www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
--Кадырбек ага, КР жараны катары айтсаңыз, Тарых музейиндеги чыгым сизди кандай ойдо калтырды?
--Тарых музейи үчүн канча акча коротсо да каршы чыккан болбос.Ата бабанын жолун улап баскандар таазим кылуучу ыйык жай да. Дос, душман көрөт. Карыз алган акчанын кашайтып, теңин бул жерден жегени да өкүндүрөт. ТЭЦтен чыкканы аз беле? Эми, Түндүк-Түштүк жаңы курулуп жаткан жолдон, Датка-Кемин электр линиясынан солонгон акчалар кыргыздын эмес, кытайлардын оозун Ошту каратпаса болду! Баарын АША менен "Саша" ачык, жабык көзөмөл кылгандары билинип эле турат. "Демократия", - деп айкырып алты партияны парламентке алып келип, анан бир зөөкүрдүн оозун карап, шоопуруна, жансакчысына, балашкаларына өйдө карай албай "чөгөөлөп" эптеп бир кызматка илешип жүрсөм болду, деген кыргыздын жигит кыздары уялыш керек. Система алмашпаса бул схема, адамдары менен кала берет. Чабактарды камап, жаяндарды чоочутканы менен маселе чечилбейт. Системаны алмаштырмак турсун тиги зөөкүрдүн экс деген кол тийбестигин алышка жол таппай турган "мээлерге" не дейсиң?
--Рахмат.
Эске сала кетсек, Мамлекеттик тарых музейине мамлекеттен жалпысынан 1,5 млрд.сом бөлүнгөн. Анын 700,0 млн. сому оңдоп-түзөө иштерине, 864,4 млн. сому экспонаттарды коюуга, жабдыктарды оңдоого арналган. Буга чейин парламентеги «Ата Мекен» фракциясынын жетекчиси Алмамбет Шыкмаматов музейди оңдоп-түзөө иштеринде баалар жогору көрсөтүлгөнү тууралуу маалыматтар бар экенин айтып чыккан. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай, коммуналдык чарба боюнча мамлекеттик агенттиктин басма сөз кызматы “Азаттыкка” кабарлады.
Мамлекеттик тарых музейинде 135 миңден ашык буюм-тайым турат. Музей оңдоп-түзөө үчүн 2016-жылы 25-мартта жабылган. Тилекке каршы, музейдин ичине алынган буюмдар элдин оозун ачырып, көзүн алайтты.
Булак: NazarNews.kg