www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жакшы жаӊылык: Бүгүн, 3-апрель күнү Жалал-Абад облусунун Кербен шаарында бир адам COVID-19 коронавирусунан айыгып, ал Жугуштуу оорулар ооруканасынан чыгарылды. Бул тууралуу аталган мекеме NazarNews маалымат агенттигине кабарлады.

Ага кошумча, дарыгерлер бейтапка жакшы сөздөрүн айтып узатышты.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда жалпысынан коронавирус 130 кишиге жукканы тастыкталган. Алардын ичинен бул илдет Жалал-Абад облусунда – 61, Ош облусунда – 30, Чүй облусунда – 6, Баткен облусунда – 3, Ош шаарында – 10, Бишкек шаарында – 14, Нарын облусунда – 4, Ысык-Көл облусунда – 2 кишиге жуккан.

Булардын ичинен 72си аялдар, 58и эркектер. Ондон ашуун балдар бар. Ошол эле учурда беш адам айыгып чыкты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости