www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
--Тимур мырза, жаш саясатчы катарында айтсаңыз,Тарых музейиндеги чыгым сизди кандай ойдо калтырды?
--Тарых музейиндеги чыгымдар ар түрдүү ойлорго түртөт, анын баары эле жакшы эмес. Жанагы жыгач ат, ушунча кымбат жыгач болобу?! 14 миң евро эмне деген акча, бир бөлмөлүү батирдин баасы, 600 доллардык аттиштерден соң анын реалдуу баасын атайлап ашыкча кылып көрсөтүшкөн деген шек-саноолор келип жатат. Менимче, Тарых музейдин ремонт иштерине кеткен чыгымдарды, ж.б, чыгымдар боюнча толугу менен аудит жүргүзүш керек.
--Рахмат!
Эске сала кетсек, Мамлекеттик тарых музейине мамлекеттен жалпысынан 1,5 млрд.сом бөлүнгөн. Анын 700,0 млн. сому оңдоп-түзөө иштерине, 864,4 млн. сому экспонаттарды коюуга, жабдыктарды оңдоого арналган. Буга чейин парламентеги «Ата Мекен» фракциясынын жетекчиси Алмамбет Шыкмаматов музейди оңдоп-түзөө иштеринде баалар жогору көрсөтүлгөнү тууралуу маалыматтар бар экенин айтып чыккан. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай, коммуналдык чарба боюнча мамлекеттик агенттиктин басма сөз кызматы “Азаттыкка” кабарлады.
Мамлекеттик тарых музейинде 135 миңден ашык буюм-тайым турат. Музей оңдоп-түзөө үчүн 2016-жылы 25-мартта жабылган.
Булак: NazarNews.kg