www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

20-декабрга белгиленген парламенттик кайра шайлоого катышуу ниетин билдирген партиялардын арасында 4-октябрдагы шайлоодо биринчи орундарга чыккан эки партия жок. Борбордук шайлоо комиссиясынын (Боршайком) маалыматына караганда, кайра шайлоого катышууну каалагандардан маалымдама кабыл алуу мөөнөтү 24-октябрда аяктады.

Жалпысынан 48 партиядан маалымдама түштү, алардын арасында 4-октябрдагы шайлоодо алдыга чыкканы айтылган “Биримдик” жана “Мекеним Кыргызстан” жок.

4-октябрда Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо өткөн. Ага катышуу ниетин 44 партия билдирип, натыйжада 16сы расмий каттоого алынган. Шайлоонун баштапкы жыйынытыгы боюнча жети пайыздык шайлоо босогосунан “Биримдик”, “Мекеним Кыргызстан”, “Кыргызстан” жана “Бүтүн Кыргызстан” өткөнү кабарланган.

5-октябрда шайлоонун жыйынтыгына нааразы партиялар Бишкекте тынчтык митингин өткөргөн. Ошол түнкү башаламандык бийликтин алмашуусуна алып келген.

9-октябрда Боршайком шайлоонун баштапкы жыйынтыгын жокко чыгарып, кийин кайра шайлоону 20-декабрга белгилеген. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости