетим-жесирлерге каралашкан, кылмыштуулук дээрлик болгон эмес. Кан жаныбыздагы бул жакшы сапатты азыр да заманбап өнүктү­рүүбүз керек.

Руханийлешкен адилет коомдун түптө­лүшүнө чыгармачыл жана кесиптик союз­дар­дын салымы зор болмокчу. Бийликтен көз ка­рандысыз, күчтүү профсоюз уюму – коом­до­гу тең салмактуулукту сактоого жөндөм­дүү.

Миграция жана демографиялык саясат.  

«Туулган жердин топурагы алтын» деген  макалдын мааниси эч качан көөнөрбөйт. Себеби, туулган жердин ырыскысы – адамдын маңдайына бүткөн кут. Очорулган экономиканын айынан орун которуунун оор кесепеттери кийинчерээк терең сезиле баштады. Шаар­га ооп, акча табуу аргасын издеп жер кезүү – айылдын кутун качырууда. Сыртка кара жанын багуу үчүн гана ооп кетпестен, киндик кан тамган жеринин энергетикасынан да аргасыз ажырап жатышкандарын көп мекендештерибиз сезе элек. Физикалык гана кетүү эмес, «мээ агымы» да кошул-ташыл болуп, өлкөнүн таланттуу, гүлдөгөн жаш курактагы жарандары башка мамлекеттердин кубаттуулугу үчүн иштеп жатат. («Кыз-уланың дүйнө кууп, кырдан качат, сак болгун» – Кетбука).

Жылына кырк миңден ашык адам (бүтүн­дөй бир шаардын эли) башка өлкөлөрдүн, негизинен Россиянын жарандыгын алып кө­чүп кетишүүдө. Эл чачылып, үй-бүлө запкы тартууда, балдар кароосуз калууда. Мунун баары бир максаттуу мамлекеттик саясаттын жоктугу, башкаруучу элитанын билимсиздиги, жоопкерсиздиги, коомдук өнүгүү үчүн болгон ресур­с­тарды адилеттүү бөлүштүрүүнүн жоктугу.

Эмгек мигранттары тууган-туушкандарына сырттан берип жаткан акчалай жардамы улуттук дүң продукциянын деңгээлине че­йин жетти деген иллюзия менен элдин чачылып кетишин актаган икаялар пайда болууда. Укуктук кемсинүү, мекенсиздикке дуушар болуу, ден соолугунан айрылуу, моралдык деградация эске алынбай жаткандыгы өкү­нүч­түү. Ошол азыноолак акчалай субвенция (кошумча) элибиз баштан өткөрүп жаткан демографиялык, генетикалык жана аймактык жоготууларга салыштырмалуу эч нерсеге арзыбайт жана биздин социалдык дисгармонияны (кабелтең абалдын бузулуусун) эч калыбына келтире албайт.

Биздин миграциялык агымдан тарткан чоң зыяныбыз – тукумдун бузулуусу болууда. Ажарлуу баёо кыздарыбыз чет өлкөлөрдө бузуку чөйрөлөргө туш келип, кордолууда. Кытайга, араб өлкө­лөрүнө, Кореяга, Орусия­га кеткен кыздардын артынан сая кууп эч ким издей элек. Өзгөчө Россияга  жапырт кеткен жаштардын жашоо турмушуна кызыккан жан жок. Баланы жашыруун төрөп коюп таштандыга ыргыткан кесир эне сөрөйлөр пайда болду. «Бирөөгө кор, бирөөгө зар» демекчи, көп ата-энелер балага жетпей, ансыз да көбөйө албай турган улутубуздун демографиялык көрөңгөсү азайып турганда, ЫМЫРКАЙДЫ ТАШТОО эпиде­мия­сы баарыбызды ойлондурууга тийиш. Бою­нан алдыруу (аборт), алкоголь жана баңги заттар менен уулануу, жашоонун кыйынчылыктарынан «нервденүү»,  ичкен тамак-аштын начар сапаты, насыйкатсыз жашоо өрнөгү – баа­ры чогулуп олтуруп Кыргызга генетикалык диверсия катары сокку урулууда. Генетикалык коопсуздуктун алдын алуунун ата-бабалардан калган эң сонун тажрыйбабыз болгон жети ата өтмөйүн үйлөнбөө, башка элдер менен баш аламан эле баш кошпоо, тегине кароо адатыбызды унутуп баратабыз. Азыр кытай, түрк, дунгандардан төрөлгөн жээндер күн сайын көбөйүүдө. Жапондор өз өлкө­сүндө моноулут экендигине карабастан үйлөнгөн түгөйлөрдүн бирөө башка улуттан болсо оңой менен жарандыкты алуу мүмкүн эмес. Биз болсо ачык коом, эркиндик, демократия деп эле улуу салттарыбызды унутуп бир жыныстагы адамдардын үйлөнүшүн мыйзамдаштырган Батыштын нарксыз жолуна түшүп баратабыз.

Илимий анализге таянсак, акыркы жыйырма  жылдагы миграциялык терс сальдонун айынан төрөлбөй калган кыргыздын саны бери болгондо 700–800 миңди түзөт. Ал эми чоочун өлкөдө чоочун балдар туулат, материалдык жыргалчылык үчүн мекенин, эне-атасын кошуп сатар «чала кыргыз» кайырдин өсөт. Улуттук руханий тамырынан ажыраган адам ал эч убакта патроиот, мекенчил болуп өспөйт («Кырды-түздү жат элге кыйган качат, сак болгун» – Кетбука).

Кыргыз жарандарын кулдукка айландырган кошуналар, өзүбүздүн мекендеш сөрөйлөр  пайда болду («Кудуреттүү элдерге кул болосуң, сак болгун» – Кетбука). Мамлекет атын алып жүргөн эл өз жеринде өзгөлөрдөн кем жашоого кептелишинин себептери – эрки боштук, ичимдиктерге берилүү, салт менен нарктын кедеринин кетиши, ХХ кылымдагы 3 жапырык (1916-жыл, 1937–38-жылдар, 1941–45-жылдар) менен катар эгемендүүлүк жылдарындагы тентүү процесси менен катар мамлекетти башкаруудагы стратегиялык мү­чүлүштүктөр Кыргыз элинин далысына согулган балта болуп калды. Жалпысынан алганда, акыркы бир кылым аралыгында Кыргыз элинин демографиялык жоготуусун математиканын тили менен эсептесек, азыр Кыргызстанда бери болгондо 15-17 миллион чамасында этникалык кыргыз эли жашамак! Бул – Улуттук идеологиянын ойлонто турган маселеси. Кеп удулу – эми кантип элибизди кайрадан чогултуп, мамлекетибизди чыңдап, тарыхый озуйпабызды аткарабыз деген соболго жооп табуу.

Мамлекетти сактоо, коргоо, чыңдоо иши элди жыйноодон башталат. (Эр адам дүйнө жыйнабайт, эл жыйнайт.)

Көзөмөлсүз миграция, сокур демографиялык саясат – кыргыздын келечегине кедергисин тийгизип жаткандыктан бул көйгөй­лөрдү чечүүнүн жолдорун көрсөткөн иш-чаралардын топтомун даярдоо керек.

Миграциялык агымдын эң опурталдуу жагдайы – айылдарда тукум улай турган курактагы жарандардын (өзгөчө кыздардын) кескин азайышы менен катар, чек ара аймактарынын элсиз ээнсиреп калышы – мамлекеттин коопсуздук системасына зор зыян келтирүүдө. Мындай мамлекеттик маанилүү маселеге  кайдыгер кароого болбойт. Чек арасынын бүтүндүгүн сактай албаган мамлекетте аймактык бүтүндүккө гана эмес, аны менен кошо мамлекеттүүлүккө да доо кетерин эч унутпастан, ыкчам иш-чараларын иш­теп чыгуу өтө зарыл. Мисалы, көп жылга жеңилдетилген кредиттерди берип, чек ара аймактарынан үй салууга жер тилкелерин бөлүү; чек ара аймактарга мамлекеттин күчү менен кичи шаарларды, жумуш орундары, социалдык мекемелери менен курууну колго алуу, мекенчилдик сезимди көтөрүү зарыл. Мамлекет эл үчүн, эл мамлекет үчүн – деген ураан­дын астында ыкчам ара­кеттерди көрүп, бул топтолгон көйгөйлөрдү четинен чечүү жалпыбыздын милдетибиз.

Илим жана Эл аралык саясат жана Улуттук коопсуздук тутумдары

Мамлекеттүүлүктү чыңдоо, башкаруу институттарын өнүктүрүү менен катар, ички-тышкы, «үчүнчү» күчтөрдүн» бузуку аракеттеринен Мекенибизди коргоп, улуттук жана эл аралык мыйзамдарды Кыргызстандын кы­зыкчылыктарына төп келтирүү шарт.

Мамлекеттик жана улуттук коопсуздуктун негизги багыттары болуп төмөнкүлөр эсептелинет:

– Чек ара коопсуздугу;

– Коргонуу жана күч органдарын чыңдоо;

– Экологиялык (Табигый кырсыктардын алдын алуу, жерди жашылдандыруу, кен казууда экологиялык талап-эрежелерди так сактоо);

– Экономикалык коопсуздук;

– Азык-түлүк коопсуздугу;

– Гуманитардык-физиологиялык  кооп­суздук;

– Генетикалык коопсуздук;

– Энергетикалык коопсуздук;

– Маалыматтык (идеологиялык) коопсуздук;

– Укуктук коопсуздук;

– Диний коопсуздук;

– Космогео чалгындоо коопсуздук.

Бул тармактар боюнча адистердин катышуусу менен улуттук кыска жана узак мөө­нөттүү долбоорлорду иштеп чыгып, каржы булактарын таап туура иш алып баруу зарыл. Кыргызстан – Борбор Азия регионунда түрдүү маселелерди комплекстүү чечүүгө келгенде өзүнүн өзгөчө орду бар республика. Геосаясий, экономикалык, экологиялык, диний-экстремизм, терроризм, наркотрафик, суу ресурстарын пайдалануу, бажы, чек ара, жол, темир жол, аба байланышы ж.б. түйүн­дүү маселелерди жөнгө салууда Кыргызстан интеграциялык аянтча болууга шарты бар.

"Суу-өмүр булагы” дейт элибизде. Барган сайын дүйнөдөгү эң баалуу нерсе алтын, нефти эмес таза иче турган суу болмокчу. Күнү бүгүн дүйнөнүн 1 млд.адамы таза ичүүгө жарактуу сууга муктаж. Ал эми Кыргызстан суу байлыгы, мөңгүлөрү боюнча дүйнөдө алдыңкы орундарды ээлейт.Аба ырайынын ысышы жана жаратылышка кайдыгер мамиле жасоонун натыйжасында Кыргызстандын жер аймагынын 4,1% ээлеген мөңгүлөр 3,2% чейин кыскарып бара жаткандыгы ойлондуруучу маселе. Кыргызстан суу башындагы мамлекет катары Борбордук Азиядагы кадыр баркын көтөрүп, экономикасын кубаттандырууга толук мүмкүнчүлүгү бар. Бирок биз бул мүмкүнчүлүктү толук колдонбой келе жатабыз.

Учурда дүйнөлүк державалардын  орто­сун­да өздөрүнүн таасир көрсөтүү аймагын кеңейтүү максатындагы катуу күрөшкө күбө болуудабыз.

Мындай шартта Кыргызстан өзүнүн геосаясий артыкчылыктарын көсөмдүк менен колдонууга тийиш. Кыргызстан менен саясий-экономикалык жактан бекем байланышта болуунун өзү регион­догу маселелерди оңунан чечүүгө өбөлгө түзөрүн кызыктар тараптар билгендей деңгээлге чыгышыбыз керек.

Коңшулаш: КЭР, Казакстан, Өзбекистан, Тажикстан менен тынч­тыкта, достук мамиледе, кызматташууну бекемдеп, чек аралардагы делимитация жана демаркация иштерин аягына кечиктирбестен  чыгаруубуз зарыл.

Ижарага берилип, ошол бойдон башка өлкөлөргө өтүп кеткен жерлерди тарыхый документтерге таянып,  эч кандай соодалашуусуз кайра кайтаруу маселесин чечүүбүз зарыл. Президентти мөө­нөтүнөн мурда кызматтан кетирүүнүн эң негизги себептеринин би­ри – жерди кемитип, мекендин ыйыктыгына кол тийгизгендиги болуп калмакчы. Коргонуу коопсуздугун алдын алуу максатында чек арага жакын аймактардан жер тилкелерин бөлүп, бардык шарты бар эл жашаган жаңы  айылдарды куруу зарыл.

КМШ өлкөлөрү анын ичинде Россия Федерациясы менен достук, өнөктөш мамилебизди дагы бекемдеп, коопсуздукту алдын алууда ЖККУга (ОДКБ) артыкчылык бергенибиз оң. Евразия континентинде эле эмес,  дүйнөлүк саясий стабилдүүлүктүн, экономикалык туруктуу өнүгүүнүн кепилдигин камсыздоо маселелерин Евросоюз, АКШ сыяктуу алыскы, жакынкы өлкөлөр, эл аралык уюмдар менен  биргеликте Кыргызстандын кызыкчылыгын эске алуу менен, тең ата сүйлөшүүлөрдүн негизинде  ачык айкын ишке ашыруу жагы колдоого алынат.

Элибиз илгертен күч колдонууга эмес, саясий-дипломатияга өзгөчө маани берип, кошуна мамлекеттер менен достук алака мамиле түзүп келген.  Ошол улуу салтыбызды улантуу менен эл аралык дипломатия­лык иштердин туура жолго коюлушу – саясий чыр чатактардын алдын алат, экономикалык кызматташууга жагымдуу шарт түзөт, жарандардын түркүн максаттагы карым катышын күчөтөт, өлкөнүн дүйнөлүк деңгээлдеги кадыр-баркын көтөрөт.

Эл аралык деңгээлдеги жүрүп жаткан дүй­нөлөшүү агымынын бир жакшы жагы адамзат акыл-эсинен жаралган цивилизациялардын баарлашуу багытында жаңы мейкиндиктерге жол ачылууда. Андай аракеттердин акыбети менен жаңы замандагы түптүү идея­лардын – демократиянын, эркиндиктин, акый­каттыктын, адилеттүүлүктүн,  айкөлдүктүн, жаратмандыктын принциптерине негизделген жаңы ке­лечектүү коомдун үлгүсү  жара­тылмакчы.

 «Түбү бирге биригет, учу бирге жазылат»

Борбор Азия же байыркы аты менен айтканда Улуу Туран ай­магы-адамзаттын түпкү Ата журту. Дүйнөдөгү кээ бир улуттун өкүлдөрүнүн «Манастын урпактары дүйнөнү сактап калат» дегени туура болуп чыгууда, анткени кыргыздардын R1 a1 гаплотипке түздөн-түз тиешеси бардыгы канды изилдеген генетика илими тарабынан четке кагылгыс болуп далилденди. Кыргыздар нукура Арий элинин урпактары катары дүйнө элдеринин башатында болгондугу тастыкталып, жа­ңы доордогу адамзат көчүнүн башында Манастын элинин өз орду боло­ру жөнүндө башка улуттун билермандары кайрадан кеп козгошууда.

Борбор Азияга, анын ичинде Кыргызстанга болгон кызыгуу күч. Батыш саясатчыларынын: «Ким Борбор Азияны бийлесе – ал Евразияны бийлейт. Ким Евразияны бийлесе – ал Дүйнөнү бийлейт» деген сөзү бул аймакта жашаган элдерди да кыймылга келтирүүдө. Ачык айтылбай калган жогорку сөздүн биринчи сүйлөмү биздин оюбузча: «Ким Кыргызстанды бийлесе – ал Борбор Азияны бийлейт» деп айтылат. Андан улам кийинки учурда кыргыз арасында да Араб өлкөлөрү­нүн лигасы сыяктуу Евросоюздун үлгүсүндөгү «Борбор Азия элдеринин лигасын» түзүү туу­ралуу ойлор айтыла баш­тады.

Келечекте тынчтык жол  менен Борбор Азия же байыркы аты менен айтканда «Туран элдеринин лигасы» (Алтай ???) түзүлүшү мүмкүн. Ошондуктан бул миссияны ишке ашыруунун турмушка жакын программасын иштеп чыгуу зарыл. Алсак илимий экспедицияларды, маданий, улуттук-этнографиялык багыттагы форум, конференция ж.б.  иш-чараларды эмитен колго алышыбыз керек.

«Туран элдеринин лигасы» – чындыгында ал Кыргыз тегинен тараган элдердин биримдиги деген сөз. Анткени, Алтай – Урал – Алай тоолорунун ортосунда байыртан эле Кыр­гыз тегинен тараган жана ушул элдин тилинин ар кандай диалектилеринде сүйлөгөн элдер жашап келишкен. Бир кездеги улуу Кыргыз империясынын бийлиги өз кубатын жоготкондо,  тууган элдер да ар кай жерде чачылып калган. Бүгүн да ошол тектеш элдердин азы өз алдынча жашап, көбү башка элдин бийлиги алдында күн көрүп келатат.  

Түрдүү себептер менен дүйнөгө чачырап кеткен кыргыз тектүү элдердин тарыхый кырдаалга жараша кайрадан биригүүсүндө уруу түзүлүшүнүн өзгөчө орду бар. Санжыра, тек сүрүү аркылуу тынчтык жол менен биригүү  жүрөт. Бизди – Алтай үй-бүлөсүнөн чыккан элдерди «түпкү тил», «түпкү тарых» жана «түпкү дүйнө тааным» бириктирет. Ал түпкү тил  – Кыргыз тили!

А эгер, «Эр Манас», «Эр Төштүк», «Эр Тар­гын» сыяктуу элдик оозеки чыгармаларга көз салсак, чыгышта кең Кашкардын ары жагы, Кебез-Тоонун бери жагынан тартып, батышта – Кырымга чейинки жерлерди Кыргыз тегинен тараган элдер ээлеп турганын көрөбүз.Алар өз демилгелери менен бизге жакындашып, байланышкысы келип ар кандай иш-аракеттерди жүргүзүп жатышканына карабай биз тараптан  жолу улуулукту көрсөтүп, бир аз жылуу  мээрим жетишпей жаткандай. Мындай жагдай  өзүбүздү өзүбүз эптей албай, көчүбуздү түздөй албай жаткан учурга туш келгенден улам да болуп жатат окшойт.

Аттила атанын урпактары Венгриядан тээ күн Чыгыш өлкөсү Жапонияга чейин; бир кезде дүйнөнү дүңгүрөткөн Монголиядан Осмон империясынын мураскери Түркияга чейин чачылып, ар кандай идеологиялык багытка түшүп кеткен түбү, теги бир эл дүйнөлөшүү процессинин ыкчамдашы менен кайрадан орток жолго келүү мүмкүнчүлүгү түзүлүп жатканын эстен чыгарбашыбыз керек.

Кыргызда: «Түбү бирге биригет, учу бирге жазылат» деген сөз бар. Бүгүнкү дүйнөнү каптап бараткан Ирилештирүү идеологиясы бизден биригүүнү да талап кылууда. Биз тууган элдер биригүүбүз керек. «Бөлүнгөндү бөрү жейт» дегендей, эгер бирикпесек, анда күчтүү боло албайбыз. Эгер бирикпесек, зор дөөлөттүү улуу элге айлана албайбыз.

Ирилештирүү идеологиясы – ал чоң өлкө­лөрдүн саясаты. Тектеш элдердин биримдигин түзүү аркылуу дүйнөлөшүү агымына каршы тура алабыз. Ошондо биз ата-бабалардын айтканын аткарып: «Улуу өлкө түзөбүз, Түбө­лүк элге айланабыз!»

Жаңы доордогу кыргыз жолу

Оболу биз талдап ала турган түшүнүм маселеси бар. Бул – Жаңы доор деген эмне, кыргыз тааным түшүнүгү эмнелерди камтыйт? – деген соболдор тутуму. Ушул мерчемден алып караганда, Багыттаманын эки фундаментал канаттары бири-бирин толуктап туруучу ой таянычтары болуп саналат. Бир канат – адамдын оюн такшалтып, акылын чогултуп, илимий ачылыш-тажрыйбаларга таянып ишке салуучу илим-билим! Экинчи канат – адамдын ички жан дүйнөсүн  аруу­лоо­чу, тазалоочу, адамзатты руханий жактан  бийик көтөрүүчү, салтка, адеп-ахлакка, даанышмандык насыяттарга сиңирилген улуу касиет – Руханият!

Жаңы доордун желаргысы жүрүп, башкача айтканда, адамзаттын ички дүйнөсү жаңыланып, салттуу жашоо-турмуш башка нукка түшүү жолу менен, күндөн-күнгө болуп жаткан саамалыктар (илимий, маданий, руханий) инсанаттын жан-дүйнөсүн ойготуп, жашоону башка ченем деңгээлде кабылдоого турмуш өзү үйрөтүүдө. Биз аны АЙКӨЛДҮКТҮН айдыңына багыт алуу деп сыпаттап жатабыз.

