www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Кыргызстан балдардын өлүмүн азайтууга жетишти», - деп билдирди Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун директору Камчыбек Узакбаев.
Анын айтымында, бул үчүн бир катар иштер аткарылган.
«Биз биринчи кезекте үй-бүлөнү пландаштыруу тутумун киргизип, кош бойлуулук мезгилиндеги камкордукту күчөттүк. Эмдөө бир кыйла жакшыртылды. Мындан тышкары балдарга медициналык жардам көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн арттырдык. Ушул ишке байланыштуу биз ымыркайлардын өлүмүн кыскартууга жетиштик», - деди ал.
Узакбаев жаш балдарга медициналык жардам көрсөтүү мүмкүнчүлүгү дагы жогорулаганын белгиледи.
Булак: NazarNews.kg