www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тоолуу Бадахшан автоном облусунун Рушан районунда жергиликтүү маңзат аткезчилерине колдоо көрсөтүү айыбы менен «жаштардын тобу» кармалды. Бул тууралуу Тажикстандын Ички иштер министрлигине таянып, Бобордук Азия жаңылыктары жазып чыкты.

Июнда Рушандын тургундары Улуттук коопсуздук комитетинин (УКК) атайын операцияларына тоскоолдук кылуу айыбы менен жергиликтүү жашоочулардын кармалышына каршы эки жолу нааразылык акциясына чыгышкан.

Майдын башында УКК кызматкерлери «маңзат аткезчилиги менен алектенген уюшкан кылмыштуу топтун башчысы» Шароф Кобиловду колго түшүрүү операциясын өткөрүшкөн. Анын жүрүшүндө атайын кызматтын райондук бөлүмүнүн башчысы жаракат алган.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) 1-майда маңзат аткезчилигине айыпталып Рушан районунун эки тургуну Шароф Кобилов менен Фирдавс Гадомамадов кармалганын билдирген. Азырынча бул иш боюнча сот качан башталары белгисиз.

ИИМдин маалыматына караганда, камакка алынган маңзат аткезчилерин колдоп чыккан жергиликтүү үч тургун беш суткадан 15 суткага чейинки мөөнөттөргө камакка алынышты. Мындан тышкары дагы беш тургун «майда бейбаштык» иши боюнча күнөөлүү деп табылып, ар бири 406 сомониден (40 долларга жакын) айып пул төлөөгө милдеттендирилди.

Бийликтин маалыматы боюнча камакка алынган Кобилов менен Гадомамадов буга чейин соттолушкан. Акыркы жылдары Ооганстандан Тажикстанга аткезчилик жол менен маңзат ташып келишкен.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости