www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Байланыш курулмаларын салуу үчүн жер тилкелерин пайдаланууга жол берүүгө багытталган мыйзам долбоору демилгеленди
Бүгүн, 8-апрелде Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө жерди пайдалануу маселелери боюнча» мыйзам долбоору 1-окууда каралды. Мыйзам долбоорунун демилгечилери - КР Жогорку Кеңешинин депутаттары А. Нурбаев, У. Примов, Ж.Акаев, Д. Бекешев, М. Исаков, М. Эгембердиев, М. Бакиров.
Комитет төрагасы Айтмамат Назаров аталган мыйзам долбоору комитеттин өткөн жыйындарында каралып, айрым маселелерди тактоо максатында долбоор кийинкиге жылдырылгандыгын маалымдады. Ошону менен катар демилгечилер жана башка тиешелүү жактар менен айрым жагдайлар боюнча орток пикир табылгандыгын кошумчалады.
Бүгүнкү күндө маалымат башкы өндүрүштүк ресурска айланды. Ошондуктан, талап кылынган убакта, керектүү жерде жана ойдогудай сапаттагы маалыматты камсыз кылуу байланыш тармагынын жана телекоммуникациянын негизги иш-милдети болуп саналат. Андыктан, байланыш курулмаларын салуу үчүн жер тилкесин алууну жөнөкөйлөтүү тартиби менен учурдагы көйгөйлөрдү чечүү максатында жогоруда аталган мыйзам долбоору иштелип чыккан. Азыркы убакта байланыш менен камсыз кылуу же камтуу үчүн аныкталган жер айыл чарба багытындагы жерлердин, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын, токой фондунун, суу фондунун, мамлекеттик жер фондунун чектерине туш келүүдө. Ушуга байланыштуу, мындай тоскоолдуктарды, чектөөлөрдү, тыюу салууларды четтетүү максатында төмөнкү мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү сунуш кылынат: КР Жер кодексине, Суу кодексине, Токой кодексине, «Жайыттар жөнүндө», «Жер тилкелерин тарнсформациялоо», «Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары», «Электр жана почта байланышы» жөнүндө мыйзамдарга. Сунушталган түзөтүүлөргө ылайык, байланыш курулмаларын салуу үчүн максаттуу багытын өзгөртпөстөн, өз алдынча участокко бөлбөстөн, жердерди бир категориядан башкасына которбостон жер тилкелерин, анын ичинде жайыттарды пайдаланууга жол берилет.
Жыйынтыгында аталган мыйзам долбоорунун концепциясын жактыруу чечими кабыл алынды.
Бул маалымат тууралуу Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы билдирди.
Булак: NazarNews.kg