www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызмын деп от болуп күйүп жаша!

Кыргызсыңбы,кыргызча сүйлөп жүргүн ,
Ошол сенин кыргызга күйгөндүгүң. 
Сыймык менен кыргызча сүйлөп турсан,
Ошол сенин мекенди сүйгөндүгүң!

Кыргызсыңбы,тилиңди сүйүп жаша,
Ыйык тилди жүрөккө түйүп жаша.
Кыргыз деген элиң бар касиеттүү,
Кыргызмын деп от болуп күйүп жаша!

Сооронбай Жээнбековго

Эмне бар уурдалбаган жоголбогон,
Кай жерде, эмне калды тонолбогон. 
Канча жыл,канча бийлик алмашса да,
Кашайып кыргыз болду оңолбогон.

Калың журт тазарууну самап турат,
Качан деп ар бир күндү санап турат. 
Ишенип сизден гана үмүт кылып,
Калкыңыз карапайым карап турат. 

Бийликте..,жалаң байлар чечип калган,
Нан издеп..,жаштар тентип кетип калган. 
Катуураак болбосоңуз болбой калды,
Жемкорлук жетээр жерге жетип калган.....

Маматкадыр

Булак: NazarNews.kg

Последние новости