Демек, Жаңы доордун талаптарына ылайык жаңы адамдын калыптануусу ишке ашат. Жаңы доордун чен-өлчөмү мурунку доордукунан башкача: мезгил, мейкиндик чөйрөсү, дүйнө кабылдоо, мүнөз  күтүү принципиалдуу өз­гөрөт. Айрым илимпоздор менен изил­дөөчүлөр жааты  муну  «Алтын доор», «Суу пе­ри доору» деп  атап  келишүүдө. Дүйнөнүн 9 абройлуу илимий борбору көп жылдык изилдөөлөрдөн кийин бирдей жыйынтыкка келишип, кванттык алмашуулардын арты менен жыштыктардын өзгөрүүсү ыкчамдай баштагандыгын  айтышууда.Бул деген адам турмушунда жана жаратылыш мыйзамдарында көптөгөн күтүлбөгөн жаңылыктардын болушунан кабар берет.

Кыргызга мүнөздүү манастуулук, көч­мөн дух, ка­йып­чылдык, материалдык дүнүйөгө кайыл мү­нөз – Жаңы доорго өтүүгө кыргыз эли башынан эле даяр экендигин тастыктайт. Себеби бул мүнөз сезимталдыкты, ойчулдукту жана эр жүрөктүү­лүк­тү аныктайт. Ошону үчүн кыргыз башка кыйла улуттардан айырмаланып, ак жүрөк, көкүрөгү ачык, акылы тунук, табиятты жандуу деп түшүн­гөн элдердин алдыңкы катарында болгондуктан, анда ишенчээктик, камырабастык жана айкөлдүк жанаша жашап келет.

Кыргыз адамына таандык ичи кенендик, жөнөкөйлүк, сезимталдык жана көңүл күү­сүнүн жыргал туюму бабалардын миңдеген жылдардагы бейпил жашоосунан келип чыккан. Табияттан таалим алып, тоолордой токтоо, топуктуу бийик мүнөз күтүү менен, жан дүйнөнүн тереңине сүкүт аркылуу сүңгүп, дээр сезимдин ыргагын, көкүрөктүн дабышын тыңдай билүү – өтө эле маанилүү касиет.  

Азыркы дүйнөлүк  цивилизациянын кан жолунда бараткан адам баласы материалдык дүйнө,  илим-техника – физикалык аалам менен шартталган бакыт түшүнүгүнүн артынан куугандыктан, адамдын  ички мамырчылык менен жыргалга негизделген жеке өз ааламынан  ажырап-алыстоосу күч алды. «Ааламды тааныгың келсе өзүңө үңүл» дегендей ичибизден жыргал менен бейпилдикке тунуп турганда, биздин айланабыздагы ким болсо да аларга аруулук, ак дилдик менен карап, тынчтыкта кол кармашып жашай алабыз. Бардык жарандар умтулган текши бактылуулук – ар бирибиздеги тынчтык менен мамырчылыкта, жан дүйнөнүн аруулануусунда, дилдин тазаруусунда турат.

КЫРГЫЗ – деген улуу наамдын наркын, баркын, салтын терең түшүнүп, улут дили, тили, дини бирдей баалуу экендигин сезе билсек, жалпы адамзаттык рухказынага өз жүзүбүздү жоготпой чоң салым кошкон болобуз.

Кыргыз өзүнүн айкөлдүгү, кең пейилдиги, меймандостугу менен өзгөлөргө үлгү болуп, аалам-жердин бүтүндүгүн, табияттын жандуу­лугун кабылдап, ноосфералогиялык кубулуштарды терең түшүнгөн дээринен касиеттүү, билимдүү, даанышман эл.  Дүйнөлүк өнүгүүнүн күркүрөгөн күрөө тамырын кармаган, болочоктун куюнун сезген өзүнүн жөнөкөй, карапайымдыгы менен улуулугу улагалаш жүргөн кыргыз эли бүгүн Жаңы доордун талаптарына даяр.

Билим – жеке аракеттин туундусу, илим – чалкыган табигый мүнөздө, рух – атмандык «жабык» касиет болсо, сезим – адамдын чөйрө кабылдоосунун индикатору, же көр­сөткүчү. Жараткандын кудуретин, табияттын үнүн жана жан дүйнөнүн каалоосун сезе билген адам бакыт жолунда болот.

Эскиче ойлонгон, арамдыктын оор жүгү ныгыра басып турган  материалдык дүйнөнүн адамы – андай сезимден куру жалак болору айдан ачык. Андай кишилердин көкүрөгү туюк, сезими сокур, дили жабык болот, ойлору орой, дүйнө кабылдоосу жайбаракат. Сезими сокур адам мээримдүү болбойт; анын руханият жолу тосмолуу, сөзү менен ишинде дайыма ажырым болуп, пенделик кыйналуунун туткунунан чыга албайт. Андай адамдар менен жашоонун өзү азап болот. Алар башкаларды да кыйнап, өркүндөөнүн жолунан алыс калгандыктан, эволюциялык чен-өлчөм менен алганда, стагнация, же сенек абалда болушат.

Аалам жандуу, бүтүн, тирүү организм ал эми адам анын ажырагыс бөлүгү. «Кеңге кең, тарга тар дүнүйө», тар адам кең дүйнөгө батпайт. Пейилди кенен коюп Жаратканга жан дүйнөң менен ишенип, аруу, таза, бийик максатты аркалаган адамды дайыма ийгилик коштойт.  Адам канчалык арууланып тазаланган сайын,Теңирий улуу  агымга кошулуп, актыкты таанып, адамдык мүмкүнчүлүктөрү ар тарап ачылып, илим-билим, өнөр табылгалардын байкөл казынасына батыл аралашат.

Ооба, азыркы учурда  илим, дин жана  кайып касиеттеринин  синтези жүрүүдө десек болот.Жаңыдан сыры ачылып келе жаткан ка­йып илими – батыштын тили менен – эзоте­риология – жандуу, куунак сезимдердин маңызын туюндурган кубулуш. Кыргыз табиятына жуурулушкан  руханий жарык нурлуу дүйнөнүн бир өңүрү кадимки «Манас» жомогундагы кайыптар – башка астралдык жана менталдык-рухий Ааламдын белгиси болуп, манас айтуучу жана «Манасты» өзү менен алып жүрүүчү элдин аң-сезиминде тубаса, же генетикалык деңгээлге чейин сакталып калган ааламдык окуулардын архетиби, же Түп Башаттан калган белги.

Кара кыргыздын табиятка тамырлаш, кайыпка үндөш, аалам-жерге чабытын кенен таштаган эркин эл экендиги – «Манас», «Эр Төштүк», «Кожожаш» сыяктуу эпосторунда ачык көрүнөт. Табият, Суу темасы – биосфера айдыңы менен ноосфера (аң-сезим) илиминин айкалышкан белгилеринин руханий негизин биздин ата-бабалар өз көкүрөгүндө ала жүрүшкөн. «Суу сыйлаган зор болоор, суу кордогон кор болоор». Сыртынан караганда жөн салды гана карапайым бир ооз сөз. Тереңинен алып карасак, Суу феномени – өзгөчө касиетке ээ, космикалык байланышы бар жандуу нерсе экендигин алдыңкы дүйнө окумуштуулары (Япония, Швейцария, АКШ) акыркы 25 жыл ичинде тажрыйба жолу менен далилдеп коюш­ту. Чынында, сууну сыйлаган эл зор касиеттерге ээ болуп, өркөнү өсөт экен! Сууга кор мамиле жасаган эл экономикалык да, моралдык да, руханий да, технологиялык да, экологиялык да апааттарга дуушар болот экен. Зилзала, цунами, жер кунары качуусу, чөлдөнүү, куюн, нөшөрлүү топон, магнит бороону, кар бороону, таш учурган катуу шамал – табиятка туура эмес мамиле жасоонун кесепети экендиги илимий аныкталды.

Ошентип, Кыргыз тааным, тарых, философия, социология, психология, геология, астрономия, климатология илимдери менен катар кайып илимдеринин  негиздерин «ээрчите» жүргөндүгү зор билим булагы катары таанылууга тийиш. Кыргыз тааным илими илгеркиче айтканда, «эки дүйнөнүн сырын» камтыган жаңы доордун ачкычтарынын бири катары, нурдан, топурактан жаралган жана жер-суудагы жандыктардан башатталган эволюциялык үч бурчтуктун далили болуп кызмат аткарат деген ишеним терең. Тактап айт­канда, адамзат расалары ушул үч башаттан таралгандыгы жөнүндө илимий, диний, мифологиялык жоромолдор бар.

Кыргыз тааным – Жаңы доордо кандайча кабыл алынып, адамзаттын ааламдашкан агымына кандайча таасир эте алат, жаңы тарых кандайча уланат деген соболдорго жооп издеген ар тараптуу илим-билим тутуму болуп эсептелип, келечеги кең интеллектуалдык жана руханий маселелерди өзүнө камтыйт.

Жалпы адамзаттык өнүгүүнүн тамыры улуттук мазмунда жатат. Руханий-материалдык баалуулуктар, ал тургай илимий ачылыштар да улуттук түрдө, мазмунда өнүгөт, көбөйөт жана жалпы адамзаттык баалуулуктардын казынасын байытат. Жалпысынан алганда «Адамзаттык баалуулук» деген шарттуу гана түшүнүк. Ал кылымдардан бери чогулган улуттук маданияттын, руханий байлыктын, билим тажрыйбалардын эң мыктыларынан иреттелип жыйналат.                        

Жараткандан адам үчүн ыроолонгон улуу, ыйык сапаттарды акча артынан түшүп, темир доордун тепсендисинде калтырбай жаңыча түс, күчтүү дымак менен бийик тепкичке кайрадан көтө­рүү озуйпасы а балким чын эле байыркы элдердин бири кыргызга буюргандыр. Кут даарыган, тилеги ак бул божомолду чыныгы бо­лумушка, кадыресе турмушка ашыруу сиз менен биздин аракетибизге жараша болот.

                                                Корутунду

Биз дүйнө элдери менен ынтымакта бир туугандык сезимде өнөктөш, шериктеш, тагдырлаш маанайда өмүр кечиргенибиз оң. Адам баласы жасалма карама-каршылыктарды өзү жаратып алып, бири биринен коргонуу үчүн  орто эсеп менен эле жалпы дүң продукциясынын 30–35 пайызын курал-жарак, ок-дары үчүн жумшайт экен. Эгерде бул каражат элдердин жыргалчылыгы үчүн жумшалганда бү­гүн­кү жашоо деңгээлибиз, өнүгүү багытыбыз таптакыр башкача болбойт беле! «Жаныбарлар дүйнөсүнүн ичинде ар дайым өзүн өзү өлтүрүп, тынбай кырып отурган Адамдан өт­көн айбан бир да жырт­кыч жаныбар жок» – деп Т. Жефферсон жазгандай адам бүгүн да бири бирин өлтүрүп, бирине бири үстөмдүк кылуу саясатын улантып жатканына күбө болуудабыз.

Адамзат бурулуш жасабаса, өз жолун өзү бууйт. Чоң-кичине дебестен бүгүнкү күндө дүйнөдө канча улут өмүр кечирип жаткан болсо, ал биздин көп түрдүүлүгүбүз, кайталангыс байлыгыбыз. Улуттук ой-тутумдар менен жалпы адамзаттык асыл идеялдарга негизделген айкөлдүк жолго чыгуу аркылуу- үй бүлө, коом, улуттар, мамлекеттер масштабында системалуу иш аракеттер  жалпылап колго алынса,  албетте  тынчтыкта, жыргалчылыкта бакубат өмүр кечирген Жараткандын керемет туундусу экенин адам баласы өз колу менен көрсөтүүгө даремети жетет.

Биз кыргыздар, түпбашаттан келе жаткан салттуу жолубузга түшкөндө гана учурда күн санап жукарып бараткан адеп-ыйман, уят-абийир, сый-урмат, ар-намыс, ынтымак, биримдик маселелерин ордуна келтире алабыз. Бабалардан келе жаткан баалуулуктар – Эл, Жер, Мекен; Манас, Тил, Боз Үй; Ак Калпак, Ак Элечек, Комуз; Улуттук мүнөз, Тарых, Салт бизди Улуу журт катары бириктирип турат.

Биз эми өз ата-бабаларыбыздын жолуна түшүүгө, алардын атын, атак-даңкын кайра көтөрүүгө жана өзүбүз да ошолордой эрдик жа­сап жашоого милдеттүүбүз! Биз келечекте кандай Кыргыз дөөлөтүн тургузабыз – мына ошол тууралуу ойлонууга жана дүйнөгө үлгү болор улуу идеяларды иш жүзүнө ашырууга умтулууга тийишпиз! Биз – кыргыздар, «Асман тоолорунун арстандары!», «Моголстандын жолборстору» деген атак алган элбиз! Ата-бабалардын  айкөлдүк жолу – адилеттиктин, теңдиктин жолу! Биз ошол улуу жолду татыктуу улантууну  көздөп жатабыз.

Кан төгүү, кармашуу, тирешүү келечеги жок, пайдасыз жол. Аны эки жолку революция да көрсөттү. Бийлик менен байлык талашуу- жалпы элдин тагдыры , жаркын келечегине байланышкан маселеге салыштырганда алда канча мажес, майда маселе. Учурда   улуу максаттын урматына колдо болгон мүмкүнчүлүктөрдү, бардык руханий, илимий, материалдык, бийлик ресурстарын  бир нукка багыттоо зарылчылыгы бышып жетилди.

Азыр адамзат турмушундагы өнөкөткө айланып бараткан ач көздүктү, түркөйлүктү, көрө албастыкты түптамырынан жулуп салып, ордуна айкөлдүктүн, адилеттиктин, аруулуктун үрөөнүн  таштай турган учур келди. Ар бир адамдын көкүрөгүндө “Чоң казат” жүрүүдө. Жаңы доордун жарыгы тегиз каптай баштады, ким аракеттенсе ал сөзсүз жеңет. Орошон ой, омоктуу максат, айтылган улуу сөз- жасалган иш менен бекемделүүсү шарт.

Биз легендарлуу арий элинин урпактары катары аң-сезимибизди өстүрүү, эстутумубузду бекемдөө жана да дүйнө таанымыбызды кеңейтүү аркылуу кайра жангыс дүйнөлөшүү  агымында өз жүзүбүздү  сактап гана тим болбостон, адамзат жашоосун айкөлдүктүн жаңы сересине көтөрүүгө сезилээрлик салым кошууга жөндөм-дарамети жетишерлик элбиз.

Айкөлдүк жол – ал ар бир адамдын жан дүйнөсүнүн аруулануусу, тазалануусу, өзүн өзү таануусу, өлбөй кайра жаралуусу, коомдогу адилеттиктин орношу аркылуу динине, улутуна, жашаган өлкөсүнө карабай  жалпы адамзаттын бирдиктүү руханий түшүнүккө келүүсү менен ишке ашырыла турган жаңы доордун шайкештикке негизделген өнүгүү парадигмасы. Анын түпкү мазмунун жөнөкөйлөштүрүп эки ооз сөз менен айта турган болсок: Уңгу ишеним-бир Жараткан улуу күч! Аалам-жер-адамзат –бөлүп алгыс бир бүтүндүк! Өнүгүүнүн таянычы-руханий жана материалдык байлык! Турмуш туткасы- адилеттик! Жалпы адамзат- бир тууган! Жер шаары-жалпыбыздын үйүбүз! Дүйнөтүзүлүш карама - каршылыктардан эмес, улуу шайкештиктен турат! Айкөлдүк чындап күчүнө киргенде, түркөйлүккө орун калбайт!

Адамзаттын айкөлдүккө карай жолу-байсалдуу болсун! Жашасын  адамзаттын Алтын доору!

                                   Адабияттар:

1) Акеш Иманов “Мойт аке, Сарт аке, Тилекмат чечен”  2009-ж.

2) Ата – Бабалар табериги -2015

3) Б.Жакиев,Манас .Б-2007.16-б.Жалпылаштырып кыскартылган вариант.

4) Бернштам А.Н. Избранные труды по археологии и истории кыргызов и Кыргызстана  Т.I-II.-Б-1998

5) Осмонов.Ө.Ж. Кыргызстандын тарыхы. Б-2014

6) С.Орозбаков, С.Каралаев, “Манас” эпосу

7) С.Закиров,Кыргыз санжырасы,Б-2013,

8) “Элдик Курултай”, “Даанышман кеңеш”, “Кыргыз чоролору” к/б,“Өнүгүүнүн кыргыз жолу” Багыттамасы 2013-ж.

9) Ж.Бөкөшев, «Кыргыз философиясы»-2013

 10) К.Жусупов.»Кыргыздар» Б-1991.

11) Н.А.Аристов, ”Усуни и кыргызы или Кара кыргызы:очерки,истории быта население западного Тян-Шаня и исследование по его исторической географии”(Бишкек,Илим-2001)

12) Н.А.Аристов, “Труды по истории и этническому составу тюркских племен”(Бишкек, Илим-2003)

13) Н.Абдырахманов “Улуу баян” 2007-ж.

14) К.Исаев, “Кыргыз таануу маселелери”, “Кыргыз жолу”-2018

15) Жусуп Баласагын “Куттуу билим” , Бишкек-2015, Т.Козубековдун которгон

16) Асан Кайбылда Уулу “Күү баяны”,Бишкек -2000

17) Н.М.Карамзин. “История Государства Российского”.том.1

18) Ж.Казаболотов, Ж.Орозов, Д.Нусупов ж.б, “Улуттук платформа”

19) Темирбек Токтогазиев, Манас таануу, Кыргыз таануу багытындагы эмгектери

20) Кален Сыдыкова, “Кыргыз Тарыхы” 2007-ж.

21) Турдакун Султанов “Кыргыздардын өзөктүү санжырасы”

22) Карыбек Байбосунов “Единое Сознание Творчество”Б-2012

23) Кадыр Кошалиев “Аруулук ааламды сактайт”, ”Эмне үчүн Элдик Курултай керек?

24) Бердибек Жумабаев,”Кыргыз  таануу”-2018

25) Түзүүчү Глеб Благовещенский “Аттила” Москва-2010

26) Кыргыз Эл Биримдигинин Декларациясы -2010

27) А.Жакшылыков,”Кыргыз жолу”,”Кыргызчылык”Бишкек-2007

28) ”Кыргыз Жолу” коому,”Жол Багыт”концепциясы, түзүүчүлөр: К.Байбосунов, А.Жусубакунов, А.Саматов, К.Кошалиев -2014

29) Байас Турал,  Улуу Хурал, Бишкек -2014, Огуздар, Иделогиялык багыттама.

30) Ч.Абыкеев,  Улуттук концепция, Кыргыздын үч ыйыгы.

31) Ү.Кабылбеков, “Мөңгү” фондунун материалдары.

32) Д.Нусупов, Кыргыз элинин идеологиясы, Бишкек-2014.

33) М.Сапаев, Улуттук идеология боюнча жазган эмгектери

34) Ж.Медетов, “Кыргыз даанышмандыгы”-2018

35) Ч.Өмүралиев, Теңирчилик-1993

 36) К.Назаров, “Камбартеп” китеби, “Манастөр” долбоору

37) Ш.Кабатегин, Манас, Сөз жөнүндө чечмелөөлөрү

38) А.Темиркулов, “Мурас” концепциясы-2018

39) С.Байгазиев, улуттук идеология багытындагы макалалары

40) Туруктуу Элдик Кеңеш-ТЭКтин өз ара кызматташуу Меморандуму-2017

41) Элдик Курултай институтун коомдук-саясий системага киргизүү боюнча М.Байжиев, С.Косаков, Ч.Өмүралиев, Д.Сарыгулов, Б.Жумабаев, К.Исаев, Н.Абдырахманов, М.Мусабаев, Т.Кененсариев, Ж.Садыр Уулу, К.Осмонов, А.Бекназаров, К.Иманалиев, К.Бокоев, Н.Нарматова, С.Жапаров, Б.Абдурасулов, Б.Бөрүбашев, А.Усупбаев, А.Матубраимов,  М.Чолпонбаев, К.Дүйшеев, Э.Каптагаев, Т.Акун, К.Дүйшөбаев, А.Жолдошев, С.Дыйканов,  К.Айтикеев, Б.Нарынбаев, А.Назарбаев ж.б  бир канча жылдан бери айтып да, жазып да келе жатышкан ар кандай жанрдагы (Концепция, Конституция , мыйзам долбоорлору, макала, маек)  эмгектери эске алынды.

Түзүүчүлөр:  К.Исаев,  Б.Жумабаев,  К.Кошалиев,  Б.Турал, Ч.Абыкеев, К.Байбосунов,  А.Жусубакунов,  Э.Абдыразаков

Булак: NazarNews.kg

Последние новости