www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров Владимир Путинди өмүрүнүн аягына чейин Орусиянын президенти кылууну сунуштады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Кадыров республика жетекчилери менен өткөргөн видеожыйында Орусиянын президенти тууралуу айтып, азыр «аны эч ким алмаштыра албай турганын», ал сыяктуу «дүйнөлүк масштабдагы лидер жок экенин» билдирди.

«Путиндин тушунда Чеченстан гүлдөп-өнүктү. Бүгүн биз укуктук мамлекетте, Орусия Федерациясында жашап жатабыз», — деген Кадыров. Сөзүнүн аягында ал Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча референдум жөнүндө айтып, республика жашоочуларын добуш берүүгө чакырган.

Конституцияга сунушталып жаткан өзгөртүүлөрдүн бирине ылайык, Путиндин буга чейинки президенттик мөөнөттөрү жокко чыгарылып, ал өлкөнү 2036-жылна чейин башкарууга мүмкүнчүлүк алат.

Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Орусиянын Конституциясында кимдир-бирөөнүн өмүр бою президент болуусу каралбаганын билдирди.

Кадыров 2018-жылдагы президенттин шайлоонун алдында да Путин Орусияны «өмүрүнүн аягына чейин» башкарышы керектигин айткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости