www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

  Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров бүгүн, 26-октябрда Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеевди кабыл алды.

Анын жүрүшүндө мамлекеттик кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалды турукташтыруу боюнча чаралар талкууланды.

Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Баткен районунун Үч-Дөбө айылындагы 25-октябрдагы окуя тууралуу маалымат берди. Анын маалыматы боюнча, Тажикстандын жарандары чек аранын талаш тилкесинде суу түтүктөрүн орнотуп башташкан. Кыргызстандын чек арачыларынын мындай иштерди токтотуу боюнча бир нече жолку талаптарына Тажикстандын жарандары көнгөн эмес, жыйынтыгында кыргыз тарап асманга эки ирет ок аткан.

Азыркы тапта курулуш иштери токтотулган, тажик тарап менен сүйлөшүүлөр жүрүүдө, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана ички иштер органдарынын өкүлдөрү тарабынан да калк арасында түшүндүрүү иштери жүрүп жатат.

Садыр Жапаров чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча маселелерди бир гана тынч сүйлөшүүлөр аркылуу чечүү маанилүү экенин белгиледи.

«Чечилбеген көйгөйлөр болбойт. Тигил же бул маселени тынч сүйлөшүүлөр аркылуу чечсе болот», деди ал.

Ошондой эле Садыр Жапаров коңшу өлкөлөр менен чек арадагы талаштарды тездетип чечүү зарылдыгына токтолду. Ал жакын арада чек арадагы көйгөйлөр менен жеринде таанышуу максатында Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарына бир нече күнгө иш сапары менен барарын айтты.

«Келечекте мындай окуялар болбош үчүн бул маселени чечүүнү улам артка жылдыра берүүгө болбойт. Чек арадагы райондордун тургундары тынчтык жана туруктуулукта жашашы керек», - деди Садыр Жапаров. 

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости