www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абад облусундагы айылдардын биринде туулуп, орто жашаган үй-бүлөдө чоңойдум. Атам кичине кезимде эле каза болуп калып апам алты баласын эптеп жалгыз бой багып чоңойтту. Ашык оокат, жакшы дүйнө бизде болгон жок. Үйдө эжелеримдин эскисин кийип, мектепте орто окудум. Мен окуучу кезде айылдагы маданият үйүнө концерт көп келер эле. Иштердин баарын жасап апама эптеп жагалданып атып оюнга суранып кетчүмүн. 10-класста окуп жүргөн күндөрдүн биринде адаттагыдай эле концерт келип кыздар менен барып калдым. Концерт бүтүп, артынан дискотека болду, абдан көңүл ачтык. Түнкү саат 12лерде концерт аяктап кыздар менен үйдү көздөй бет алдым. Жолдон мен сыртынан гана тааныган өзүмдөн төрт жаш улуу айылдаш бала токтотуп калды. Жанымдагы курбу кыздарыма: «Силер бара бергиле, өзүм жеткирип коём», - деп өкүм менен унчукту. Кыздар мени бир, аны бир карап өз жандарынан чочулашты го, бат эле кетип калышты. Ал жигит ар кайсыны сүйлөп: «Көчөгө сейилдеп басып келели», - деди. Мен: «Апам урушат», - дегеним менен жалгыз кетип калуудан да корктум. Айла жок макул болуп катарлаш басып жөнөдүм. Көчөнүн ылдый жагы тарапка бет алдык. Улам ылдыйлаган сайын денемди коркунуч каптап баратты. Айылдын ылдый жагына барганда ээн турган жаман үйдүн жанына туруп калды. Бир жамандыкты сезгендей жүрөгүм шуу дей түштү да: «Байке, апам мени издеп аткан болсо керек, үйгө барайынчы», - дедим. Ал дароо мени колдон алып баягы ээн үйгө алып жөнөдү. Мурда жакшына сүйлөп жаткан неме заматта жырткычка айланып: «Чечин», - деди. «Байке, суранам тийбеңизчи?» - деп жалдырап жаттым.

Бирок ал эч нерсеге карабай мени өзү билип эле чечинтип максатына жетти. Менин абийирим ак шейшепте эмес, кара топуракта калды. Өкүндүм, ыйладым. Чачтарым, денем боз топурак болуп, өзүмдөн-өзүм жийиркенип жаттым. Эргул ишин бүтүрүп туруп эшикке чыкты. Эгер мүмкүн болгондо, ошол жерден өз жанымды кыймакмын. Андай болгон жок, жер караганым менен жердин катуулугунан гана калдым.

Жаздын күнү эле. Эшикке чыксам мага боору ооругандай ай жарыгын чачып, айлана азыраак жарык болуп калыптыр. Тиги бала эч нерсе болбогондой тамеки чегип отурат. Ага бир ооз үндөбөй үйгө карай жөнөдүм. Ал артымдан келе жатты. Үйгө келсем баары тынч уйкуда экен, апамдарды ойготуп албайын деп коркконумдан чала-була жуунуп, көз жашым калбай калганча ыйлап жаттым. Жан жерим зырылдап ооруп турду. “Эмне кылам, мындан аркы жашоом эмне болот? Кантип турмушка чыгам?” деген ойлордон жүрөгүм тилинип жатты. Мени зордуктаган баланы сотко берсем, айылга, мектепке өзүм эле шерменде болорум белгилүү эле. Ага тийип анын аялы болуп жашоону деги эле элестетким келген жок. Акыры аргасыздан бул тууралуу эч кимге ооз ачпоону чечтим. Кийин ал баладан өч аларымды да ойлонуп койдум. Бул иш ошол түнкү караңгылыкка гана белгилүү болуп, зордукчул бала экөөбүздүн ортобузда гана калды. Аны көчөдөн көрүп калсам артымды карабай качып, экинчи анын алдынан чыкпаганды тилеп жашап калдым. Баягыдай каткырып күлүп, шарактап жүрүүнү унуттум. Жагымсыз окуя эсимден кетпей жүрөгүмдү өйүп жүрдү. Сөз айткан жигиттерге макул болмок тургай, алардан да коркчу болуп калгам. Мага балдардын баары коркунучтуу көрүнчү.

