www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Былтыр күйүүчү май жүктөгөн ири көлөмдөгү унаа Чычкан капчыгайынан кырсыкка учурап сууну булгаган. Ошондо балыкчылардын шоруна калып, кыйла кыянаттык кылганын билгенбиз. Ошондо атайын балык менен шугулданып нанын тапкандар ызылдаган бойдон тим калышкан. Алардын зыянга учураган чыгашасын эч кимиси толтуруп берген эмес.
Жакында кайрадан ушул өзөнгө 38 тонна күйүүчү май жүктөгөн чоң машине кулап түшүп сууну булгап, балыктар кырылды. Маселен, Токтогул районундагы Жаңы-Жол айылындагы Аманжан Борбиевдин көлмөсүндөгү балыктардын кырылышы мунун айкын күбөсү. Орточо эсеп менен 2 жарым тоннага жакын балыкка зыяны тийди. Балыкка эле эмес элдин ден-соолугуна да залака келгенин кыстара кетели. Эми бул деген кырсык да деп кутулуш абдан оңой. Тилекке каршы мындай калпыстыктарга жол бергендердин жазасын ким берет? Ошондуктан күйүүчү май ташыган тармактардын кожоюндарына, айдоочуларга жакшылап түшүндүрүү иштерин жүргүзүп койбосок болбойт. Ал тургай мындай кырсыктардын кесепетин толтуруу максатында атайын каражат бөлүнүшү кажет. Ошондо жок дегенде зыян тарткан ишкерлерге кичине тыгынчык болмок.
Булак: "Ачык сөз"