www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин колдоосу аркылуу “Тумар” радиосу менен биргеликте кыргыз эстарда жылдыздары өз үйүнөн онлайн режиминде концерт берип баштады.

Биринчилерден болуп Кыргыз Республикасынын эл артисти Гүлнур Сатылганованын концерти болду.

Онлайн концерт кечээ, 2-апрелде кечки саат 21:00 башталып, бир жарым саатка улантылды. Үй шартында уюштурулган концерт профессионалдык техника менен тартылып, Tumar TV ютуб каналынан жана Маданият министрлигинин Фейсбуктагы расмий баракчасы аркылуу көрүүчүлөргө сунушталды. Онлайн концерт учурунда 7000ден ашуун жарандар түз эфирден көрдү.

Гүлнур Сатылганова концерттин жүрүшүндө учурдагы кырдаалда кызмат кылып жаткан медицина жана күч органдарынын кызматкерлерине ыраазычылык билдирип, кыргызстандыктарды үйдө болууга, карантиндин эрежелерин сактоого чакырды.

Концертте Гулнур Сатылганованынын уулу Арназ дагы катышып, англис тилинде ырдап берди. Бул сыяктуу концерттер карантин учурунда дагы уланат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости