www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары Артур Медетбеков чек ара маселелерин жер алмашуу, участок алмашуу жолу менен чечүү керек деген пикирин билдирди.
"20 жылдан бери чек ара маселелери чечилбей келе жатат. Көптөгөн чыр-чатак, жаңжалдар чыкты. Жоготуулар болду. Мындан улам элдин ишеними кетип калды. Бул маселени чечиш үчүн бүгүнкү бийлик саясий эрк менен чоң кадамга барышы керек. Коңшу өлкөлөр менен жер алмашуу, участок алмашуу жолу менен, дипломатиялык жол менен чечиши керек. Болбосо чек ара көйгөйү жакын арады чечилбейт. Бийликтин алдыга койгон максаттары чоң, билекти түрүп, алдыга жакшы кадамдарды коюп баштады. Андыктан күтө туралы. Сөз жүзүндөгү аракеттер ишке ашабы же жокпу 1-2 айдын ичинде белгилүү болот. Ошондуктан бул ишти тездетип, архивдик документтерди таап, анын карапчыгып, активдүү иш-алып барса бул маселе батыраак чечилет. 1-2 айдын ичинде чек-ара боюнча иштер алдыга жылбаса анда элдин нааразылыгы күчөйт", - деди Медетбеков.
Булак: NazarNews.kg