www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкекте кафедеги ок атууга байланыштуу Биринчи Май райондук ички иштер бөлүмүндөгү жооптуу кызматкерлерге кылмыш иши козголду. Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдиргендей, ишти аталган райондун прокуратурасы териштирип жатат.
Эске сала кетсек, Бишкек ШИИБнин кызматкери табелдик куралы менен өзүнүн кесиптеши – мамлекеттик адистештирилген кайтаруу кызматы башкы башкармалыгынын (ГУГССО) милиционерин аткан. Окуя И.Ахунбаев көчөсүндөгү “Империя пиццы” кафесинде болгон.
11-сентябрдан 12-сентябрга караган түнү кылмыш иликтөө бөлүмүнүн офицери кафеде эс алып отурган. Ал жерде ГУГССОнун кызматкери да болгон. Экөөнүн ортосунда айтыш чыгып, биринчиси өз кесиптешине карай ок чыгарган.
Жабырлануучу өз учурунда ооруканага кайрылган эмес жана биринчи күнү арыз да жазган эмес. Бирок, жарааттын олуттуулугун түшүнгөндөн кийин ооруканага келген. Октон жараат алгандыгын врачтар кабарлаган.
Бишкек ШИИБнин башчысы Сталбек Рахманов окуянын күнөөкөрү жумуштан четтетилгенин билдирди. “Кызматтык иликтөө жүргүзүүдөбүз. Материалдарды прокуратурага өткөрүп бердик. Күнөөкөрдү жумуштан тескери мотив менен алышабы, тергөө чечет”, - деген Сталбек Рахманов.
Табелдик куралдан ок аткан милиционерге карата Кылмыш-жаза кодексинин 234-беренеси (Бейбаштык) менен иш козголду. Анын кылмышын жашырды деп кесиптештерине 304 (Кызматынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 305-беренелери (Кызматтык ыйгарым укуктардан аша чабуу) менен кылмыш иши козголду.
Булак: NazarNews.kg