www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жаңы Конституция кыргыз элинин улуттук баалуулуктарына, каада-салтын жана үрп-адатын сактоого багытталган көп беренелерди өзүнө камтыйт. Бул тууралуу Конституциялык кеңешменин мүчөсү, «Кыргыз жолу» бириккен руханий коомдун төрагасы Кадыр Кошалиев «Кабар» агенттигине билдирди.
Конституциялык кеңешменин мүчөсү белгилегендей, жаңы Конституцияны иштеп чыгууга көптөгөн эксперттер, ар кайсы тармактын окумуштуулары, коомдук ишмерлер катышты.
«Көп күчтү талап кылган чоң иш аткарылды. Көптөгөн сунуш-пикирлер айтылды. Чечим кызуу талаш-тартыштын негизинде кабыл алынды. Кеңешменин эң башкы жетишкендиги – элдик бийликти түзүү болду. Жаңы Конституцияда деле мындан дагы кылдат изилдеп чыгууну талап кылган учурлары бар экенинде сөз жок, бирок жалпысынан бул ирет Конституцияга улуттук баалуулуктарды жаратуу жана сактоого багытталган беренелерди киргизүүгө мүмкүн болду», - дейт ал.
Анын айтымында, жаңы иштелип чыккан Конституцияда Элдик курултай мурдагыдан бир кыйла кеңейтилген түрдө көрсөтүлдү, бирок анын бир катар мүмкүнчүлүктөрү мурдагыдай эле эске алынган жок.
«Элдик курултай – бул элдин багыты. Анын мааниси элде бийликке түз таасир этүүнүн каражаты болуш керек дегенге барып такалат. Башкача айтканда, бул орган ооздуктоочу, андан дагы тагыраак айта турган болсок, бийликти бир колго топтоого каршы бөгөт болушу абзел. Биз Элдик курултайдын мүчөлөрү Борбордук шайлоо комиссиясынын тизмесинде болсун, судьяларды тандоого катышсын деген сунушубузду айттык. Бирок бул учурлар өткөн жок.
Ушак айткан учурда адам мыйзам тарабынан куугунтукталбашы керек деп кабыл алдык. Логикага сала турган болсок ушак айткан адам жоопкерчилик алыш керек да», - деди Кошалиев.
Жыйынтыгында ал башкаруу формасы жана президенттин ыйгарым укуктары тууралуу ою менен бөлүштү.
«Жаңы Конституция боюнча бизде президенттик өлкө. Ушуга байланыштуу Баш мыйзамда президенттин ыйгарым укуктары өтө көп. Бирок бул укуктар жоопкерчилик менен коштолгон. Мына ушундай шартта токтотуучу күч катары Элдик курултай чыкмак», - деди ал.
Булак: NazarNews.kg