Жыл айланып мектепти аяктадым. Акыркы сынактар болуп жатканда баягы зөөкүр жолугуп: «Сени кыздык белгиңден мен ажыраткам, сени алам», - деди. Албетте, ага макул болгон жокмун. Менин жүрөгүмдө ага болгон кек гана калган. Сынактар аяктап окуудан биротоло бошодум. Бизди окутканга апамдын шарты жок эле. Бирок мен окубасам да айылдан кетишим керек болчу. Ошондуктан токтолбостон туугандар аркылуу Москвага иштегени кетип калдым. Ал жакка барып айылда болгон окуянын баарын эстебегенге аракет кылып жаңы жашоо баштадым. Мезгил баарын айыктырат эмеспи, бара-бара өзүмө келип, жакшы ойлорду ойлоп жашоого да жетиштим. Ушул маалда жүрөгүмдө жылуулук пайда болуп бирге иштеген баланы жактырып калдым. Токтоо, келишимдүү, күчтүү, кыскасы, эркекке керектүү сапаттардын баарына ээ жигит эле. Бактыма жараша, ал да мени жактырып калыптыр. Бат эле мамилебиз жакшы уланып кетти.

Эсимде, мага туура бир жыл мурун 10-февралда сүйүүсүн билдирди. Жактырган адамыңдын сага болгон сезимдерин уккандан өткөн бакыт жок экен. Кубанычым койнума батпай сүйүндүм. Жумуштагы балдар менен тамашалашып койсом, абдан кызганар эле, эмнегедир мага анын бул кызганганы жакчу. Экөөбүз бир жерде эле иштебестен, бир батирдин эки башка бөлмөсүндө жашачубуз. Күнү да, түнү да бирге элек, сөзүбүз такыр түгөнчү эмес. Бир күнү баары кетип батирде экөөбүз эле калдык. Бири-бирибизге эркелешип, өбүшүп отуруп ал мени аларын айтты да, экөөбүз кошулуп алдык.

Албетте, ал менден кыздык белги күткөн, бирок аны көргөн жок. Жигитимдин өңү купкуу болуп кетти. Көзүмө жаш алып өткөн окуяны төкпөй-чачпай айтып бердим. Ал туура түшүнмөк турсун, «башында неге айтпадың, сен менден жашырдың, өмүр бою кылган кылыктарыңды жашырып өтөсүң, сага ишенбейм», - деп урушуп туруп кетти. Биринчи жолу менден көңүлү калды. Мен өзүмдү-өзүм кечире албай көпкө ыйлап жаттым. Арадан бир аз күн өткөндөн кийин мени кечирип кайрылып келди. Ошондон баштап экөөбүз кадимки аял-күйөө сыяктуу эле мамиледе болуп калдык. Анан боюмда болуп калды. Экөөбүз ошол жактан эле баш кошуп жашай берели деген элек. Бирок апам: «Эл укса шерменде болобуз, келип алдымдан өтүп кетишсин, анан турмушка чыгасың», - деп каршы болуп туруп алды. Жигитим: «Апаң каршы болуп жатса, кантип бактылуу болмок элек, азырынча баланы алдырып туралы. Кийин деле балалуу болуп жетишебиз», - деп мени көндүрдү. Москвадагы кыргыздар иштеген ооруканалардын бирине барып эки айга жете элек, жаңыдан гана жаралып келе жаткан түйүлдүктү дары ичип түшүрдүм. Дарыгерлер таблетка менен түшүргөндүн анчалык зыяны жок экенин, кийин төрөрүмдү айтышты. Баладан кутулгандан кийин жигитим такыр өзгөрүп кетти. Бир күнү күтүүсүздөн: «Сени бактылуу кыла албайм. Бактыңды башкадан изде», - деди. Мен үчүн жер астын-үстүн болуп, төшөктөн турбай ыйлап жаттым. Стресске түшүп, эч нерсеге көңүлүм чаппай калды. Азыр менде эң бактысыз, кызыксыз күндөр өтүп жатат. Азыр деле баягы батирдин эки бөлмөсүндө жашайбыз. Менин абалым аны ойлондурбагандай. Салкын гана мамиле кылып мага сүйлөбөйт. Аны эмне өзгөрттү, билбейм, башым жетпейт. Жүрөгүм тилинип, жашоом караңгы болуп баратат. Мен аны сүйөм, башка адам менен жашоону элестете да албайм. Азыр баланы алдырып салганыма абдан өкүнөм. Алдырбай койсом, балким, жигитим менден кетпейт беле деген ой келет. Бир кездеги каргашалуу күн үчүн минтип жигитимден да, наристемден да айрылдым. Алдыда бактылуу болорума да көзүм жетпей ызам артат...

Булак: "lady.kg"

Последние новости