www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
17-май күнү Элдик Курултай өткөрүүнү демилгелеген топтун арасында Азимбек Бекназаров да бар. Биз бу кишиге Курултайды өткөрүүдө кандай максаттарды алдыга коюп атканын кеп кылып, ал ортодо президенттик шайлоого тиешелүү суроолорду берип, жообун алдык.
-- Азике, “17-майда Курултай өткөрөбүз” деп камылга көрүп атпайсыздарбы, кандай максат көздөп атасыздар?
-- Курултайдын максаты – Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча, мен жазган концепцияны 28-апрель күнү бир топ саясый күчтөр, саясый кыймылдар 84төн ашык уюм колдоду. Мына ошону эң ириде элге таркатыш. Конституцияга “Элдик Курултай институту бул – бийликти көзөмөлдөөчү жана багыттоочу коомдук саясый кыймыл. Жыл сайын Элдик Курултайда президент баш болуп, Жогорку Кеңештин депутаттарына чейин отчет берүүсү каралсын” деп турат. Мына ошону калың элдин катмарына жайылтуу.
-- Ошондо Курултай саясый күчкө ээ болуп калабы?
-- Ооба, саясый күчкө ээ дегеним, азыр Конституцияда “Кыргызстандын эли эгемендиктин ээси. Мамлекеттин, бийликтин бирден-бир булагы” деп жазылган. А бирок, Кыргызстандын эли бүгүн ошо бийликти, Жогорку Кеңешти шайлагандан кийин кандайдыр бир саясый күчкө ээби, ишинин отчетун угабы, туура эмес иштеп атса, “сен туура эмсе иштеп атыпсың” деп кетире алабы (?), бүгүн андай жок. Илгери, 1993-жылкы жана андан кийинки Конституцияларда: “Депутаттарды кайра чакырып алуу, президент жыл сайын элге кайрылуу жасап, отчет берип турсун” деген бар эле. Акыркы учурда ошол институт таптакыр жоголду. А биз ошондуктан элдин алдында мамлекеттик бийликтин отчеттуулугун камсыздоо максатында аракетибизди кылып атабыз. Чындап эле Конституцияга кирип калса, анда Элдик Курултай институту абдан чоң саясый коомдук күчкө ээ болуп калганы турат. Мамлекеттик бийлик ошол эл шайлаган президент, эл шайлаган Жогорку Кеңештин депутаттары жыл сайын эл алдына чыгып, иштери боюнча отчет берип калат. Эгер Курултайда эл аларды “канааттандырарлык эмес” деп тапса, анда автоматтуу түрдө, Конституцияда көрсөтүлгөн тартип боюнча кызматтарынан четтетилет.
-- Жыйында мындан башка дагы кайсы маселелер каралмакчы?
-- Элден мурун Конституцияга Элдик Курултай кирсе, анан ошого ылайык Курултайга кимдер кандай шартта делегат болуп шайланат, кандай форматта добуш беришет, Курултайды толугу менен ким каржылайт (?) маселеси конституциялык мыйзамда аныкталат.
-- Курултайда күздөгү президенттик шайлоо жөнүндө сөздөр болобу?
-- Биз жогоруда айткан 28-апрелдеги концепциябызды Жогорку Кеңешке жөнөтүп, президентке сунушубузду берип, 23-майга чейин карап, жооп бергиле дедик. Эгер ынанымдуу жооп ала албасак, анда Бишкек шаарынын 23-майында өтө турган бүткүл Кыргызстан боюнча Курултайда “мына, биздин сунушубузду четке какты же колдоду” деп айтабыз. Мына ошого жараша андан кийинки кадамдарыбыз аныкталмакчы. Шайлоо жөнүндө сурап атасыңар, дегинкисинде, өзгөчө Жогорку Кеңешке шайлоо системасы туура эмес деп атабыз. Эмне үчүн дегенде, 120 депутат эл алдында жооп бербей эле партиянын лидерлеринин алдында жооп берип атышат. Акчасы барлар гана шайланып калды. “200 миңден миллионго чейин доллар акчаң барбы? Анда сен “алтын” депутатсың. Эч жакка барбайсың, эч кимге отчет бербейсиң, жанагы Данияр Үсөновдун аялы Динара Исаевага окшоп, автоматтуу түрдө эч бир жерге жоопкерчилигиң жок, кетпес депутат болуп жүрө бересиң” дешип. Биз ушу шайлоо боюнча Элдик Курултайда айтып, элге пайдасы тийбеген партиялык тизме боюнча шайлоо системасын жокко чыгаруу сунушун киргизебиз.
-- Башка сунушуңузду уксак болобу?
-- Азыркы Конституцияда “Кыргыз Республикасынын жарандары, КР президентин, ЖК депутаттарын түздөн-түз шайлайт” деп жазылып турат. Биз президентти түздөн-түз шайлап атабыз. Бирок, Жогорку Кеңештин депутаттарын сен экөөбүз түздөн-түз шайлаган жокпуз да. Биз партияны шайлап коюп атабыз. А партиянын лидери депутаттарды өздөрү тандап алып атат. Ошондуктан, азыр да Конституция бузулуп атат. Ушуну ордуна коёлу. Эл депутаттарды тике шайласын. Жок дегенде баягы 2006-жылкы Конституциядагыдай 50 пайыз округдардан, 50 пайыз партия көрсөтүп туруп шайлансын деп атабыз. Бирок, партиялык тизме болгондо да кайсы округда, кимди шайлайт, конкреттүү түрдө көрсөтүлүшүн сунуштайбыз. А бүгүн андай жок болуп, жетишпей жатат.
-- Сандары боюнча да сөз айтылабы?
-- Сандары боюнча биз айтпайбыз. Негизги маселе катары паспорттогу кыргыз жарандары, улутун көрсөтөт деген боюнча сөз айтылат. Паспорттогу “улуту” деген графаны өкмөт жокко чыгарып салбадыбы, биз ушуну кайра калыбына келтирилсин деген талапты коёбуз. Эгер бул талап аткарылбаса, Конституциялык сотко беребиз. Азыркы Конституцияда “ар бир жаран өзүнүн кайсы этноско тиешелүү экенин ачык көрсөтө алат” деп жазылып турат. А мен каерде кыргыз экенимди көрсөтө алам? Паспортто гана көрсөтө алам, башка эч бир жерде көрсөтө албайм. Бүгүн ошону да өкмөт алып салды. Мындан кийин мен эч жерде улутум ким экенин далилдөөгө мүмкүнчүлүк болбой калды. Демек, менин конституциялык укугум бузулду. “Өзүңдүн чечимиңди жокко чыгар” деп ушуну өкмөткө жазабыз. Болбосо биз Жогорку Кеңешке кайрылабыз, андан да тыянак чыкпаса, Конституциялык сотко кайрылабыз. Бул кыргыз улутунун гана эмес, кыргыз жарандарынын укугун бузуп атат. “Кыргызмын дебегин” деп атканы жалпы кыргыз элинин кыжырын келтирип аткансыйт. 23-майда боло турган бүткүл Элдик Курултайда маселени кабыргасынан коюп, өкмөтүн баш, депутаттарын төш кыла чакырып, кенен талкуу кылып, “Чеч дөбөдө” чечүү жолун издейбиз. Эгер “Чеч дөбөдө” чечилбесе, “Чыр дөбөдө” чечүү кадамдарына барабыз.
-- Курултайда Өмүрбек Текебаев, Садыр Жапаров ж.б. камакта отурган саясый ишмерлердин маселеси каралабы?
-- Жок, биз аларды карабайбыз. Жеке эле Текебаев же Садыр Жапаров эмес, саясый куугунтук менен камалган адамдар көп. Биз Конституцияга Элдик Курултай институтун киргизип алсак, мына ошондо УКМКнын, соттун, прокурордун отчеттору каралып, алар автоматтуу түрдө Курултайда айтылып калат. “Эмне үчүн мындай камалды, эмне үчүн булардын иши жабык эшикте болуп атат?” деген маселе өзүнөн-өзү чыгат. Ошондуктан биз конкреттик бир эле адамды эмес, жалпы саясый куугунтукка алынып аткан, сөз эркиндиги муунтулуп аткан, адамдын укугу бузулуп аткан ишерди түп тамырынан бери чечиле турган Элдик Курултай институтун Конституцияга киргизели деп атабыз. Азыр президент айтып атпайбы, “52 статьяны кененирээк карасак болот экен” деп. Жарандарды гана эмес, дагы айтып коёюн, бул мамлекеттик бийликти багыттоочу жана көзөмөлдөөчү орган катары киргизилсин деп атабыз.
Булак: “АЗИЯnews”