www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Адам жакшылык, жамандыкта сыналат дейт эмеспизби. Мамлекет да жакшылык, жамандыкта сыналат экен. Улуттун улуулугу, мамлекеттин бакубаттуулугу адамдардын идеялаш, командалаш боло алгандыгында, жалпы кызыкчылык үчүн керт башынын жыргалчылыгынан баш тарта алган, керек учурда жеке таарынычтарын унута алган адамдардын болгондугунда.
Тирүү болсо бүгүн 80 жашка чыкмак деп шыпшынып, өкүнүп отурган кашкөй акыныбыз Жолон Мамытовдун “Америка кайгыдан да жасайт бизнес” деп жазганы бар. Ошол сыңары кайгыда да бизнес жасап жиберчү шумпайлар көбөйдү.
2010-жылдагы Ош окуялардында белгилүү эле, таанымал инсандар жашоочуларды кыпкызыл доллар алып коопсуз аймактарга БТР менен ташып жатышканын өтө ишенимдүү адамдардан угуп, келмем оозуман түштү эле. Оштун жарымын сатып алып койгон байбача Ошту калыбына келтирүү дирекциясы курган үйлөрдөн 4 квартира алып алганын угуп, жакабызды кармаганбыз.
Кечээ короновирус карааны жакындаганда чайкоочулар унду 2 эсеге чейин көтөрүп жиберишти. Шаар аралык каттаган таксисттер болсо бааны самолеттун баасын теңеп салышты. Эми байып кетишээр бекен, байкап туралычы...
Мына бүгүн шумдук кабар уктум. Бир орган адамы өткөрмө талондорун пулдап жибериптир. Бир бок курсактын айынан канча мээнет күйдү, текшерүү күчөдү. Эртеңден тарта тиркеме аркылуу иштеген онлайн пропускалар ишке кирет экен. Ал тиркеменин да эбин таап, жасалмасын чыгарып жиберишпесе экен деп кооптонуп турам.
Нургазы Мусаев, NazarNews.kg