www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстан-Россия жетекчилеринин жогорку деңгээлдеги расмий жолугушуусунда баардык маселелер ачык талкууланган көрүнөт. Баягыдай колду арта салып кучактамай, колтуктай коймой жоктугуна караганда,тараптардын ортосунда олуттуу маселелер боюнча көшөгө артында кызыл чеке сөз болгондой. 
"Кыргызстандын тагдырын Вашингтон, Москва чечпейт, кыргыз эли өзү чечет"-деген сөзүн ошол жерде да айткан болсо, биздин Президент анда азамат. Ал эми жалпы эл колдой бербеген өзүнүн жеке кызыкчылыгына, же Путиндин кызыкчылыгына ылайык долбоорду бекитип келген болсо.....анда аягы жакшы болбойт.
Кыргызстан-өз тагдырың өз колуңда! Албетте, сырткы күчтөр менен эсептешүү керек. Бирок да мамлекет катары саясий багытыбызды өз алдынча аныктап, жүзүбүзду сактап, өз мүмкүнчүлүктөрүбүзгө таянып, өз жолубуз менен гана өнүкпөсөк өзгөлөр да сыйлабайт, өзүбүз да адаша беребиз.Ак жолуң ачылсын Кыргызстан!

Кадыр Кошалиев

Булак: NazarNews.kg

Последние новости