www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңеште бүгүн Улуттук банктын эсебинен республикалык бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү демилгеси көтөрүлүүдө. Бул боюнча Жогорку Кеӊеште каралган «Улуттук банк, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамына өзгөртүүдө айтылат. Долбоор бүгүн экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлүп кабыл алынды.

Каржы министрлигинин өкүлүнүн айтымында, мыйзам долбооруна ылайык, Улуттук банктын пайдасынын эсебинен бюджетке которулуучу коюм өлчөмүн 70 пайыздан 90 пайызга көтөрүү демилгеси сунушталууда. Анткени, Улуттук банк буга чейин бюджетке Салык кодексинде каралаган салык түрлөрүн төлөбөй келген.

Улуттук банктын акыркы жылдардагы ишин талдоо анын пайда табуу менен иштегенин көрсөтөт (2011-жылы — 2251 млн сом, 2012-жылы — 782 млн сом, 2013-жылы — 444 млн сом, 2014-жылы — 5 млрд 395 млн сом, 2015-жылы — 6 млрд 542 млн сом, 2016-жылы — 3 млрд 777 млн сом), ошондой эле чет өлкө валюталар менен алтынды жаңы баалоо резерви дагы оң болуп чыкты.

70 пайыздык коюмдар боюнча Улуттук банк тарабынан 2015-жылы 2014-жыл үчүн бюджеттин киреше бөлүгүнө 3 млрд 777 млн сом которулган, 2016-жылы 2015-жыл үчүн 4 млрд 579 млн сом которулган, 2017-жылы 2016-жыл үчүн 2 млрд 643 млн сом которулган. Ал эми которуу 90 пайызды түзсө, бюджетке 2015-жылы 4 млрд 856 млн сом, 2016-жылы 5 млрд 888 млн сом, ал эми 2017-жылы 3 млрд 399 млн сом түшмөк.

Эгерде Улуттук банктын пайдасы акыркы жылдардагы деңгээлде сакталса, аталган мыйзам долбоорунун кабыл алынышы республикалык бюджетке кошумча 500 млн сом көлөмүндөгү каражаттын түшүшүн камсыз кылмак. Улуттук бактын төрагасы Толкунбек Абдыгулов ушу тапта резервде 7 млрд сомго жакын акча топтолуп калганын айтты. Анын пикиринде, эл аралык саясатынын талаптарына ылайык, резервдеги каражатка тийбеш керек.

Ошондой эле, ал улуттук валютаны Кыргызстандын өзүндө чыгаруу демилгесин ишке ашыруу зарылдыгы белгиленди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости