www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Кыргыз элим качан сен өзүңдүн улуу эл экениңди сезесиң! Качан сен бөлөктөрдү ээрчигенди токтотосуң! Качан сен өзүңдүн нарктуу жолүңа түшөсүң! Кыргызстандын келечек тагдырын Москва, Вашингтон, ПРООН-СРООНдор эмес Кыргызстандын эли чечиш керек! "Жаман үйдун коногу бийлейт." Биз качан гана сырткы күчтөрдүн таасиринен чыгып, өз күчүбүзгө ишенгенде өнүгөбүз", - деген ачуу чаңырыгын "Кыргыз жолу" коомунун төрагасы Кадыр Кошалиев билдирди. 

"Борбордук шайлоо комиссиясы бийлик бутактарына, партияларга көз каранды болуп турганда эч качан таза шайлоо болбойт! БШКнын толук курамы Элдик Курултайда ачык добуш менен шайланып, элдин кызыкчылыгына иштегенде таза шайлоо болот! Узун жомоктун кереги жок. Элдик бийликти, адилеттикти Курултай аркылуу гана орното алабыз!"- деди Кадыр Кошалиев.

Эске сала кетсек, 2017-жылдын 28-апрелинде Бишкек шаарында Кыргызстандун Улуттук Мекенчил Күчтөрүнүн биринчи уюштуруу жыйыны болуп өткөн. Жыйынга 300дөн ашык өкүлчүлүк катышып, 84 өкүл мындан ары бир максатта иш алып барууну көздөшкөн. Учурда аталган уюштуруу башчылары Республиканын баардык алгач аймактарында 17-майда, 23-майда Бишкекте борбордо өтө турган  Улуттук Улуу Курултайга даярдык жүргүзүүдө.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости